Айжан Акылбекова кыргызга төбөсү көрүнгөн, коомго пайдалуу иш жасайын деген айымдардын бири. Айжан айым маегибизде достук, бала тарбиясы, келин-кайнене тууралуу кызыктуу ойлору менен бөлүштү.
– Айжан, айтсаңыз, бир нече жылдан бери «Элечек жумалыгы» аттуу иш-чараны өткөрүп келесиз, жыйынтык сиз каалагандай болуудабы?
– Рахмат, 2013-жылдан бери улуттук кийимдер менен алек болуп келе жатам. Башында өзүмдөн баштагам. Адам өзү көрүп туруп, анан башкаларга үйрөтүү керек эмеспи, мен элечек кийип жүргөнүмдө көптөр таң калып, кызыгып, кээ бирөөлөр алкап калышчу. Азыр эл кадимки көрүнүш катары кабыл алып калды, бул эмгектин жыйынтыгы деп эсептейм. Элечекти жайылтуу боюнча көп иштерди кылдык. Жер-жерлерге бардык. Планыбызда дүйнө жүзү боюнча чет жакта жүргөн кыргыздар менен флешмоб өткөрөлү дегенбиз, пандемия жолтоо болуп калды. Элечекти кийип жүрүү – башкача бир сыймык, элечек кийген айымды карап туруу да духту көтөрө турган сезим. Колубуздан келсе элечекти коомго кадыресе киргизсек деп турабыз.
– «Өлүм менен өмүрдү башына көтөрүп жүргөн элбиз» деген сөзүңүз аябай таасир берди...
– Биздин аз эле даңктала турган нерселерибиз бар экен. Манас, Чыңгыз Айтматов, элечек, мамлекетибиз жана башка ушул сыяктуу нерселер. Буларды жоготуп албайлы деп жан үрөш керек. Элечек – кыз бала турмушка чыкканда кийгизиле турган баш кийим. «Ак элечегиң башыңдан түшпөсүн» деген алкоо «узун өмүр сүр» деген маани. Кыргызда элечек бир гана учурда – өлгөндө кепин болуп башынан түшөр эле. Элибиздин чоң философиясы ушул. Аял элечекти өлүм менен өмүрдүн акыйкатын түшүнүү менен башында көтөрүп жүрөт. Мындан башка да функциялары болгон, бирок негизгиси кепин. Жогорудагы сөздү ушул тууралуу айткам. Андан тышкары аялдын статусун, канча жашта, байбичеби же токолбу, байбы же кедейби, кайсы урууга тиешелүү экени элечектен белгилүү болгон.
– Адатта шарият менен кыргыздын баалуулуктары карама-каршы коюлуп калат. Сиз бул экөөнү айкалыштырып келе жатасыз, бул дипломаттык жакшы чечим деп ойлойм...
– Динге келгениме он жылдай болду, бул аралыкта көп кыйынчылыктарды көрдүм. Бул изденүүлөрдүн жыйынтыгы болду десем болот. Улуттук кийимге кызыгуум мурун эле бар эле. Сиздей болуп мен деле дин менен каада-салттын карама-каршы келип калган учурларын байкагам. Элечек менин көп суроолорума жооп, өзүм үчүн чоң табылга болду. Улуттук баалуулуктарды шариятка туура келгендей алып жүрүү мүмкүн экенин билип аябай кубандым. Чын эле бирөөнү туурагың келбейт, башка улуттун маданиятын жайылткың келбейт. Мен динде болуу менен улуттук баалуулуктарды бириктирдим десем болот. Жабык жүрүү улутумдун маданияты экенин билгенимде аябай сүйүндүм. Жайылтууну чечтим.
– Жакында "Ала-Тоо" аянтындагы окуялардын эртеси күнү аянтты балдарыңыз менен тазалап жүргөнүңүздү көрдүк. Бул кимдин идеясы болду?
– Бул жолку төңкөрүштө жүрөк ооруткан көп нерселер болду, бирок сүйүндүргөн да нерсе болду. Чын эле жаш муун мекенчил болуп тарбияланып жатканын көрдүм. Инилерим элдик кошуундун катарында болуп, тааныбаган эле бирөөлөрдүн мүлкүн коргоп жүрүштү. Эч бири «мен ушул жерде жүрөм» деп сүрөттөрүн жеке баракчасына киргизишкен жок. Бирок күнү-түнү жанын сайып ошол жерде жүргөнүн өзүм көрдүм. Балдарым мекен үчүн бир нерсе кылып калсын деп күйгөн энемин. Балдарыма «мекенге пайдаңар тийбесе да, зыяныңар тийбесин» деп көп айтам. Аларга «мекеним үчүн жок дегенде таштандысын тазалайм» деген ойду бергим келди. Тун уулум бул окуяны жүрөгү менен кабыл алды. Өзү билимге кызыккан жигит. Түнү менен уктаган эмес, болгон маалыматты карап тынчсызданып жаткан. «Балам, жүрү көчөнү жыйнайлы» десем эч суроо берген жок, кадимкидей барып эле иштеп келдик. Ошол күнү суук эле, үшүп ооруп калдык. Жаштар беттерин бет кап менен жаап алып эле иштеп жүрүштү. Эч ким сүрөт киргизип, сүрөт тартып да жүргөн жок. Ушул чын ыкластуулук аябай сүйүндүрдү.
– Жалгыз бой аял дайым атанын ордун толтурганга аракет кылат, сизде да ушундай болдубу?
– Эне менен атанын ордун толуктоо мүмкүн эмес. Аталуу балдардын жанында болгондо балдарымдын көзүнөн бөксөлүктү көп байкап калам. Мухтардын (ред.: Өмүракунов) бир туугандары атанын ордун жоктоткон жок. Атанын ордун толуктабаса да, максималдуу түрдө жандарында болуп жатышат. Андан сырткары дин боюнча устазга барышат. Ушу эки нерсе балдарымды көп нерседен алып чыгып кетти деп ойлойм.
– Бала тарбиясына көп көңүл бурасыз. Биз кийинки 20 жылдыкта коомго кандай муун тарбиялашыбыз керек?
– Келечекте өз ордун билген муунду тарбиялашыбыз керек. Мисалы, балдарымдын баары китеп окуйт, бирок бирөө эле китепкөй. Бири саясатты, экинчиси технологияны, үчүнчүсү бизнести жакшы түшүнөт. Эл бийлегиси эле келген муунду эмес, коомго өзүнүн салымын кошо алган балдарды тарбиялашыбыз керек. 20 жылдан кийин адамдарды, пикирди сыйлаган, билимдүү муун келиш керек.
– Достук тууралуу сурагым келди. Нурзат Токтосунова, Асел Чоткараева менен көп жылдан бери доссуңар, билишимче...
– Менин башка да досторум бар. Театрда иштеген убактан бери Альбина Имашова, Мээрим Касаболотова болуп жакшы мамиледебиз. Мен аларга «жоолук салын» дебейм, алар мени «актрисалыкка кайт» деп айтышпайт. Биздин ички дүйнөбүздү, тээ мурунтан эле ким экенибизди билебиз, ошол маанилүү. «Мен ушул адам менен дос болоюн» деп аны менен эч качан дос боло албайсың. Достукту да тагдыр табыштырып коёт экен. Асел экөөбүз кичинебизден таанышпыз, кошуна элек. Нурзатты болсо сыртынан карап сыйлачумун. Жаңы нерсени жасагандан коркпогон адам катары баалайм. Кийин жакын болуп кеттик. Кызыгы, биз чогулганда көйнөк, ооз боёгуч тууралуу сүйлөшпөйбүз. Тим эле Кыргызстандын тагдырын чечип жаткандай, коомду, тарбия тууралуу талкуулап, күйүп-бышып кетебиз. «Коом үчүн, улут үчүн эмне кыла алабыз?» деген кызуу талаштар болот. Бизди ушул нерсе байлады. Көз караштарыбыз дайым эле дал келе бербейт. Бирок жалпысынан күйгөн нерсебиз бир. Болбосо үчөөбүздүн мүнөзүбүз ар башка, ар бирибизди түшүнүү кыйын.
– Кайненеңиз менен аябай жакшы мамиледесиз. Келин-кайнененин ортосундагы пикир келишпестик болбосо керек.
– Мухтар «апам менен дос болуп алсаң, сонун адам» дечү. Башында апамдан коркчу элем. Менин мүнөзүм жабык, адамдарды өзүмө жакындата албайм, өзүм дагы ачыла албайм. Сейрек адамдарды эле өзүмө жакындата алам. Башында апама «келиңиз, жакшысызбы, чай ичиңиз» деп эле батына албай жүрчүмүн. Өзүм кичинемде таенемдин колунда чоңойгом. Кийин таенемди жакшы көргөндөй апамды жакшы көрүп кеттим. Азыр «кайненем экен» деп ойлоп тартынмай жок. Эркелеп, эмнени ойлосом ошону айта алган жакын адамыма айланды. Ортобузда башкача бир байланыш бар. Кайненем дагы көп адамды өзүнө жолото бербейт. Мүнөздөрүбүздө окшоштуктар бар үчүн тил табыштык окшойт. Апам «сенин дагы меникиндей болуп эркек балдарың бар, бир кыз багып ал. Мага окшоп сырдаша турган адамың жок жалгыз болуп каласың» деп айтып калчу. Анын беш эркек баласы бар, меники үч эркек эмеспи. Эркек бала апалап жакшы көрөт, айланчыктап эле жүрөт, бирок сырдаша албайсың да. Апам экөөбүз бири-бирибизди таптык окшойт. Сырдашпыз.
– Балдарыңыздан сизге окшошу барбы?
– Ортончусу мага окшош. Жалгыздыкты жакшы көрөт. Кичүүсү Мухтарга окшош, элге жакын, ачык бала. Чемоданын сүйрөп алып эле коноктоп жүрөт (күлүп).
– Балдарыңыз сиз каалагандай мекенчил болуп чоңоюшсун. Маегиңизге рахмат!
Нуржамал Жийдебаева