ЧАЙЛАШУУ ҮЧҮН ДААМДУУ ДЕСЕРТТЕР

КРУАССАН

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 2 стакан

Жумуртка – 2 даана

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Каймак май – 150 грамм

Сүт – 1 стакан

Кумшекер – 40 грамм

Туз – 1 чай кашык

Ачыткы – 7 грамм

Даярдоо ыкмасы:

  • Жылуу сүткө тузду, кумшекерди жана ачыткыны салып аралаштырып, бетин жаап, жылуу жерге 15-20 мүнөткө коё турабыз.
  • Унду элеп ага өсүмдүк майын, 1 жумуртка жана жогорудагы аралашманы кошуп жумшагыраак кылып камыр жууруйбуз. Камырдын бетин жаап, жылуу ороп коёбуз.
  • Камыр ачыганча каймак майды муздаткычтан чыгарып, бөлмө температурасында жумшартып алабыз.
  • Ачыган камырды 10-12 бөлүккө бөлүп, ар бирин жука кылып жайып алабыз.
  • Жайылган камырдын бетине каймак майдан тегиз сүйкөп, үстүнө дагы бир жайымды коюп майлап отуруп бардыгын каттап чыгабыз.
  • Бардык жайымдар катталган соң камырды 3-4 миллиметр калыңдыкта жаябыз. Жайылган тегерек камырды тик бурчтуу үч бурчтук формасында бир нече бөлүккө бөлөбүз. Болжол менен 16-18 даана чыгат.
  • Үч бурчтук кесимдин жоон жагына бир чай кашык шоколад пастасын же джем салып оройбуз.
  • Круассандын бетине жумуртканын сарысынан сүйкөп, 180 градуста иштеп турган электр мешинде бети кызарганча бышырабыз. Чай, кофе менен берилүүчү таттуу даяр!

АЛМА ГАЛЕТАСЫ

Керектелүүчү азыктар:

(Камыры үчүн)

Ун – 160 грамм

Кумшекер – 15 грамм

Каймак май – 65 грамм

Көбүрткүч – 5 грамм

Жумуртка – 1 даана

Туз – 1 чымчым

Суу – 30 миллилитр

Туурамжы үчүн:

Алма – 330 грамм

Бал – 1,5 аш кашык

Корица – 1 чай кашык

Манна акшагы – 2 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

  • Унду элеп, ага көбүрткүч, туз, кумшекер, каймак май, жумуртканы салып аралаштырабыз да, суу кошуп жумшак чоюлчаак камыр жуурабыз. Камырды целлофан баштыкка ороп, муздаткычка 40 мүнөттөй салып коёбуз.
  • Алмаларды жууп, тең экиге бөлүп, данектерин алып, жука кылып туурайбыз.
  • Бал менен корицаны аралаштырып жай отто жылытып алабыз да, алманын үстүнө куябыз.
  • Камырды жука жайып алабыз да (диаметри болжол менен 26 сантиметрдей болот), электр мешинин табасына пергамент кагазын төшөп, үстүнө жайылган камырды салабыз.
  • Камырдын бетине манна акшагынан себелеп, алманын кесимдерин тизебиз. Четинен 6 сантиметрдей аралыкты бош калтыруу керек. Аягында бош калган жерди туурамжынын үстүнө кайрып жабабыз.
  • Галетаны 180 градуста иштеп турган электр мешине 25-30 мүнөт коюп бышырып алабыз. Эгер мындан да таттуу галета жегиңиз келсе, алманын үстүнө кумшекерден себелеп койсоңуз болот.

АЛМУРУТ ДЕСЕРТИ

Керектелүүчү азыктар:

Алмурут – 750 грамм

Рикотта сыры – 150 грамм

Грек жаңгагы – 5 даана

Бал – 2 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

  • Алмуруттарды жууп, тигинен тең экиге бөлөбүз, данектерин тазалайбыз.
  • Электр мешинин табасына пергамент кагазын төшөп, алмуруттарды тизип, ичине рикотта сырын салып, бал куябыз. 200 градуста иштеп турган электр мешине 15 мүнөткө салабыз.
  • Мештен чыгарып, үстүнө майдаланган жаңгакты себелеп дасторконго коёбуз.

ЖҮГӨРҮ ҮЛПҮЛДӨГҮНӨН ТОРТ

Керектелүүчү азыктар:

Жүгөрү үлпүлдөгү – 100 грамм

Желатин – 10 грамм

Суу – 50 миллилитр

Кара шоколад – 100 грамм

Ак шоколад – 100 грамм

Каймак май – 70 грамм

Быштак – 200 грамм

Ванилин кумшекери – 10 грамм

Кумшекер – 1 аш кашык

Сүт – 100 миллилитр

Мөмө-жемиш – 200 грамм

Даярдоо ыкмасы:

  • Желатинди сууга чылап, көөп чыкканча тыныктырып коёбуз.
  • Кара шоколад менен каймак майды суу ваннасында эритип алып, ага жүгөрү үлпүлдөгүн салып аралаштырабыз. Бул торттун негизи болот.
  • Торт бышыруучу калыптын капталына пергамент кагазын төшөп, жогорудагы аралашманы ныктап, тегиздеп салабыз да, муздаткычка 30 мүнөткө коёбуз.
  • Быштакка ванилин кумшекерин кошуп алабыз.
  • Сүттү кайнатып, ага желатинди кошуп аралаштырабыз. Сүт муздаган соң быштак, кумшекер жана эритилген ак шоколадды кошуп жакшылап аралаштырсак креми даяр болот.
  • Кремди торттун үстүнө тегиздеп салып, 10 мүнөт муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө коёбуз. Торттун бетин каалаган мөмө-жемиштин кесимдери менен кооздоп койсок болот.

Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
BemaAzat9290
2020-11-16 22:03:32
Сонунго Рахмат супер
0
№ 936, 12-18-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан