МАДАНИЯТ ӨКҮЛДӨРҮ КИНОТЕАТРЛАРДЫ АЧУУНУ ТАЛАП КЫЛЫШУУДА

3-ноябрь күнү Бишкекте маданият өкүлдөрү, продюсерлер жана режиссёрлор катышкан маалымат жыйын өттү. Жыйынга катышкан кинорежиссёр, продюсер Эрнест Абдыжапаров, ырчы Съездбек Искеналиев, режиссёрлор Айбек Дайырбеков жана Бакыт Осмонканов театрлардын иштебей тургандыгы боюнча ой-пикирлерин билдиришти. Алар бардык санитардык эрежелерди эске алуу менен ишмердүүлүктү баштоого уруксат берүүнү талап кылып жатканын айтышты.

– Коронавирус деген илдет менен күрөшүп жатабыз. Бул оору арабыздан бир топ көрүнүктүү инсандарыбызды алып кетти. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда да элдин духун көтөрүү максатында кинотеатрлар иштеп турган, себеби элдин деми жашашы керек эле. Азыр элдин маданий, руханий деңгээли ачка болуп жатат. Биз ушул демилгени көтөрүп чыкпасак мындан ары социалдык толкундоолор күчөй бериши мүмкүн,- дейт режиссёр Эрнест Абдыжапаров.

«Кыргызфильм» киностудиясы бир жылда 15-20 тасма жаратат. Учурда тасма тартуу иштери токтоп турат. Өткөн жылы «Кыргызфильмден» мамлекетке 10 миллион сомдой киреше түшкөн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 935, 5-11-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан