Детектив болууну самап, бирок атактуу ырчыга айланган JIN

Жөнөкөй күйөрмандар гана эмес, ар кайсы мамлекеттин президенттери балдары үчүн кол тамга алууга кызыккан «BTS» тобун тааныбаган адам аз болсо керек. Топтун ийгилиги күн өткөн сайын арбып, алардын ар бир чыгармасы өз күйөрманын таап келүүдө. Окурмандарыбыздын суранычы менен «BTS», андагы ар бир ырчы мырза тууралуу кенен маалымат берип келебиз. Кезек топтун улуусу, сулуусу болгон Ким Сок Жинге келип жетти. Шайыр, компаниянын маанай жаратуучусу, тамашакөй жигит. Ким Сок Жинди экрандан көп көргөн адам ал тууралуу ушундай мүнөздөмө берет. Бирок ал кичинесинде башкача болчу...

Аты-жөнү – Ким Сок Жин

Туулган жылы – 1992-жыл, 4-декабрь

Туулган жери – Түштүк Корея, Квачхон шаары

Бою – 179 сантиметр

Үй-бүлөдө – 2 бир тууган, агасы бар

Билими – Конкук университетинен искусство жана актёрдук чеберчилик адистиги боюнча билим алган

Кесиби – «BTS» тобунун ырчысы, ырлардын автору

Лейбл – Big Hit Entertainment

ЖООШ, КӨП АЧЫЛБАГАН, ТҮНТ БАЛА

Жоош, көп ачылбаган, түнт бала. Мугалимдер Жинге ушундай мүнөздөмө беришчү. Чынында эле ал өзү курдуу балдар менен көчө чаңытып ойногонду, бейтааныш адамдар менен сүйлөшүүнү жактырчу эмес. Ызы-чуудан качып, мектептеги ашканага кирбей, жалгыз бир жерге барып тамактанар эле. Жалгыз отуруп алып кыялданган жакчу, зериккенде телефондогу оюндар менен ойнойт. Келечектеги кесибин да тандап, ким болору тууралуу чечим кабыл алып койгон – ал Кореядагы эң мыкты профессионал детектив болот. Бала чоңоюп жигит болду, бою менен кошо ой-максаты, кыялдары алмашты. Мектепти бүтүп, жогорку окуу жайга тапшырарда тандоосу чыгармачылыкка ооп, Конкук университетинин искусство жана актёрдук чеберчилик адистигин тандап алды.

ПАЙДАЛУУ СУНУШ + ЫРЧЫ

Келишимдүү, бою узун, кыялкеч жигитке көчөдөн көргөн адам бир ирет болсо да көз кырын салып өтчү. Ошондой адамдардын бири Түштүк Кореядагы чыгармачыл жаштарды таптап чыгарган беделдүү «Big Hit Entertainment» агенттигинин өкүлү эле. Ал Жинди көчөдөн токтотуп, агенттикте музыкалык сынак жүрүп жатканын айтып, кастингге чакырат. Жин да эмнеге болбосун деген ой менен барып, жыйынтыгында «BTS» тобунун мүчөсү болду. 2013-жылы
«No More Dream» ыры менен дебют жасаган топ дароо «Жылдын жаңы ырчылары» номинациясында жеңишке жетишти. Учурда аларды дүйнөлүк беделдүү музыкалык иш-чараларга чакыргандар, алар менен дуэт ырдагысы келген атактуу ырчылар көп. Күйөрмандары миллиондоп саналат, Түштүк Кореянын президенти болсо топтун корей маданиятына кошкон салымын байма-бай айтып келет.

ЭЛ СҮЙМӨНЧҮГҮ

Ким Сок Жиндин вокалдан сырткары ыр жазуу, обон чыгаруу өнөрүн коомчулук 2016-жылдан баштап билди. Анын калемине таандык «Awake» чыгармасы өз өлкөсүндө эле эмес, бир катар мамлекеттердин музыкалык чарттарында алдыңкы сапта турган. «BTS’тин» репертуарындагы бир нече ыр биздин бүгүнкү каарманга таандык. Модель, алып баруучу, ар кандай оюн-зоок берүүлөрдүн катышуучусу. Айтор, Жин аракетчил адам экенин далилдеп келет. Кореядагы суроо-талапка ээ k-pop ырчыларынын тизмесинде турат. Эгер баягы бир бурчта өзүнчө тамактанып отурган кичинекей Ким Сок Жинге бирөө барып «келечекте дүйнөгө белгилүү ырчы болосуң» десе, «тоңгон» көз караш менен карап, «эмнени айтып жатасың?!» дегенсип кол шилтеп басып кетсе керек...

ҮЙ-БҮЛӨСҮ НЕГИЗГИ КОЛДООЧУЛАРЫ

Албетте, Ким Сок Жиндин азыркы ийгилигинин артында ата-энеси, агасы турат. Анткени алар Жиндин кичинесинен азыркы кезге чейинки ар бир кадамын колдогон адамдар болду. Жин өзүнөн 2 жаш улуу агасы Ким Сок Чон менен биргеликте 2018-жылы Сеулда япон ашканасынын тамактарын жасаган ресторан ачкан. Жин өзү да тамак жасаганды жакшы көрөт, келечектеги жубайы тууралуу «тамакты менден дагы жакшы жасаган кызга жолуксам» дейт.

"БУЛ БАЛАКАЙГА ЭМНЕ БОЛДУ ДЕП ОЙЛОГОМ"

«BTS’тин» мүчөлөрү менен дос эле эмес, бир туугандай болуп калдык» дейт Жин. Кесиптештеринен Вини өзгөчө белгилейт.

Жин: – Бир жолу репетиция кылчу бөлмөгө барсам, жаңы бала пайда болуп калыптыр. Бир маалда эле ал аябай жакын келип, мага сөйкөнүп бийлей баштады. Көрсө, ал Ви экен.

Ви: – Антейин деген деле оюм жок болчу. Мага окшоп жаңы барган стажёр балдардын бири «азыр баарыбыздан улуу, тажрыйбалуу бала келет. Анын эсинде калыш үчүн бардык аракетиңди кыл» деди. Жин кирип келгенде эмне кыларымды билбей, жанына барып бийлей баштадым. Уялганымдан көзүн карабай, жерди карап алып бийледим. Ал унчукпай мени карап турду да, «бар алдыга барып бийле, мына бул жерге» деп ордумду көрсөтүп койду.

Жин: – Бул балакайга эмне болду деп ойлоп койгом. Азыр деле анын кээ бир кылыктарына таң кала берем. Бекеринен аны «4D адам» дешпейт экен. Экөөбүздүн кээ бир хоббилерибиз да окшош. Ошондуктан Вини өз инимдей жакын көрсөм керек,- дейт маектеринин биринде Жин.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Lina-ka
2020-11-12 11:57:03
BTS is my favorite group
+1
№ 935, 5-11-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан