«Эң сексуалдуу актёр» титулунун ээси ЛИ ДОН УК

Ли Дон Ук Чежудо аралында деңиз бойлой басып кыялданганды, табият коюнунда эс алганды жактырат. «Хоббиң эмне?» деп сураса «эч нерсе кылбай диванда отуруу» деп маектешин күлдүргөнү бар. Экранда көп ирет романтик адамдын образын жаратканы менен, жашоодо өзүн романтиктердин катарына кошпойт. Баскетбол, футбол, таэквондо, сноубордго болгон кызыгуусу анын чымыр денелүү, келбеттүү мырза болушунун себептеринин бири. Күйөрмандарына кызыктуу образдарды тартуулап келген актёр Ли Дон Ук бүгүнкү макалабыздын башкы каарманы.

Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары

Туулган жылы – 1981-жыл, 6-ноябрь

Бою – 184 сантиметр

Үй-бүлөдө – 2 бир тууган, карындашы бар

Кесиби – Актёр, модель

Тартылган белгилүү тасма, сериалдары – «Менин сүйлөшкөн кызым», «Отель падышасы», «Ынак мамиле», «Ички сулуулук», «Гоблин», «Сенин жүрөгүңө жете алсам...», «Кумихо жөнүндө жомок» жана башка.

ЖӨНӨКӨЙ ШАРТТА ЧОҢОЙГОН ЖӨНӨКӨЙ АДАМ

Бүгүн ал ийгиликтүү адам, дүйнөгө белгилүү актёр. Ли Дон Укту жакындан тааныгандар анын жөнөкөйлүгүн, «жылдыз оорусуна» кабылбаганын айтышат. Балким, бул сапат анын балалыгындагы оор учурлардан улам сакталса керек. Дон Ук Түштүк Кореянын борбору болгон Сеул шаарында жашаган ынтымактуу, бактылуу үй-бүлөдө жарыкка келген. Ата-энеси баласына каражаттын жетишсиздигинен улам каалаганын алып бере албаса да, мээримге бөлөп чоңойтушкан. Карындашы төрөлгөндө кубанган агасы «карындашым батыраак чоңоюп, күйөөгө тийсе, мен анын үлпөт тоюна барам» деп балалык баёо оюн айтчу. Ага кинодон көргөн жаштардын үлпөт тою, кийимдери, майрамдык маанай абдан жагар эле.

Борбор шаарда жашоо шарт кымбатка туруп, айла издеген үй-бүлө айылга көчүп кеткен. Айылдын тынч жашоосу, көчөдө ээн-эркин ойногон балалык Дон Укка жакчу. Өзгөчө кечкисин айыл эли чогулуп кары адамдардын акыл-насаатын, кызыктуу окуяларын угуп, тамашалашып отурган учур сонун эле. Ал мына ушандай жөнөкөй шартта чоңоюп, жөнөкөй боюнча калды.

КӨП КҮТТҮРГӨН ИЙГИЛИК

Жогорку окуу жайына тапшырарда чыгармачылык багытты жактырып, киноискусство адистигин тандайт. 18 жашында алгачкы ирет роль алып, «Мектеп» сериалынын экинчи бөлүгүндө эпизоддук ролго тартылган. Андан кийинки 6 жыл жаш актёр үчүн театрларда, айрым кино, сериалдарда эпизоддук ролдорго тартылуу менен эле өтүп кетти. Дон Ук күткөн ийгилик 2005-жылы келип, ал баш каармандын образын жараткан «Ханойдо жашаган колукту» жана «Менин сүйлөшкөн кызым» сериалдары жогорку рейтингдерге жеткен. Популярдуу сериал менен кошо «жаңы жылдыз» жаралып, Ли Дон Уктун аты ар бир «үтүктөн» чыгып, анын сүрөтү көп кыздардын бөлмөсүндө илине баштаган. Мурда эпизоддук роль сунуштаган кинорежиссёрлор эми баш каармандын ролун сунуштаган сценарийлерин көтөрүп Дон Уктун макулдугун алуу үчүн кезекке туруп башташкан. Ал тартылган «Ынак мамиле» боевиги өзүн 3 эсе актап, эң кассалуу тасмалардын эле катарына кирбестен, баш каарманга дүйнөлүк атактуулук да алып келген.

ФАНТАСТИКАЛЫК ТАСМАЛАРГА КӨП ТАРТЫЛАТ

Байкасаңыз, Ли Дон Уктун фильмографиясында фантастикалык образдар көп. 2006-жылы чыккан ужас жанрындагы «Аран» тасмасы биздин каарманды жаңы амплуада көрсөттү. Романтикалык образ ээси драмалык ролдорду да мыкты аткарарын далилдеди. «Темир адам», «Ички сулуулук», «Гоблин» сериалдары фантастиканы жактырбаган көрүүчүлөрдү да өзүнө тарта алды. Айрыкча «Гоблин» сериалындагы өлүм кароолчусунун (жнец смерти) ролу өзүнө абдан жарашкан. Сериалдагы өнөктөшү актриса Ю Ин На экөөнүн ортосундагы «химияга» кызыккандар көп болуп, экөө жаңы «Сенин жүрөгүңө жете алсам...» дорамасына тартылып, ал жакта бактылуу түгөйлөрдүн образын жаратышкан. Учурда Дон Ук кайрадан фантастикалык дорамага тартылып, сериал сүйүүчүлөрүн экран алдына байлап турган чагы. Эгер сизге фантастика жакса, анда «Кумихо тууралуу жомок» дорамасын көрүңүз.

СЫЙЛЫКТАРЫ

20 жылдык актёрдук карьерасында Ли Дон Ук көптөгөн кино сыйлыктарга ээ болду. Коомду тарбиялоо, кайрымдуулук иштери, маданиятка кошкон салымы үчүн «Жыл адамы» да аталды. Актёр азыр 39 жашта. Популярдуу болгондон баштап моделдик кесипти да аркалап келген Дон Укка учурда да суроо-талап күч. Мен-мен деген дүйнөлүк бренддердин, компаниялардын жүзү болуп келет. Ак жуумал жүзү үчүн күйөрмандары аны «сүт бала» деп эркелетишет. Узун бойлуу, мыкты спорттук дене түзүлүшкө ээ, келишимдүү актёр бир нече жолу «Эң сексуалдуу актёр» титулун алган. Ага бул титулду керек болсо азыр колуна карматкысы келгендер да көп.

СҮЙҮҮ ЖАШКА КАРАБАЙТ

2012-жылы бир маегинде белгилүү актриса, ырчы, модель Сюзи «идеалдуу мырза деп кимди эсептейсиң?» деген суроого «актёр Ли Дон Укту» деп жооп берген. Ошол кездеги тамаша-чыны аралаш жооп 2018-жылы чындыкка айланып, Ли Дон Ук менен Сюзи кыз-жигит деген маалымат дүң эткен. Бир иш-чарадан таанышып, махабат оту тутанган түгөйлөрдү колдогондор да, «өзүнөн 13 жаш улуу адам менен мамиле курду» деп Сюзини сындагандар да чыккан. «Сүйүү жашка карабайт» деген принципти карманган түгөйлөрдүн мамилеси 4 айга гана созулуп, кайсы кара мышык аралаганын ким билсин, экөө эки башка жолго түшкөн. Ли Дон Уктун Сюзиден башка мамилеси ачыкка чыга элек. Ал эми Сюзи болсо бир нече жыл белгилүү актёр Ли Мин Хо менен кыз-жигит болгону белгилүү.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 936, 12-18-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан