Бүгүнкү күндө гениалдуу болуу жөнөкөй. Эгер мурда ал үчүн талант, шык жана жөндөм керек болсо, азыр атайын ыкма менен жасалган машыгуулар жетиштүү. Эгер балаңыздын калькулятор сыяктуу эсеп чыгарышын, математикадагы билимин өркүндөтүүнү кааласаңыз, анда менталдык арифметика менен таанышыңыз.
Менталдык арифметика – оозеки тез эсептөөнүн негизинде түзүлгөн балдардын интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүн арттыруучу уникалдуу ыкма.
Анын биринчи компоненти абакус болуп, кандайдыр бир эсептерди (кошуу, кемитүү, бөлүү, көбөйтүү жана башка) үйрөнүшөт. Экинчи компоненти абакустун сүрөтү тартылган “менталдык карта” деп аталат. Аны менен окуучу картада тартылган шуручаларды элестетүү ыкмасы менен жылдырганды үйрөнөт. Ал эми үчүнчү компонент – визуалдык саноодо бала элестүү санай баштайт. Жалпы жонунан окуу 1,5 жылга созулат. Окуу процессинде балдар абакустун жардамы менен иштешет.
Абакус – электр кубатына муктаж болбогон калькуляторго окшош жана балдардын мээсин өнүктүрүүдө ийгиликтүү колдонулган популярдуу арифметикалык курал болуп саналат. Эң алгачкы калькулятор деп койсок болот.
МЕНТАЛДЫК АРИФМЕТИКАНЫН БАЛАГА ТААСИРИ КАНДАЙ?
Жолдубек Качкынбаев