Азык канчалык пайдалуу болбосун туура эмес убакытта жесек касиетин жоготот. Аны күндүн ар саатында жеп организмге пайда кылабыз десек жаңылышабыз. Пайдалуу деген 5 азыкты кайсы маалда жегенге болорун карап көрөлү.
АЛМА
+ Эң жакшысы, алманы эртең менен же негизги тамактын ортосунда жеген оң. Алмадагы пектин заты ашказан, ичеги-карындын иштешин жакшыртат.
- Кечинде алма жегенден алыс болуңуз. Ошол эле пектиндер ашказандагы кычкылдуулукту көбөйтүп ыңгайсыздыкты жаратып, ачкалык сезимди ойготот.
БЫШТАК
+ Эртең менен же күндүз жегенге эң сонун азык. Ал тамак сиңирүү системинин ишин жакшыртып, организмге жакшы сиңет.
- Кечки тамак ордуна быштак жегенге болбойт. Сүт азыктары уйку учурунда сезгенүүнү жана өнөкөт оорулардын күчөшүн шарттайт. Жакшысы, уктаар алдында сүт азыктарын унутуңуз.
ТАТТУУЛАР
+ Таттуулар, албетте, пайдалуу азык эмес, бирок кээде өзүңүздү эркелетип эртең менен жеп койсоңуз болот. Бул учурда кандагы инсулин жогору болгондуктан, таттуулар организмге тескери таасирин тийгизбейт.
- Күндүн башка бөлүгүндө же дайыма эле таттууну шынарлай берүүнү токтотконуңуз организмге пайда гана алып келет. Таттуулар кандагы канттын деңгээлин көтөрүп, кан басымдын жогорулашына жана жүрөктүн кадимкидей иштөөсүнө бөгөт болот.
СЫР
+ Эртең мененки тамактанууга сөзсүз түрдө эки кесим сыр кошуп алыңыз. Анда витаминдер, минералдар көп, ошондой эле мыкты энергия берет. Аш болумдуу жана пайдалуу.
- Түштөн кийин сырдан баш тартканыңыз оң. Биринчиден, бул сүт азыгы, биз жогоруда айтып өттүк. Экинчиден, сыр калориялуу болгондуктан, аны кеч колдонуу салмак кошууга алып келет.
ЖАҢГАК
+ Жаңгакты кечинде жеген пайдалуу. Бирок көп өлчөмдө эмес, анткени жаңгак калориялуу. Алардын курамында омега-3 каныктырылбаган май кычкылдары бар, алар организм эс алып жатканда жакшы сиңет.
- Негизинен каалаган убакта жаңгак жей берсеңиз болот. Бирок бул азыктын максималдуу пайдасын күндүн экинчи жарымында гана алууга болот.
Динара Акимова