КАЙРЫМДУУ АДАМДАР АКЫЛДУУ БОЛУШАБЫ?

Интернеттеги ар кандай постторго жазылган комментарийлердин көпчүлүгү эмнегедир негативдүү болот эмеспи. Айрымдар постто эмне жөнүндө сөз болуп жатканын аңдабай эле каргап-шилеп, ичиндеги каарын төгүп, сөгүп кетишет. Алар бирөөнүн көңүлүн оорутуп жатам деп ойлонуп да коюшпайт. Ал эми адистер таш боор, заар, ою жаман адамдар мээримдүү адамдарга караганда интеллекти төмөн деп баалашат.

Нейробиолог Ричард Дэвидсон “Дени сак мээнин негизин кайрымдуулук, мээрим түзөт” дейт. Анын келтирген жүйөлөрүнө таянсак, боорукердик өзү үчүн гана ойлонбостон, башка адамдар тууралуу да ойлонууга түртөт. Тактап айтканда, “адамдын интеллекти бирөөнүн маселеси тууралуу да ойлонуп, аны кабыл алуу менен аныкталат” дейт Дэвидсон. Демек, акылдуу болуу бул көп нерсени билүү, ар түрдүү фактыларды жаттап калуу менен гана чектелбестен, билимди турмушта да колдоно билүү, бирөөлөрдүн маселе же көйгөйүн сезүү болуп саналат.

Эгоизм, таш боорлук, бирөөгө жамандык кылуу үчүн көп деле акылдын кереги жок. Ичинде жаман ою бар адам эмнени кааласа анын кесепеттерин ойлонуп отурбастан жасап коёт. Мунун арты менен бирөө жабыр тартып калбайбы деген суроо ойлондурбайт. Мисалы, мээси жок бактериялар же вирустар деле дал ушундай кылышат: каалаган учурунда көбөйүшөт, кожоюнуна зыян алып келишет.

Ал эми кайрымдуу адамдар бирөөгө жакшылык кылуу үчүн акчасын, убактысын коротушат. Муктаж адамдарга жардам берүү менен аларга жайлуулук тартуулап жатканына ынанышат, ырахат алышат. Алар бирөөгө жакшылык кылуунун арты менен жашоону, дүйнөнү өзгөртсө болоруна көздөрү жетет. Бардык бийлик, байлык деген нерселер келди-кетти колдун кири деп түшүнүшөт.

Мындай пикирде жалгыз эле Ричард Дэвидсон эмес. Көптөгөн изилдөөлөр жана эксперименттер мээримдүү адамдар акылдуу болушарын, ал эми ичи кир адамдардын интеллекти төмөн болорун далилдеген. Мисалы, канадалык изилдөөчүлөр расист жана бирөөнүн жашоосун талкуулап, тагдырындагы өйдө-төмөн көрүнүштөрдү сындаган адамдардын IQ көрсөткүчү төмөн экенин далилдешкен.

Расизм жана адатка айланган жалган көз караш, ырым-жырымга ишенүү бул жашоосунда болгон өзгөрүүнү каалабаган, жаңы нерсеге адаптация боло албаган адамдар. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, өзүнүн “комфорттуу зонасынан” чыга албагандык төмөн интеллекттин белгилеринин бири.

Англиялик физик-теоретик Стивен Хокинг “интеллект – бул жашоодогу өзгөрүүлөргө адаптация болуу” деген. Баарынан мурда жашоону өзгөртүү эмне үчүн керек экенин түшүнүп алуу керек. Андан кийин дүйнө таанымдагы эски көз караштардан арылуу кажет. Бул нерсе акылдуу, эрктүү адамдар үчүн дагы оор нерсе. Өзгөрүүдөн коркуу – бул келесоолук эмес, нормалдуу көрүнүш. Биз үчүн табышмак болгон нерседен коркуу генибизде бар. Акылдууларды акылсыз адамдан айырмалап турган нерсе – бул зарыл болгон өзгөрүүлөрдү кабыл алуу, ага көнүү.

Эмпатия – эмоционалдык интеллекттин маанилүү өзөгү. Бул биринчи кезекте башка бирөөнүн сезимдерин сезүү жана түшүнүү. Бирөөнүн абалын түшүнүү үчүн адамга жетиштүү деңгээлде акыл, интеллект керек. Бул нерсени даниялык окуучуларга математика, адабият сыяктуу эле мектеп программасында окутушат. Аптасына бир сааттан балдарды кайрымдуу, мээримдүү болууга үйрөтүшөт.

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 935, 5-11-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан