6-ноябрда Сингапурда өткөн «One Matrix II» турниринде кыргыз мушкери Кямран Аббасов америкалык мушкер Жеймс Накашимини техникалык нокаут менен жеңип, жеңил салмактагы One FC титулун коргоду. Аббасов атаандашын беттештин төртүнчү бөлүгүндө техникалык нокаутка учуратып, биринчи жолу чемпиондук титулун коргоп калды. Жалпысынан Кямран эрежесиз мушташ боюнча 26 беттеш өткөрүп, анын 22синде жеңишке жетсе, төртөөндө жеңилүү ызасын тарткан.Жумабай Акимов