«СЕРЕБРО» ТОБУ

Белгисиз эле топтун күтүлбөгөн жерден пайда боло калып, ал тургай ”Евроведение-2007” эл аралык конкурсуна катышуу укугуна да ээ болгон “Серебро” тобу учурда көпчүлүктүн кызыгуусун арттырып турган убагы. Биздин өлкөбүздө да алардын күйөрмандарынын саны күндөн-күнгө өсүп жатат десек жаңылыштык болбос. Эгерде сизди дагы бул топтун кандайча пайда болгондугу тууралуу маалымат кайдыгер калтырбаса, анда төмөнкү макалага көз чаптырыңыз, урматтуу окурман!

ЖАҢЫДАН ТҮЗҮЛГӨН ТОП
«Атайлап акча табуу үчүн деле топ ачууну ойлоп тапкан жокмун, болгону жан дүйнөмө жагымдуу кумар тартуулоо максатында жаңы музыка жарата баштадым. Бул болсо Россия эстрадасында жаш топтун пайда болушуна түрткү болду» дейт топтун продюсери Максим Фадеев. Ай чырайлуу үч кыздан турган “Серебро” тобу мындан бир жыл мурун эле түзүлгөн болчу. Бирок, ал учурда курамы толук эмес эле. Биринчи ырдалып чыга турган ырлары, кыздардын сырткы келбети, сахнадагы жүрүм-туруму алдын ала пландаштырылганы менен ошол ойлорго төп келишкен кыздарды табуу бир аз кыйынчылыктады жараткан. Алгач Максим Фадеев Елена Темникованы “Фабрика звёзд-2” теледолбоорунан көрүп, талантына баа берген. Ошондон бери чыгармачылыгына колдоо көргөзүп келет, биринчилерден болуп топко да кабыл алат. Экөөлөп топко ылайыктуу ырчы кыз издөөгө киришип, Лена тааныш кыздарын сынакка чакыра баштайт. Алардын арасында Ольга Серябкина дагы бар болчу. Лена менен Ольга жакын курбулардан болбогону менен гостролдордун биринде таанышып калышкан эле. Кийинки ушундай жолугушууда Лена амалкөйлүк кылып, өзүнүн чөнтөк телефонунун камерасына Ольганы тартып алат. Бул тасманы продюсерине көргөзүп, сынакка чакырышат. Үнү келбетине дал келишкен сулуу кыз ушундай жол менен жаңыдан түзүлүп жаткан топтун курамына кошулат.
Ал эми Марина Лизоркинаны интернет аркылуу табышкан. Жаңыдан түзүлүп жаткан эстрадалык топко солистка кыз изделип жатканын уккан Марина дароо эле Максимге жолугушууга жөнөйт. Ырчылык өнөрдөн тышкары Фадеевдин өзгөчө талаптарына ылайык кыздар видео тасмага тартылып, бул жагынан да сынактан өтүүсү керек эле. Марина маектешүүдөн чыгаары менен эле уюлдук телефонуна өзүн тартып, телефонун кабылдамага калтырып кетет. Бир аз убакыттан кийин байланышып, топко кабыл алынгандыгы туралуу кабар алат. Мына ушундай жол менен “Серебронун” курамы толукталып, ыр жаздырылып, стилине ылайык костюм тиктирүүгө киришишет.
Максим көп ойлонбостон топтун атын “Серебро” деп коюуну сунуштаганда кыздар дагы бул сунушун колдоп беришкен. Ал эми дал ушул атты тандап алуунун себебин “күмүш – ден соолукка пайдалуу жана жеңил, кооз металл болгондуктан, биздин топ дагы жергиликтүү эстрадага чоң пайда алып келген, сахнанын көркү болсун деген тилек менен атаганбыз»,- деп түшүндүрөт топтун продюсери Максим Фадеев.
«Серебронун» кыздары продюсери менен болгон келишимде турмушка чыгуу тууралуу айтылбаганына карабастан, азырынча жеке турмуш курууну кийинки пландарга жылдырышууда.

“ЕВРОВЕДЕНИЕ-2007”
Европа өлкөлөрүндө бул конкурска катышуу укугун көбүнчө эч кимге таанымал эмес, бирок, таланттуу, келечеги бар жаштарды жиберүү салтка айланган. Анын сыңарындай, быйыл Россия өлкөсүнөн дагы аты чыга элек дал ушул жаңы топ “Евроведение-2007” конкурсуна катышты. Алгач бардык күйөрмандар тарабынан күмөн саноолорго туш болгонуна карабастан тез эле жүрөктөрүнө ишеним жаратып, колдоого ээ болушат. Максим топту бир аз кийинчерээк сахнага алып чыгууну пландаганы менен бул конкурска баруучулар арасындагы сынакка “Серебронун” репертуарындагы ырын сунуштап көрүүнү чечет. Калыстардын көңүлүнөн орун таап, бир добуштан өлкөсүн жактап конкурска барууга жолдомо алышат.
1956-жылдан бери өткөрүлүп келаткан бул конкурска Россия биринчи жолу 1994-жылы катышкан. Россиялыктардын конкурска катышуу тарыхына кайрылсак, 1997-жылы А.Пугачева өз өлкөсүнө 15-орунду алып келсе, Ф.Киркоров 1995-жылы 17-орунга илинген эле. Андан тышкары Наталья Падольская 15- орун, Юлия Савичева 11- орун, “Тату” тобу 3- жана Алсу менен Дима Билан 2-орундарды ээлеп кайтышкан эле. Ал эми быйыл “Серебро” тобунун тушоосу дал ушул конкурстан, миллиондогон көрүүчүлөр алдына кесилип отурат. Өз күйөрмандарынын купулуна толуп, дүйнөгө талантын даңазалап, “Евроведение-2007ден” катары менен тизилген 42 тепкичтин сербиялык Мария Серифович жана украиналык Верка Сердючкалардан кийинки үчүнчү катарынан орун алышты. Жаш болсо дагы ушундай бийиктикти багынта алган “Серебро” тобунун кыздары, учурда бир канча миңдеген жигиттердин жүрөгүн багындырып, дүйнө жүзүндө миллиондогон күйөрмандардын кызыгуусун арттырып турган учуру.

ЕЛЕНА ТЕМНИКОВА
1985-жылы 18- апрелде Курган шаарында төрөлгөн. Музыкага болгон кызыгуусу беш жашында ойгонуп, скрипка ийримине катыша баштайт. Кызыктуусу, ошол учурда Лена ийримге бир гана өзүнүн устатынын бутун көрүш үчүн барчу экен. Анткени, бутунун көлөмү аябай чоң болуп, башкалардыкына окшобогондуктан, аны карап отурууну жактырчу. Мына ушундай жол менен музыка жолуна түшкөн Еленаны азыр ийримдерге катышып, билим алууга да убактысы жок. “Керек болсо, досторум менен жолугушууга дагы мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, түнкүсүн уйкумду бөлүп, алар менен болуума тура келет, анткени, уйкудан да мага курбуларым кымбат” дейт жаш ырчы Лена. Андан тышкары кичине кезинен эле китеп окуганга жакын болгондуктан, бош боло калса эле китеп кармап, сулуулук салондоруна барууга, саунада эс алууга аракеттенет. Жеке жошоосунда үй бүлө күтүүдөн коркот, себеби, мүнөзү оор болгондуктан деги эле башка адамга баш ийүү, тамак даярдоо, анын кирин жууп, жумушун аткаруу деген Лена үчүн чыдагыс кордук. Ал жашоосунда баш ийүүгө караганда башкарууну көбүрөөк жактырат. Акылсыздыктан башканын баарын кечирүүгө кудурети жетет. Ошондой эле сахнада ырдоодон, машина айдоодон, интернет чаттарда сүйлөшүүдөн кумар алат. Келечекте дүйнөнү багындырган ырчы болууну самайт. Елена Темникова көпчүлүккө “Фабрика звёзд-2” теледолбоорунан таанымал экендигин айта кетели.

МАРИНА ЛИЗОРКИНА
Москва шаарында туулуп өскөн. Жеке жашоосунда машина айдоого кызыгат. “Эки күн руль кармабай калсам кадимкидей сагынып калганымды байкайм. Андан тышкары, сүрөт тартуу менин бала чагымдан берки алектенген хоббим” дейт өзү жөнүндө Марина. Башкалардан айырмаланып, күнүмдүк жашоодогу көрүнүштөрдү сүрөткө чагылдырбастан башка дүйнө­нүн сырларын тартууну жактырат. “Бул сүрөттүн маанисине эч ким түшүнбөгөнү менен ар кимиси өзүнүн жашоосунан бир үзүндү тапкандай таңдана карашат жана жан дүйнөсүнөн жаңылык табат” дейт өзүнүн дагы бир өнөрү тууралуу ырчы. Адамдардагы мыкаачылыкка нааразы, анткени, жаныбарларды сүйгөн адам болгондуктан, алардын кыйналып жатканын өзүнүн кыйналганына салыштыра берет. Андыктан, мындай жоруктардан алысыраак эле болууга аракеттенет. Ошондой эле жашоонун бардык бурулуштарына түз көз карашта болуп, эмне гана болбосун аны күч менен жеңүүнү көздөйт. Марина Лизоркина топко келгенге чейин Эстрада-Джаз академиясын бүтүргөн. Анын “Формула” тобунун мурунку солисткасы жана “Обречённая стать звездой” телесериалынын саундтректин аткарган ырчы экендигин эсиңиздерге сала кетели.

ОЛЬГА СЕРЯБКИНА
Ольга Серябкина 1985-жылы 12-апрелде Москва шаарында төрөлгөн. Жети жашынан баштап эле кече бийлери менен алектене баштаган. 17 жашында спорт чебери наамына ээ болуп, эл аралык жарыштарга катыша баштайт. Искусство мектебинин эстрадада ырдоо бөлүмүн аяктаган. Кийинчерээк чыгармачылыктан бир аз алыстап, 2006 - жылы котормочулук кесиби боюнча жогорку билимге ээ болот. Айта кетчү нерсе, Ольга жеке жашоосунда күрөшкө кызыгат. Андан тышкары, бийлегенди, спорт менен машыкканды жактырган шок кыз. “Серебро” тобуна келээрден мурун белгилүү ырчы Ираклинин бий тобунда бийлечү экен.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 238, 25-31-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан