ГЕПАТИТ – ДАРЫЛАБАСА ЦИРРОЗГО, РАККА ӨТҮП КЕТЧҮ ДАРТ

Гепатит жугуштуу оору экендиги илгертен маалым. Аталган оору тууралуу суроолорго жооп издеп, КММАнын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти Дамирахан Чыныевага кайрылдык.

ТҮРЛӨРҮ
Жугуштуу гепатиттин 7 түрү бар. Алар түрдүү себептер менен келип чыкса да, негизги белгилерине саргаруу жана боордогу оорутуу кирет.

А ГЕПАТИТИ
Жугуу жолдору
А гепатити (мурун Боткин оорусу, сарык деп аталчу) калган түрлөрүнүн ичинен эң жеңил түрү болуп саналат.
Тамак-аш жана буюмдар (сүлгү, идиш-аяк, оюнчук ж.б.) аркылуу жугат. Аталган нерселерге оорулуудан вирус түшүп калса, аны колдонгондорго оорунун жугуу коркунучу бар.
Белгиси
Белгилерине дене табынын көтөрүлүшү (37-380), аздан жөтөлүү, мурундун бүтүшү, тамакка табиттин жоголушу, көңүл айлануу менен кусуу, ичтин оорушу кирет. Заң агарып, зааранын түсү сыранын өңүнө окшошуп калат. Боор менен көк боор чоңоёт. Оору белгилери билингенден 4-7 күн ичинде дене саргайып кетет. Башкача айтканда, көздүн тегереги, тилдин асты, таңдай саргаят. Саргаюунун белгилери 1-2 апта туруп, анан жоголот. Чоңоюп кеткен боор, көк боор калыпка келет.
Эскертүү: А гепатити 3 түрлүү өтүшү мүмкүн:
1) Гепатиттин белгилери аз билинген түрү;
2) саргаюу күтүлбөгөн түрү;
3) белгиси жок (саргаюу да жок) түрү.
Гепатиттин А түрүндө диагноз коюу кыйын, ошол эле учурда чөйрөдөгүлөргө жугуу коркунучу чоң.

Е ГЕПАТИТИ
Жугуу жолдору
Суу, тамак-аш, оорулуунун буюмдарын колдонуу (сүлгүсү, оюнчугу, идиш-аягы ж.б.) аркылуу жугат. Суу аркылуу жукканы көбүнчө суу түтүктөрү жок болуп, арыктан, каналдан суу ичкен айылдарда кезигет.
Белгиси
Белгилери А гепатитине окшош. Бирок кош бойлуу аялдарга коркунуч келтирген жагы бар. Анткени оорунун вирусу бойдон түшүүгө, кандын токтобой калышына жеткирет. Бул каза болуп калууга дейре алып келет.

В ГЕПАТИТИ
Жугуу жолдору
Жыныстык катнаш жана кан аркылуу жугат. Энеден түйүлдүккө өтүшү мүмкүн. Кан аркылуу көбүнчө баңгилер арасында булганган шприц, стоматологияда тиш жулдуруу, ал эми тату салондорунда булганган аспап аркылуу жугат. Мындан тышкары кан болуп, бирок таза жуулбай калган сакал алгычты, тиш щётканы башкалар колдонгондо жугуп калат. Кулак, оозду көзөткөндө (пирсинг), маникюр, педикюр жасатканда да кан болгон аспап таза жуулбай колдонулса, вирустун жугуу коркунучу бар.
Белгиси
Дене табы көтөрүлөт, адам шалдырап, көңүлү айланып, кускусу келет. Кээ бирлерде майда бүдүрлөр чыгышы мүмкүн. Боор, көк боор чоңоёт. Зааранын өңү сыраныкындай болуп, заңдын түсү агарат.
Дене саргаят. Гепатит Ада саргаюу пайда болгон соң оору жеңилдесе, бул түрүндө адамдын абалы оңолбойт. Боор чоңоё берип, адам 1-2 айга чейин ооруйт.
Эскертүү: В гепатитинин коркунучу – вирусту кан аркылуу жуктуруп алган адам өмүр бою оорунун булагы катары кала бергени.

С ГЕПАТИТИ
Жугуу жолдору
Көбүнчө баңгилер, гомосексуалдар арасында кездешет. Эл ичинде “ласковый убийца” деп аталат. Кан жана кан куюу аркылуу жугат. Баңгилерде шприц аркылуу тарайт. Энеден түйүлдүккө өтүшү мүмкүн.
Белгилери
Оорунун белгилери В гепатитине дээрлик окшош.
Убагында дарыланбаса, вирус­ту жуктуруп алгандардын 70-80 пайызында оору өнөкөткө айланып, циррозго жана боордун рагына өтүп кетет.

Д ГЕПАТИТИ
Жугуу жолдору жана белгилери
Бул өз алдынча оору катары кездешпейт. Сөзсүз түрдө гепатит В түрүн коштоп жүрөт. Демек, В гепатити менен ооругандарга Д гепатити да жабышат.
Вирустун жугуу жолдору жана белгилери дал эле В гепатитине окшош. Айырмасы, саргаюунун белгилери кетти дегенде эле, кайрадан саргаюу башталат. Башкача айтканда, адам айыгып баратып, оору кайрадан кармайт. Андыктан адамдын абалы өтө начарлайт. Оорунун айынан адам комага түшүп калышы мүмкүн.

G ГЕПАТИТИ
Жугуу жолдору, белгилери жагынан В, С гепатитине окшош. Бирок С гепатитиндей анчалык оор эмес. Тактап айтканда, ооруну жуктуруп алгандардын 20дай пайызында гана боордун рагы жана цирроз өнүгөт.

F ГЕПАТИТИ
Гепатиттин бул түрүнүн жугуу жана өнүгүү жагы өтө аз изилденген. Антсе да белгилери А гепатитине окшош экендиги маалым. Оорунун козгогучу былжыр кабыкчаларда көбөйөт.

ДИАГНОЗ ЖАНА ДАРЫЛОО ЖОЛДОРУ
Диагноз үчүн оорулуунун абалын текшерүү, кан тапшыртуу, УЗИге түшүрүү жана башкалар керектелет.
Дарылоодо гепатиттин бардык түрүндө мүнөздөп тамак ичүү сунушталат. Андыктан майлуу тамактарды (манты, лагман ж.б.) унутуп туруу керек. Гепатиттин А түрүндө мүнөздөп тамак ичүү 6 айга, калган түрлөрүндө 1 жылга дейре созулат.
А гепатитин гана үй шартында дарылоого болот. Калган түрлөрүндө сөзсүз ооруканага жатып, дарылануу зарыл.
Оорунун курч мезгилинде адам баспай, чуркабай, тынч абалда жатышы кажет. Вирустун уусун боордон тазалоо максатында табигый суюктуктарды (компот, минералдык суу ж.б.) көп ичүү керектелет. Витаминдер, тамчылатма дарылар да жазылып берилет. Оорунун вирусуна каршы күчтүү каражаттарды да кабыл алуу сунушталат.
Тамак-аштын катарынан жумуртка, бал муздак, торт, таттуу токочтор, койдун эти, тоок­тун саны (окорочка) дегендер алынып салынат. Анын ордуна тооктун эти (териси сыйрылат), уйдун майсыз эти колдонулат. Уйдун этин бир сыйра кайнаткан соң анын шорпосун төгүп салып, экинчи жолу кайнаган шорпосун ичүү керек.

ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ
Жаш балдар арасында оору биринин сагызын бири чайнаганда, "Чупа-Чупстарды" биринен кийин экинчиси соргондо жугат. Балдар мекемелеринде, бакчада, мектепте идиштер жакшы жуулбай калса да оорунун тароо коркунучу өсөт.
Оору жукпашы үчүн көчөдөн колдон сатылган тамак-аштарды сатып жебөө, бирөөнүн сүлгүсү менен идишин, тиш щёткасын колдонбоо керек.
Газдалган сууларды саткандар да стаканды жакшы чайкабай койсо, оору жугат. Андыктан ата-энелер балдарына жеке гигиена эрежелерин жакшылап үйрөтүүлөрү зарыл. Чоңдор болсо өздөрү менен кошо балдарды оорудан сактоо милдетин эч качан унутпоолору керек. Ал эми жаман өнөкөтү барлар (көбүнчө баңгилер) алардан арылууну көздөгөндөрү оң.
Суу түтүктөрү жок айыл жерлеринин эли өкмөттөн суу чыгарып берүүнү талап кылып, суунун тазалыгын көзөмөлдөөлөрү зарыл. Суу чыккыча болгон сууну кайнатып колдонуп, чийки сууну ичпөө, колдонбоо керектигин унутпоолору кажет.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
jamalenok
2010-10-11 02:51:35
Супер Инфо силерден сураныч кайсы момо жемиштерде кандай витаминдер бар ошону жазгылачы???!!!
0
swan
2010-10-12 19:45:18
Gepatit dese ele inimdi estei berem. Ech kim oorubasin,den sooluk eng manilyy
0
Melis-Aruuke
2012-08-22 19:49:34
Аборт кылганда да жугат
0
fiura
2013-04-28 16:09:07
менин балам 3ай мурда сарык болду эле Азыр да козу саргайып карегине чел кабык туруп калыптыр Бул Эмнеси же козу ооруп жатабы?
0
Mamataziz
2016-09-21 09:35:24
Гепатит а менен ооруса лечения кылбаса башка туруно отуп кетиши мумкунбу в с туруно
0
№ 414, 8-14-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан