7 ЖАШАР КЫЗ ООРУКАНАДА КАЗА БОЛДУ. Окуяга дарыгерлердин кайдыгерлиги себеппи?

10-ноябрда редакциябызга Кочкор районундагы айылдардын биринен кат келип түштү. Маалыматта 2013-жылы туулган Сайда Кубанычбекова сокур ичегисине (аппендикс) операция жасатып, Кочкор райондук ооруканасынан каза болгону айтылат. Жети жашар кыздын өлүмүнө жакындары дарыгерлерди күнөөлөшүүдө. Биз окуянын чоо-жайын изилдеп көрдүк.

“ВРАЧТАРДЫН КАТАСЫНАН УЛАМ КЫЗЫБЫЗДАН АЙРЫЛЫП КАЛДЫК”

Өзүн Сайда Кубанычбекованын чоң энеси болом деп тааныштырган Анаркан Кыйыкбаева төмөнкүдөй нааразычылыгын билдирди:

– Неберемдин башы, ичи ооруп, ден соолугу начарлаганда келиним өзүбүздүн Кара-Суу айылындагы 11-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна алып барса, врач “бет кабым жок” деген шылтоону айтып баланы карабай коюптур. Анысы аз келгенсип, “сен баланы ооруканага алып барган менен майрамга байланыштуу врачтар иштешпейт” деп коёт. Кызды бөлмөсүнө киргизип текшербей эле сырттан узатып жибериптир. Ошентип ал үч күн үйдө кармалат. 9-ноябрда баланы ата-энеси Кочкор районундагы борбордук ооруканага алып келет. Врачтар кызды келер замат саат 9:45те реанимацияга киргизет. Анан келиним мага телефон чалып, “апа, бизди карабай жатат, Бишкекке же Балыкчыга алып кетелиби?” деди. Көрсө, врачтар жок экен. Кыз үч саат бою кайра жандандыруу бөлүмүндө жата бериптир. Биз келип акимге телефон чалып, ал башкы дарыгер менен байланышып отуруп, акыры врачтар келди да, сокур ичегиси жарылып кеткен деп диагноз коюшту. Алып кетели десек “сокур ичеги жарылып кеткенде жолдо жүрүүгө болбойт” деп врачтар болбой коюшту. Бала саат 14:10до операцияга кирди. Операция 20 мүнөткө гана созулду. Эсен Акматбеков диагнозду өзү коюп, операцияны да өзү жасады. Врачтар “сокур ичеги жарылбаптыр, ага таш толуп калыптыр” деп, далил катары келиниме көргөзүшүптүр. Мен кечкурун келинге телефон чалсам, “апа, эсине келип жатат” деди. Баланын “апа, мен кайда жатам?” деген үндөрүн телефон аркылуу уктум. Андан кийин саат 22:00дө кызыбыздын абалы начарлай баштаптыр. Көрсө, кандагы канттын көрсөткүчү жогорулап кеткен экен. Алар операция жасоодон мурун анализ алышпаптыр. Түн ичинде реанимацияда дары жок. Өзүбүздүн алысыраак тууганыбыздын үйүнөн инсулин алып келдик. Ал жардам бербегенден кийин кайра жандандыруу бөлүмүнүн медайымын "кызыл зонага" чуркатып алдырдым деп жатат. Кычкылтек аппаратка да кошушат. Ошентип отуруп таңга маал кыз чаркап калды.

Күнөө врачтарда деп эсептейбиз. Баары айылдык ҮДТнын врачынан башталды. Андан кийин сокур ичеги жарылып кетти деп бизди башка ооруканага жөнөтпөй коюшту. Болбосо кызды Балыкчыга же Бишкекке алып кетмекпиз. Канынан да анализ алышкан эмес. Соттук экспертиза жасаталы деп жатканбыз. Бирок кызды кыйнабай эле коёлу деп жерге бердик.

“ҮЙ-БҮЛӨСҮ МЕНЕН КАНТ ДИАБЕТИНЕН ЖАБЫР ТАРТЫШАТ ЭКЕН”

Бул окуя боюнча кызга операция жасаган Кочкор райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн дарыгери Эсен Акматбеков менен байланышып, төмөнкүчө жооп алдык.

– Сайда Кубанычбекованы ата-энеси 3 күн үйүндө алып жаткан. Кыз ооруканага 9-ноябрда оор абалда түшкөн экен. Мен саат 1лерде келсем, дарыгерлер операцияга дайындап жатышыптыр. Операцияны үч киши жасадык. Жеңил өттү, бирок абалы эмнегедир начар болчу. Операциядан соң реанимацияга жаткырып, анализ алсак, канындагы канттын көрсөткүчү 26га чыгып кетиптир. Аны акырындан түшүрүшүптүр. Мен таңкы 5те башка бир операцияга келдим. Ошондо кыздан кабар алайын деп кирсем, кычкылтекте жаткан экен. Апасы жанында эле. Кыздын абалы начар болчу. Аны дароо апасына айтып түшүндүрдүм. Апасы “биз тукумубуз менен кант диабети менен ооруйбуз” деди. Андан соң үйгө кеттим. Бир сааттан кийин эле артыман “кыз каза болуп калды” деп телефон чалышты. Кайра ооруканага бардым. Апасына кезиге алган жокмун, бирок эжесине түшүндүрүп айттым. Көрсө, булар үй-бүлөсү менен кант диабетинен жапа чегишет экен. Бейтап ооруканага шашылыш операцияга муктаж болуп келген шартта кантка анализ алабыз да, операция жасай беребиз. Кыздын анализи операция жасалып бүткөндөн кийин чыкты. Кант диабети менен жапа чегери аныкталды, чекпеген күндө да операция жасалышы керек болчу. Мындай учурда күтүп отурууга болбойт.

“КЫЗДЫ БИЗГЕ АЛЫП КЕЛИП КӨРСӨТҮШКӨН ЭМЕС”

Кара-Суу айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Асанбүбү Садыкова менен да байланыштык.

– Мен жума күнү, тактап айтканда, 6-ноябрда эртеден кечке жумушта болгом. Бизге Сайда Кубанычбекованы эч ким алып келген эмес. Муну мени менен бирге иштеген медайым жана санитарка тастыктап берет. Сайданын жакындары 8-ноябрда саат 15:51де телефон чалган экен. Мен ал убакта жумуштарым менен чыгып кеткем. Телефонум үйдө калыптыр. Ошондо 2-класста окуган неберем “чоң апам жок” деп жооп берген экен. Андан кийин мага телефон чалган эмес.

Жума күнү Сайданы бизге алып келишкен эмес. Биз келген кишилерди антип кабыл албай койбойбуз. Бизде жетиштүү өлчөмдө бет каптар бар. Ошолорду берип эле кабыл алабыз. Ичим деп келгендерди биз карабай коё албайбыз. 9-ноябрда эртең менен саат 9:57де мага, үйгө келишиптир. Дарбазаны ачсам баланы машинадан түшүрүп жатышыптыр. Кыздын абалы өтө начар экен. Мен аны көргөндө эле билдим. Бирок азыркы кооптуу абалда жанына барып кармаган жокмун. Деми кысылып, араң дем алып, өңү бопбоз болуп туруптур. Мен коркуп кетип, “дароо ооруканага алып баргыла, жандандыруу бөлүмүнө жаткырыш керек” дедим. “Эмне мынча баланы кармадыңар?” деп сурадым. Кыздын апасы ооруканага багыттама жазып берүүмдү сурады. Кагаздар ооруканада болчу. Анын үстүнө убакыт өтө тар болгондуктан “Тез жардамга” барсаңар, алар өздөрү реанимацияга жаткырат деп жөнөттүм. Анткени 9-ноябрь иш күн эмес болчу. Арадан 40 мүнөт өткөндөн кийин кайра артынан телефон чалдым. “Реанимацияда жатабыз, тамчылатма дары куюп жатат. Азыр анализдерин алып кетишти” деди. Ошол бойдон кыз реанимация бөлүмүндө дарыланууда калган.

10-ноябрда эртең менен энеси “Елена экөөңөрдү өлтүрөм” деп телефон чалды. Елена Абдиева бизде иштеген медайым. Анын деле эч кандай күнөөсү жок. Ага телефон чалып, “Ася эжеге көргөзүңүздөр” деп айткан экен. Андан башка көрсөтмө беришкен эмес, мага да келишкен эмес.

“КЫЗЫБЫЗДЫН ДАРЫГЕР БОЛОМ ДЕГЕН МАКСАТЫ БАР БОЛЧУ”

Сайда Кубанычбекованын жеңеси окуя тууралуу буларга токтолду:

– Үй-бүлөдө Сайда үч бир туугандын улуусу. Быйыл гана биринчи класстын босогосун аттаган. Сабактарын “5” деген баага окуп жаткан. Өзү ырдап, бийлегенди жакшы көргөнү менен, келечекте дарыгер болом деген максаты бар эле. Үйдөн апасынын оң колу болуп, инилерине каралашып калганда айрылып калдык. Тилекке каршы, ушунун баары медицина кызматкерлеринин шалаакылыгынан, жоопкерчиликсиздигинен болуп отурат.



Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Nuri1988Elim2010
2020-11-16 10:06:33
Эх, кайдыгерлик,
жайы жаннаттан болсун.
+3
Nestanka20
2020-11-16 10:54:58
Ошондо кимисине ишенсек болот? Кыздын жаткан жери жайлуу болсун.
+3
mariolan
2020-11-16 11:58:37
кимге ишенээриңди билбеген заман
+2
BemaAzat9290
2020-11-16 14:04:04
Аллах сабыр берсин бирок олумуно врачтар себепкер болуп калды
+6
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-11-16 19:50:31
Кайдыгерлик.Уйдо 3кун кармабай өздөрү эле алып бара берсе болмок Балыкчыга.Бироону күнөөлөш оңой.
+2
Aruuzat14
2020-11-16 22:33:05
Карга карганын козун чукубайт деген соз бар. Бир Аллах кубо чырактай кыз экен эле эчбир эне балам деп сыздабасын. Жараткан эчкимди баласынан баланы энесине айрыбасын
+5
bayern-munchen
2020-11-17 23:10:44
Чынында копчулук врачтар баары деп копчулук врачтар оруулууларга корс мамиле кылат жана кайдыгер мамиле кылат менин жеке пикирим биринчи очередь уйбулолук дарыгерлер куноолуу бул жерде
+2
radostmoya
2020-11-18 13:19:09
Врачтардын айлыгы аз, врачтарга үй бергиле, врачтарга таазим деп эле отурабыз бүт калайык. Кичине адамдык сапат болуш к.к да биринчи кезекте. Топ тепкендей тепкилебей. Энеге канчалык оор баласын жоготуу?! Гиппократтын атын мындай кой, энелик жүрөгүңөр м.н мээрим м.н деле карап койбойт белеңер наристени?! Келген эмес болсо, бардык деп алар неге жалган сүйлөмөк эле? Күнөө өзүбүздө деп бармак тиштеп отурушмак да.
+2
Peri9292
2020-11-18 20:40:47
Врачтар тоюп бутту акчага. Карап коюшса болмок. Акча берсин карайт болбосо жок. Ооруп барганда эле канча берем деп айтыш кнрек анан карайт
+5
Peri9292
2020-11-18 20:44:23
Озумдун башымдан откон
+1
MKW.MYRZAiYM
2020-11-19 00:15:42
Азыр врачтарга Акча толосон карайт, толобосон кош конул, ныксырашып журушот. Бул жерде кыздын Ата энесинде да куноо бар, кызын ооруп жатканын билип туруп,жергиликтуу ооруканадан майнап чыкпагандан кийин, башкасына алып Барыш керек болчу, кызын уйуно 3 кун кармашып убакыттан уттурду. Эхх,окунучтуу
+1
rola
2020-11-19 19:37:16
Жайы жаннаттан болсун.
0
№ 936, 12-18-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан