НЕЛЯ ЖАҢЫ МАШИНАЛУУ БОЛДУБУ?

– Жакында эле шаардын көчөлөрүнөн ырчы кыз Нелянын жаңы машина айдап баратканын көрүп «чын эле Нелябы же алмаштырып жатамбы» деп кала бердим. Анткени, мурда Нелянын “Ауди 80” маркадагы машина айдап жүр­гөнүн көргөн элем. Сүйүктүү ырчым жа­ңы машинелүү болгонбу? Турат, Бишкек.

Неля:
– Сиз көргөн “Ауди 80” машинамды сатып, 4500 долларлык жаңы “Фольксваген Вента” маркасындагы машина сатып алдым. Бул машинамды чет жактан машина айдап келгендерден заказ менен алдырдым.


«ЭЛ ЫРЧЫСЫН ЭЛ ТАНДАЙТТЫН» ЖЕҢҮҮЧҮСҮ ГҮЛБАХАР ТУРМУШКА ЧЫКТЫБЫ?
– Гүлбахар Амирбекова “Кыз-Бурак” тобунан “Эстей жүр” деген ыры менен чыкканда бизге жакшы эле таасир калтырган болчу. Бирок, Гүлбахар тез эле ал топтон чыгып кеткенин уккан элек. Кийин ал “Эл ырчысын эл тандайт” конкурсуна катышып, баш байге автомашинаны утуп алганынан да кабардар болчубуз. Эми болсо Гүлбахар өзү менен кошо конкурстун жеңүү­чүсү болгон Масыл аттуу жигитке турмушка чыгыптыр деп уктук. Ушунун чын-төгүнүн сурап бере аласыздарбы? Анара, Ош.

Гүлбахар:
– Масылга турмушка чыкканым чын. Экөөбүз­дүн баш кошконубузга 20 күндөй болуп калды. Масыл экөөбүз бири-бирибизди толук түшүнгөн соң, турмуш жолуна бирге сапар тарттык. Ал эми “Эл ырчысын эл тандайт” конкурсунун уюштуруучусу Мухтар Атаналиевди өкүл ата кылып алдык. Учурда Таласта кайын-журтта үйлөнүү тоюн өткөрүүгө кам көрүп жатабыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 195, 28-июль-3-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан