(Башы өткөн сандарда)
Эми тагдырым өзүмдүн колумда эле, же бар болом, же жок болом. Алтындарды алып кете алсам, акча менен кимисинин болбосун оозун жаба алам, алып чыгып кете албасам, Акимыч эле мени жок кылат. Бирок азырынча тийбейт мага, мен керекмин, алтындарды алгандан кийин мен буларга коркунучтуу болуп калам.
Тез арада келемиштерди кууган аппарат табышым керек. Эми эмне кылам, шаарга чыктым дегиче Акимыч менден шекшийт. Гулинин инисин суранайын десем, ал деле макоо эмес да, күндө эле ар шылтоону айтып кете берсем шекшип калат. Дагы досума чалсам жок дебейт го, бирок кайра-кайра сурана берсем ал деле кандай ойлоп калат? Гулинин өзүн суранып көрөйүн, аппараттын сырты бүт эле кытайча жазылган, түшүнбөсө деле керек эмне экенин.
Түндөп интернет магазиндин сайтына кирип, аппараттын кымбатын, бир комплект кымбат, күчтүү батарейка заказ кылып койдум.
Эртеси тамактанып бүткөндө Гулини сыртка чакырдым:
– Гули, эртең Бишкекке барып келе албайсыңбы, мен Акимычтын тоого чыкканда керек боло турган аппаратын сындырып алдым. Эми эч кимге билдирбей ордуна коюшум керек. Бишкекте бир фирмада бар экен, келип алып кет дейт. Анан бир телефон, бекер СИМ-карта да ала келчи.
Гули ойлонуп турду да:
– Эки-үч күндөн кийин барса болбойбу? Азыр көрүп жатасың го, адам көп, биз жетишпей жатабыз.
– Анда кеч болот да, туристтер эртең чыгабыз деп калышса, мен аппаратым жок деп турсам. Түшүнөсүң да Акимыч мени жеп коёт,- деп ар нерсени айтып жатып, араң көндүрдүм. Жол кире деп көп эле акча бердим.
Эртеси эрте кеткен окшойт, түшкү тамакка келип калды. “Эч кимге айтпа, көрсөтпө” деген элем, эч кимге көрсөтпөй алып келип, жашаган бөлмөсүнө бекитип коюптур. Түндө алып чыгып берди.
Түнкү саат экилерде баары уктаганда мейманканадан үч чакырымдай алыс барып, жаңы телефонго жаңы СИМ-картаны салып милицияга "Камчыкени Акимыч менен тоого чыгып кеткенин көргөм, сурак кылып көргүлө. Ошол эле билет" деп СМС жазып, жөнөтүп жибердим да, телефонду, СИМ-картаны майда талкалап, асканын боорунда жарака бар экен, ошол жараканын ичине таштап салдым.
Эртеси эле эртең менен мейманканага милиция келип, Акимычты алып кетти. Мен дароо базага кетип калдым, чынында корктум. Кетип калып туура эмес кылдымбы, бирок мейманканада жүрсөм бир нерсе кылып билдирип коюшум мүмкүн эле. Кечке тамактанып отурганда бүт кабарды уктум.
Акимыч ошол кеткен бойдон мейманканага али келе элек экен. Милиция келип мейманканада иштегендердин баарынан Камчыкенин сүрөтүн көрсөтүп, акыркы жолу качан, каерде көргөнүн сураптыр. Мени баарынан сураган экен, баары эле "эч жакка барбаган, ушул эле жерде жүргөн" дешиптир. Ишенишкен окшойт, чакыртышпаптыр. Райым таз келбептир, келсе биринчи эле мени баса калмак. Камчыкени табыша элек окшойт да, оңойлук менен таба да алышмак эмес, оңойлук менен карагандардын арасынан көрүнбөйт.
Эми эртең ишти бүтүрүш керек, жүрө бергенге болбойт. Гулинин иниси Азатка дагы чалдым, келмек болду.
Кечинде эртерээк уктайын деп бөлмөмө кирип жатканда Гули чалып "беш мүнөттөн кийин барам, сөз бар" деди. Бөлмөмө кирмек түгүл, жакын жолочу эмес, эмне болду экен? Таң калып койдум.
Кирип келип унчукпай эле отургучка отуруп, бир топко мени карап турду да, мындай деди:
– Дастан, эмне кылганы жатасың?
Оозум ачылып калды. Бир нерседен корккон көз караш.
– Эмнеге, эмне кылмак элем?
– Кечээги алып келген нерсе чычкан-келемиштерди кууй турган аппарат экен. Эмне кыласың аны? Азатты ордуңа коюп, каякка эле барып келип жатасың?
Мындайды күтпөгөндүктөн сөз таппай эле калдым.
– Аралдагы мазарга барып жатасыңбы? Ал жерде алтын бар деген бекер сөз, ишенбе, этият бол, ал жердин ээси бар,- деп мени жалооруй карап калды.
Аябай жакшы көрүп кеттим, кучактап өөп-өөп алгым келди. "Эмне кылсам, ачыгын айта берсемби?" деген да ой келип кетти.
Акыркы убактарда кечинде жатканда көз алдыма алтындарды алып кетип сатып, көп акча кылып, жакшы там сатып алып, кымбат машина минип келип Гулини алып кеткенимди элестетип кыялдана берчүмүн.
Жооп бере албай унчукпай эле отуруп калсам Гули түшүндү окшойт:
– Дастан, этият бол, Акимыч коркунучтуу адам, алыс эле жүрчү андан. Эч нерсесине аралашпа!- деди.
Анан кырдаалдан чыгуу үчүн эптеп ар нерсени окшоштуруп айтып көңүлүн жайгарганга аракет кылдым.
Гули баары бир ишенбеди, кетерде гана:
– Байлыкты эмне кыласың, Дастан? Тынч эле бактылуу болуп жашаган жакшы эмеспи,- деп, дагы бир нерселерди айтайын деп улутунуп барып, көзүмдөн баары бир оюмдан кайтпашымды окудубу, кайра айласы калбагандай карап коюп чыгып кетти.
Бай болсоң, каалаган нерсени сатып ала алсаң, каалаган убакта ысык жактардагы аралдарга барып эс алып келе алсаң, ошондо гана бактылуу болосуң да? Минтип ар кимдин колунда качанкыга чейин иштеп жүрөм, качанкыга чейин Орусияга барып келе берем? Бир жакшы фирма ачып койсом, анан Гулини алып ар жактарга барып эс алып жүрсөм, ошол бакыт да...
Эртеси саат тогуздарда керектүү гана документтеримди алып, пляжга жөнөдүм. Эми бул жакка кайтпайт элем, алтындарды көтөрүшүмчө алып, калганын бир жерге бекитсем, кийин бир жылбы, эки жылбы, бир канча убакыттан кийин, баары басты-басты болгондо келип алып кете берем. Саат ондордо Азатка пляжды тапшырып коюп, аппаратты, күчтүү фонарик алып тоонун арасы менен күйгөн арчага барып, айлананы карап он мүнөттөй бекинип жаттым, эч ким көрүнбөйт, тынч эле. Арчанын ичинен рюкзакты алып чыгып кийинип, тапанчаны толук октоп, суу кирбегидей кылып клеёнкага салып, ременди тагып, тапанчаны салдым. Дүрбүнү моюнума илип алдым. Узундугу он метр жип кыркып ичиме ороп, сыртынан күрмөмдү кийип алдым, жип суунун түбүндөгү туннелден каптарды алып чыкканга керек болот. Аппаратты, жиптерди көтөрүнүп алып шаркыратмага келип, эки жакты карасам эч ким көрүнбөйт. Жиптерди даракка байлап, түшөйүн деп асканын кырына эми отурсам артымдан шыбырт угулуп калды. Дароо пистолетимди кармадым, бирок клеёнкага ороп алгам, алып чыгып клеёнкасын чечкиче мени эки жүз жыйырма жолу атып салышат эле. Бурулуп карасам, токойдо бекинип жатышкан окшойт, Муслим менен Акимыч чыгып келишти, экөөнүн тең колдорунда үн чыкпас тагылган тапанча, анысын мага такап калышты. Жиптеримди кармаган бойдон туруп калдым. Эми булардан каякка качам? Ушул жерде каламбы эми? Немистин жанында скелетим жатканын элестетип жибердим.
Муслим жакыныраак келип:
– Колуңду!- деп тапанчасы менен жаңсап "көтөр" дегендей белги кылды.
Колумду көтөрдүм, Муслим тапанчасын менин ичиме такап, бир колу менен шыпылдап ичтеримди текшерип, тапанчаны таап чыгып Акимычка берди. Акимыч тапанчанын номерин карап эле түшүндү окшойт, сөгүнүп келип ичиме күчүнүн барынча бир тепти эле, талып жатып калдым.
Башыма, моюнума көзүмдү эле ачык калтырып мейманканадан алган узун чачыкты ороп алган элем, чачтарымды чачыкка кошо тартып көзүмө карап:
– Сенин эле кылган ишиң деп ойлодум эле, Камчыкени менден көрүп жатышат. Эми сөз мындай, айтканыбызды аткарып, фокус көрсөтпөсөң тирүү калышыңа кепилдик берем. Алтын да аласың, эгер кичине эле кыйшаңдасаң атып салам, уктуңбу?
– Менин ордумда болгонуңузда ушул сөзгө өзүңүз ишенет белеңиз? Кантип эле мени тирүү калтырып коймок элеңер?..- деп дагы сүйлөйүн деп жатсам Муслим бет талаштыра бир тепти эле, мурдумдан кан атып кетти...
(Уландысы кийинки санда)