(Башы өткөн сандарда)
Мурдумду кармап отуруп калсам, Акимыч күчүнүн барынча эле тээп-тээп алды. Аба жетпей дем ала албай, оозумду чоң ачып дем алышка аракет кылып жатып калдым. Каерге тебишти да билишет экен. Күрмөм калың болуп, аз да болсо сактады окшойт. Экөө эки жагымда тапанчаларын такап турушат. Башымдагы чачыкты чечип, бети-башымды тазаладым, кан толуп калыптыр. Муслим дагы тебейин деп шымаланып калды эле, бир колумду көтөрүп, «болду, болду, түшүндүм» дегендей кылдым. Антпесем уруп- тепкилей берише турган. Ичимди кармалап көрсөм сынган жерим жок. Эч жерим сынбаптыр, али керекмин буларга, алтындарды менсиз алып чыга алышпайт да.
– Макул, макул, жеңдиңер, эмне кылабыз?- дедим айлам кетип.
– Сөздү башында эле ушундан башташ керек эле,- деп Акимыч алдыма отуруп, чачымдан тартып кармап башымды көтөрүп:
– Биз ушул жерде алтын бар экенин билебиз, сага да беребиз, коркпо. Азыр Муслим экөөң түшүп, алтындарды салып чыгып, жипке байлап, мага бересиңер, мен тартып алгандан кийин сен бизге ишенишиң үчүн экинчи сен чыгасың, сенден кийин гана Муслим чыгат. Сен өзүңдүн үлүшүңдү алып каалаган жагыңа кете бересиң.
«Хе» дедим ичимден, жаш баланы алдагандай алдашат да:
– Менин тирүү калышыма баары бир кепилдик жок экен да. Ким кепил боло алат артымдан атпашыңарга?
– Сөзүбүзгө ишенбегенден башка жолуң жок сенин. Эгер макул болбосоң ушул жерде атып салабыз. Сенден башка альпинист жок деп ойлойсуңбу?
Туура айтат, менден башка адам таппай калышмак беле? Бир ой келди, макул болдум. Менин дароо макул болгонума Акимыч таң калып, бир нерседен шекшип көзүмө карап турду да:
– Эй бала, көзүңдү чоң ач, бир нерсе кылсаң дароо атып салам, уктуңбу?- деп, ишенсин дедиби, дагы ичиме бир тээп алды. Дагы талып жатып калдым.
Бир аздан кийин өзүмө келдим.
– Эмнеге салып чыгабыз?
– Рюкзагыңа саласыңар.
– Ал жерде алтын көп, чоң ящикте толтура алтын бар, рюкзакка батпайт, кеминде үч кап керек.
– Ошондой көппү?- деп экөөнүн көздөрү жайнап кетти.
– Анчалык көп эмес, бирок үч капка, рюкзакка бөлүп салыш керек, алтын оор болот. Көп салсак алып чыга албайбыз, көтөрүш кыйын болуп калат.
Акимыч Муслимди карап:
– Мен айттым эле го сага,- деди. Анан мени карап «макул, кап бар» деп Муслимге «жүрсөң» дегенсип ээрчишип менден алысыраак барып кеңешишти да, Муслим тээ ылдыйга түшүп барып эки жаңы кап алып келди. Аттары бар болсо керек да, кантип байкабадым экен, түндө эле келип мени күтүп жатышкан окшойт.
Акимыч «үчөөбүз түшөбүз» дейт. Алтын көп болсо Муслим бир нерсени баштабасын деп мени менен өзү жалгыз түшкөндөн коркту окшойт.
Үчөөбүз түшмөкчү болдук. Кайсы жипти кармап, кантип түшөрүбүздү түшүндүр дешет.
Биринчи болуп мен түштүм, Акимыч мага тапанчасын каратып, атканга даяр болуп турат, артымдан эле Муслим түштү. Тапанчасын мени ата койгонго ыңгайлуу кылып колуна байлап алган. Эки көзү менде, мен тектирге эки-үч метр жетпей таштарды кулатып, аппаратты жактым. Келемиштер бир заматта пайда болушту да, үч-төрт мүнөттөн кийин бирден-экиден болуп жатып баары кайра шаркыратманын ичине кирип жоголушту. Акырын тектирчеге түштүм, артымдан эле Муслим, анан Акимыч түштү, экөөнүн колунда пистолет, мага такап алышкан. Аппаратты алдыма алып акырын басып шаркыратманын ичине кирдим, артымдан экөө да киришти. Алар да фонарик алып алышкан экен, жагып үңкүрдүн ичине кирдик. Экөөнө жерде жаткан скелетти көрсөттүм, «этият болгула» дегенсип. Сүйлөгөн менен суунун шарынан эч нерсе угулбайт эле. Скелетти көрүшүп экөө тең коркуп кетишип дубалга сүйөнүп калышты. Менин коркпогонум дем болду окшойт, бир аз турушту да, дубалга жармашып айланып өтүшүп, үңкүрдүн ичин кызыгып карай башташты. Мен «болгула» дегенсип экөөнү ээрчитип алтын төгүлгөн жерге алып барып, алтындарга жарык кылсам ооздору ачылып, өзүлөрүн жоготуп туруп калышты. Биринчи болуп Муслим өзүнө келди да, мени бир нерсе кылып жиберет деп коркту окшойт, дароо мага фонаригин жарык кылып тапанчасын такады. Мен колдорумду эки жакка жайып эч нерсе кылбайм дегендей башымды чайкадым. Куралы жок колунан эмне келет дедиби, кайра алтындарды карап, экөө сүйүнгөнүнөн бир нерселерди сүйлөп жиберишти, түшүнгөн жокмун суунун шарында. Отуруп алып колдоруна кочуштап алышып, Акимыч алтындарды бетине сыйпап, жыттап-жыттап алды. Мен «болгула» дегенсип колумдагы саатты көрсөткөндөй белги кылып каптын бирөөсүн алып оозун ача баштадым. Каптары да берзенттен тигилген, аябай бышык экен. Алар да экөөлөп бир капка сала башташты. Жерге төгүлгөн алтындар түгөнгөндө Муслим ящиктин ичиндегилерди колу менен шилеп түшүрүп эки капты жарымдан азыраак кылып салдык. Көтөрүп көрсөк аябай эле оор болуп калыптыр, мен рюкзагымды чечип, эки каптан алып үчөөнө теңдеп салып, ооздорун байладык. Көтөрсө боло турган эле болуптур, кичине эле алтын ушундай оор болобу? Рюкзакты үңкүрдүн ортосундагы көлдүн чекесине, тешиктин кырына түшөр-түшпөс кылып коюп, дагы бир капты көтөрүп келип жанына койдум. Акимыч да бир капты көтөрүп келаткан экен, жардам берген адам болуп колунан алсам, ал да бутун суу кылгысы келбедиби, мага берди, рюкзактын экинчи жагына койдум. Ойлору алтында болуп эч нерсени байкашкан жок.
Ящиктеги алтындардын жарымын салган окшойбуз. Мен тешикке келип ящиктин кармагычын тартсам, ичиндеги алтындар чачылып, ар жактарга тоголонуп кетти эле, дароо отура калып фонариктин жарыгында чогулта баштасам, тиги экөө да фонаригин кармап алтын терип эки жакка кетишти. Алтындарды издеген адам болуп тигилерге байкатпай келемиштерди кууган аппаратты өчүрүп салдым. Экөө алтындарга алаксып эч нерсени байкашкан жок. Эми даяр туруш керек. Сууга жакыныраак жерлерден алтын издеп жаткан адам болуп турсам, келемиштер көп күттүргөн жок. Эки мүнөт да өтпөдү окшойт. Биринчи болуп үңкүрдүн чекесинде турган Акимыч бакырды, ага удаа эле Муслимдин бакырган үнү угулду. Бакырбагандан башка эмне кылышат эле, мышыктай болгон келемиштер кеминде он беши бир жармашса, кийимдери да жука. Бакырышып, кыйкырышып эле тапанчалары менен туш келди аткылай башташты. Келемиштер да чыйылдашып, айтор, ызы-чуу эле түшүп калды. Фонаригимди дароо өчүрдүм, үңкүрдүн ичи караңгы болуп калды.
Мен дароо турган жеримден секирип эки капты, рюкзакты денем менен, салмагым менен сүзүп, сүрүп сууга түшүп кеттим. Суу дароо эле тартып кетти. Таштарга урунсам аз болсо да сактайт деп каптын бирөөсүн алдыма алып бекем кучактап алдым.
Урунуп-беринип жатып көлгө түштүм, мурункуда байкаган эмес экенмин, үңкүрдүн тешигинен түшкөн суунун орду үч-төрт метрдей оюк болуп калыптыр. Каптар ошол чуңкурга түшүп кетиптир, араң алып чыктым. Суунун түбүндө бир топ эле жеңил болуп калат экен. Эми сыртка алып чыгыш керек.
Ичиме байлаган он метр жипти үңкүрдүн ичине, орчук болуп чыгып калган ташка бекем байлап, экинчи учун белиме байлап каптын бирөөсүн алып туннель менен агып сыртка, көлгө алып чыктым. Суунун агымы туннелдин ичинде аябай эле күчтүү болот экен, жип байлабасам кайра кире албай калмакмын. Дагы эки жолу кирип алтындарды алып чыгып, суунун түбү менен сүзүп, асканын түбү менен, шаркыратманын артынан, суу тийбеген жагы менен сүйрөп келип үңкүргө үчөөнү тең ташып келдим...
(Уландысы кийинки санда)