– Акыркы окуялар улутубуз тууралуу ойлорго түрттү. Кыргызда ушунчалык жакшы да, өтө жаман да сапат бар экен. Жамандыгыбыз – ала көөдөн мактанчаакпыз, ар бир кыргыз мактап койсо тим эле 2-3 килограмм кошкондой семирип калат. Жалкообуз, өзгөчө эркектердин бай манаптык адаттарын көрүп ичимден түтөп кетем. Дагы бир жаман сапатыбыз – көрө албастык! Катарыбыздагы бирөө бир аз өйдөгө кадам таштаса эле буттан алып сүйрөп түшүрмөй. Инстаграмга бирөө тоого чыгып эс алып жаткан сүрөтүн киргизсе, анын алдына “тоого чыккандын балакетин аласыңбы, алдагы курткаңды карачы, жууп албайсыңбы?” деп жазып кетиптир. Анын күрмөсүнүн сага кандай тиешеси бар? Жылдыз-пылдыз, жалтырак-жултурактарды сөз менен жеп коюшат. Бирөөнүн жакшылыгын көрө албайбыз, анан Кудай кантип бизге жакшылык бермек эле? Өзү бийик боло албайт, башканын бийиктикке чыгып баратканын да көрө албайт .
Үлкөн катабыз – кийинкини ойлоп балдарыбызды туура тарбиялабайбыз. Жумуш, тиричилик, катыш-чатыш, ушакка ого эле көп убакыт коротуп, балдарга убакыт бөлбөйбүз. Талбай бала менен иштесең андан бир нерсе чыгар, балким. Осмон империясынын кулашынын бирден-бир себеби да тарбия болгон имиш. Султан Сулеймандын жүрөгүн ээлеп алган Хүррем “балдарды гарем тарбиялайт” деген мыйзам киргизген экен. Мунун философиясы – аялдар тарбиялап баштаган уул балдар көз көрүнө эле алсызданып баштайт, бүтүндөй муун ошол жол менен кетсе мамлекетиң да, империяң да, эч нерсең калбайт тура. Ага чейин уул балдарды эркек мугалимдер тарбиялап, кийин алып келишчү тура. Айтайын дегеним, уул балдар эркектин көзөмөлүндө болсо гана баатыр, көрөгөч, сабырдуу, туруктуу болуп тарбияланат дешет.
А бизде кандай? Кичинесинен бала бакчага беребиз, ал жакта жалаң аял тарбиячылар. Андан кийин мектеп жашына келет, ал жакта да аял мугалимдер. Үйдөгү тарбия да жалаң аялдардын моюнунда. Анан биз коомго чыныгы эркекти кантип беребиз? Эркектер эмнеге майдачыл, кыйкымчыл, алсыз, сөз көтөрө албаган ызакор болуп баратканы дал ушул тарбиядан болуп жүрбөсүн? Аягында келип “эмнеге эркектер ушундай болуп баратат?” деп ыйлактайбыз. Эмне эксек ошону алабыз, менимче.
Пекинде иш сапарында болуп, императордун сарайына барып калдык. Ата-энелер кичине балдарына ар бир сүрөттү сөөмөйү менен көргөзүп, кайсы император эмне болгонун кенен айтып беришет экен. Бизде кайсы кыргыз баласына санжыра айтып тарбиялап жатты экен? Кыргыздын кыйындыгын айтсак – улутубузга урматы күчөйт. Кел, айталы, кыргыз кытайды, калмакты жеңгенин... Кел, кечке айта берели, бир ууч болуп туруп эч кимге моюн бербей, өз алдынча мамлекет катары жашап калганын.
Жакшы жагыбыз – барпаңдап конок келсе кубанып, туугандык катнашты бийик койгонубуз. Жамандык-жакшылыкта ийинге салып көтөрүп кеткенин көргөндө да “ии, бали, кыргызым” деп каласың. Көкүрөгүндө жапайы кан ойносо керек, ханыңды деле көтөрүп урган көй кашкалык бар. Тилге жөндөмү жогору, англисче болобу, кытайча болобу чайнап туруп түкүрүп салбайт бекен кыргызым.
Жакшыбы же жаманбы билбейм, бирок намыскөйбүз. Намыстанган жакшы нерсе, бирок куру намыс эмес. Куру намыс – үйүңдө ичкенге жармаң жок туруп, берген жардамды албай жатканың. Куру намыс – кыргыздын кыздарын чырылдатып “башка улут менен жүрөсүң” деп телефонго тартып таратканың. Жакшыбыз ашып, жаманыбыз калган күн болор бекен? Элим деп суктанган учур болор бекен? Бир ууч элдин чачылып ар кайсы жерде жүргөн акылдуу баштары келип бир түндүккө бириккен учур болор бекен? Чын эле болор бекен, ия?
Амандык