“БАСПАГАН БАЛА БАСЫП КЕТТИ”

Тынарбек Алымбаев Кыргызстандагы өз ишин мыкты билген сыныкчылардын бири. Ал 20 жылдан бери элге кызмат кылып, Корея, Орусияга чейин барып бейтаптарды айыктырып келет. Ага көрүнүү үчүн кезек күткөндөрдүн көп экенине карабай, биз менен сүйлөшүүгө бир аз убакыт бөлдү.

– Саламатсызбы? Канча жылдан бери бейтаптарга даба таап келесиз? Сиздин колдон айыгып чыккандар тууралуу айтып берсеңиз.

– Мен өзүм төрөлүп жатканда жаракат алыптырмын. 16-17 жашымда Таласка Калык деген атага барып көрүнгөм. Ошондо жашоого болгон үмүтүм жанды. Болбосо мен чөгүп кеткем. Ошол жерден менден дагы оор абалдагы бейтаптарды көрүп шүгүр кылгам. Бирөөнү айыктырам деп ойлогон деле эмесмин, башында кызыгып үйрөнүп жүрдүм. Кийин бир кошунамдын бели чыгып кетип, ошону салып бердим. Ал башкаларга айтып, адамдар келе берип, ушинтип бейтаптарды көрүп калдым. Бул кызматты аркалаганыма 20 жылдын жүзү болду. Дарттарына даба тапкан бейтаптар көп. ДЦПдан жабыркап баспаган орус баланы дарылап 4 жыл карадым. Азыр жакшы, кадимкидей басып жүрөт.

– Бейтап ден соолугунда кандай маселе жаралса сизден жардам ала алат?

– Мага эң көп жолуккан остеохондроз, сколиоз, омуртка грыжасы, баш оору (шакый), артроз, артрит, омуртка грыжасы, муундардагы патологиялык көйгөйлөр, омурткалардын жылышып кетүүсү, булчуңдардын жабыркоосу, ошондой эле сынган, чыгып кеткен же ар кандай урунуп-согулуудан жаракат алгандар келет. Кудайга шүгүр, жакшы жыйынтыкка ээ болгондор көп. Өзүңөр көрүп тургандай, кезек күткөндөр арбын.

– Эч кандай операциясыз бул ооруларды айыктырууга болобу? Сиз кандай ыкмаларды колдоносуз?

– Адамдын ар бир омурткасы башка бир дене мүчөсү менен байланышта. Мисалы, моюндун оорушу кулакка, көзгө, жүрөккө, дем алууга, ашказанга, бөйрөк, өт, боорго терс таасирин берет, колдор чымырай баштайт. Омуртка эмнеден таят? Аял кишиники көбүнчө төрөттөн, эркектердики катуу нерв болгондо жылып кетет. Адам баласы нерв болгондо жүлүн катуу иштейт. Омуртка кысып токтотпосо адамды инсультка же инфарктка алып келет. Тамырды жарып жибериши мүмкүн. Дарылоодо сыныкчынын колу томография да, рентген да болушу керек. Кол менен туура, туура эмес жайгашуусун аныктап алып, эң негизгиси омурткаларды түздөш керек. Ар кимдин оорусу ар кандай болот. Кээ бириники бир салганда ордуна келип калса, айрымдарыныкы көбүрөөк убакытты талап кылат. Баарына бирдей ыкма колдонулбайт, ар бир бейтапка өзүнчө мамиле жасалат. Жалпысынан мануалдык (колдун жардамы) терапия колдонулат.

– Адамдын жабыркаган муун-омурткаларын баштапкы калыбына келтирүүгө болобу?

– Албетте, болот. Мен Кыргызстанда эле эмес, Корея, Орусияга да маал-маалы менен барып, бейтаптарды кабыл алып турам. Корейлерде сөөк салуу ыкмасы колдонулбайт экен. Мага көрүнүп жакшы жыйынтыкка жеткендер көп болду. Эки ирет барып иштеп келдим. Андан кийин Москвага барып адамдарга жардам бере баштадым. 2-3 жылдан бери ал жакта мени күткөндөр көп.

Байланыш телефондору:

0553147463, 0773147463, 0509075750

0706075750, +79990999238

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kg.ka84
2020-11-10 11:40:43
Адреси кандай экен супер инфо
+1
№ 935, 5-11-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан