ПАЙДАСЫЗ ДОСТОРДОН АРЫЛ!

Кандай абал болбосун кыргызда баарына ылайыктуу макал-лакаптар бар. Бул жолу сага дос катары саналып, бирок сенин каныңды вампирдей соргон “достор” тууралуу кеп кылабыз. Айтмакчы, бул учурга ылайыктуу “жамандын бажасы көп, жанына пайдасы жок” деген макал бар. Андыктан жаман аталбай, пайдасыз достордон арыл.

Достордун жанында биз өзүбүздү комфортто жана ишенимдүү сезе алабыз. Алар менен болгон кубаныч, кайгыбызды бөлүшөбүз, алардыкын да угабыз, талкуулайбыз. Дайыма моралдык, колдон келсе материалдык жактан да колдоо көрсөтүү бул чыныгы достуктун белгиси. Эгер ушунун баарынын ордуна сен досторуңдун жанынан стресс абалды байкап, кысылып же кенен сүйлөшө албасаң, андай вампирлерден арылган туура.

Төмөндө достуктан баш тарта турчу 3 учурду санайбыз.

ЖООПКЕРЧИЛИКСИЗДИК

Айрым оор учурларда жардам керек болгондо эң биринчи эле достор эске келет эмеспи. Бирок бардык эле учурда достордон жардам келе бербейт. Шарттары, убактылары жок болушу мүмкүн. Ак ниет достор бул учурда абалын ынанымдуу түшүндүрө алат. Ал эми убагында сенден жардам жана моралдык колдоо алып, энергияңды соруп жүрүп, бирок сен бир ооз жардам сураганда болбогон шылтоону айтып баш тарткан жоопкерчиликсиз досторуң барбы? Эгер бар болсо, анда алар менен достук мамилени улантуу кажетпи? Ойлонуп көр!

БАШ ТАРТТЫҢБЫ? СЕН ДУШМАНСЫҢ!

Досум деп жүргөн адамың сенден жардам сураса, сен анын сунушу жакпаганы үчүн же шартыңа туура келбегени үчүн баш тартышың мүмкүн. Мисалы, чогуу бизнес баштайлы же бир кооптуу жайдан келе турган ишенимсиз каражатка, мүлккө ээ боло калалы деген сыяктуу сунуштар болсо, ал сага жакпаса, баш тарттың. Демек, бул сенин жеке тандооң болуп саналат. Сенин каалооң, көз карашың жана тандоолоруңду сыйлабаган адам сага таарынып, “дос дагы ушундай болобу?” деген нааразычылыктарын айтышы мүмкүн. Андай адамдардын сенин пайда алып келер-келбесиңе карап дос болуп жүргөнү бат эле ачыкка чыгып калат. Сага ошондой достор керекпи?

ЖЕКЕ ЖАШООГО КИЙЛИГИШҮҮ

Ар бир адамдын ичинде жанга айтпас жашыруун сырлары бар. Бул нормалдуу көрүнүш. Адатта сырлар болот: ичиңде жүрсө, сенин кулуң, бирөөгө айтылып калса, сен ал сырдын кулусуң. Айрым достор сенин жан дүйнөңдөгү абалыңды байкап коюшу мүмкүн. Бул жакшы, бирок сени кыжалат кылып жаткан сырыңды бөлүшпөй койсоң, “менден жашырган эмнең бар? Мага ишенбейсиң” деп таарынып башташы ыктымал. Апаң, кызың же жубайың болсо дагы, эгер адам бир нерсени айтууну каалабай жатса жайына коюу керек. Ал өз ичинен күрөш жүргүзүп, сырын айтууну же айтпай коюуну өзү чече алат. Андыктан жан дүйнөңө уруксатсыз баш багып, жеке чектериңди кесип өтө берген достор менен ачык сүйлөшүп алуу туура. Түшүнбөсө, тандоо өзүңдө.

Дагы кандай сапаттарды достукка жат деп билесиңер? Санап өткүлө.



Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 936, 12-18-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан