Дөөлөт Сыдыков, манасчы: “ДИПЛОМДУУ ЖАЛГЫЗ МАНАСЧЫ МЕНМИН”

Манас айтканда манасчы менен кошо термелип, кээ бир жерин ыйлап отуруп уккан адам азыр жокко эсе. Элибиздин көөнөрбөс казынасы болгон Манасты 14 саат бою тынбай айтып “Гиннесстин рекорддор китебине” кирем деген демилгеси менен Дөөлөт Сыдыков белсенип турат. Манасчылык жолунда кызыктары менен бирге түйшүктөрү, манасчылык өнөр тууралуу маектештик.

– Дөөлөт мырза, кош келипсиз! 14 саат бою манас айтам деп белсенип жатасыз. Бул демилге мурун эле оюңузда жүргөнбү?

– Арыбаңыздар, бул кеп мурун эл ичинде айтылып жүргөн, бирок демилгени көтөрүп чыккан эмес. Ой багып жүрүп эми ушу убакка туш келди. Дүйнө жүзүндө жандуу эпос катары "Манас" эле айтылып келе жатат. Жандуу дегеним, башкалар жаттап айтышат, биздей болуп аян көрүп, күндөп-түндөп айткандар жок. “Гиннесстин рекорддор китебине” катталуу үчүн арыз жазганыңда анын саатын айтышың керек экен. Биз 14 саат дедик. Ашса ашуу керек, бирок кем калбаш керек. Элдин батасы менен, буюрса, айтабыз.

– Сиз мурун тынбай канча саат айттыңыз эле? Даярдыктар кандай болуп жатат?

– Мен буга чейин бир нече жолу 12-13 саатка чейин айткам. Анда даярдыгым жок эле айткам. Манасчыларда деле машыгуу болуш керек. Көп айтыш керек, айтайын десең уккан адам аз. Даярдык катары мүнөздөп тамак ичип, залга барып машыгып, чуркап жатам. Манасчынын даярданганы – элге манас айтуусу керек. Илгери чоң манасчы Дыйканбай атабызга “бир жума манас айтып бересиң” дегенде, “Көкөтөйдүн ашын эле бир жумадан ашык айтам” деген экен. Келдибек манасчы болсо бир ай манас айтканда “эми бүттүбү манасың?” деп сурашса, бир кап таруудан бир ууч алып “мен мына, ушунчасын эле айтып бүттүм” деген экен. Ушундай касиеттүү адамдардын артында элдир-селдир бара жаткандарданбыз (күлүп). Манас улуу сыр, анын кырк чоросу кырк башка улуттан келген, ошончо окуяны, тарыхты козгогон баш-аягы жок баян.

– Манасчылардын баары аян алат дешет, сизге кандай аян болду?

– Чоң атам манасчы болгон. Өзүмдүн атам да манас айтып жүрдү. Эки эжем да манас айтчу эле. 12 жашымда мектепте түшүм майрамы болуп, манас айтасың деп мени чыгарып коюшту. Мен айта албай ыйлап жибергем. Ошондон кийин Саякбай атабыз түшүмө кирип, “балам, манасты мындай айтып жүр” деп үйрөттү. Көп кирчү түшүмө, манас айттырып, угуп, үйрөтүп жүрдү. Көзүн көрбөсөм да, мен аны устатым деп келем.

– Манасчынын көкүрөгү кандай болот?

– Манасчы таза болбосо кут качып кетет. Арамдык, куйтулук, ичи тардык болбошу керек. Айкөл, кенен болушу керек. Манас айтып жатканда реалдуу дүйнө менен Манастын дүйнөсүнүн ортосунда тургандай абалда болосуң. Көбүрүп-жабырып, ошол окуяларга аралашып жүргөндөй болбосо, анча сап кайдан куюлуп келмек? Ал дүйнөгө сүңгүп кире албасаң айта албайсың. Ал дүйнөгө ыплас абалыңда кире албайсың. “Манас айтып жатканда чарчайсыңбы?” дешет. Чынында чарчабайсың, кайра энергия көбөйүп калат. Суунун деле алдын тосуп койсо агымы бузулуп кетет эмеспи, манас өнөрү да ушундай, ал айтылыш керек, агып турушу керек. Ал чөлгө барат, же башка жакка барат.

– Өнөр тукумдан келет дешет, сизде кандай болду?

– Сыдык чоң атам күндүзгүгө караганда түндө манасты жакшы айтчу экен. Чоң энем келин болуп келгенде чочуп кетпейин деп башына бычак коюп жатчу экен. Чоң энем кошокчу болгон. Ал үч эмдин түгөйү. Өзүмдүн атам эрте жетим калыптыр. “Далай эле аян алдым, аттиң, атам жок багымды ачкан киши жок болуп калды” деп өкүнчү эле. Өнөрү ачылбай калган экен. Өз апам казактын найман уруусунан болот. Бир нерсени алдын ала билет, бирок аны карманган жок. Балдарынын ичинен мен манасчы болдум.

– Өнөр жолуңуз кандай болду?

– Түшүмдө Саякбай атам устатым болсо, өңүмдө атам устатым болду. Ал ким келсе да мени чакыртып алып эле манас айттыра берчү. Аябай уялчаак бала элем, бирок атам болбой эле айттыра берчү. Анан, тим эле Саякбай атадан да ашыра мактайт, андан бетер уялтып (күлүп). Ушинтип мактап элдин алдына алып чыгып жүрүп атам жолумду ачты. Орто мектепти бүткөндө төрт жылдай айылда болдум, атам “манасчынын окуусу болмок беле, кайсы манасчы окуду эле?” деп калчу. Анан борборго келип Улуттук консерваторияда фольклор бөлүмүндө окудум. Эки жыл окугандан кийин кетейин десем Эстебес Турсуналиев алып калган. Эстебес ата Муратбек Бегалиев агайга айткан окшойт, ал “манас бөлүмүн ачып берейинби, каласыңбы?” деди. “Калам” десем манас бөлүмүн ачып берип, менден кийин да көбү окуду.

Ошентип кыргызда дипломдуу жалгыз манасчы болуп калгам (күлүп). Негизи диплому бар манасчы жок да.

– Көп манасчылар Ысык-Көл аймагынан чыкканы табышмактуу эмеспи? Ушуну манасчылар кандай түшүндүрүшөт?

– Жети дубандан манасчылар чыккан. Бирок манасчылык мектепти түптөп кеткен күчтүүлөрү Ысык-Көлдөн чыгышкан. Манас атабыз Кыргыз жерине келгенде Ысык-Көлгө сугу түшүп калган экен деп айтылат. Аябай суктанганда энергиясы өтүп кетет дешет. Өзү “мени даңктаган манасчылар ушул жерден көп чыгат” деп айтканы бар дешет. Менимче, ошол нерседен улам деп ойлойм.

– Интернет желесинде комментарийлерди окуп отуруп “Дөөлөт “Гиннесске” кирүү үчүн хайп жаратып жатат” дегендерди да окудум...

– Манасчылык – бул бүгүн бар, эртең жок деген нерсе эмес. Бул өнөргө кирдиңби, чыга албайсың. Манасты айтам деп, кийин таштап койгондор өмүрү менен жооп берген учурлар болгон. Манас аркылуу хайп кылып жиберүү жеңил-желпи оокат эмес. Хайп кылам деп хайт кетип калуу мүмкүн. Манастын жүгү оор болот. Бул улуу касиет. Мен болгону жакшы тилек менен “элдин башына мындан ары кут келсин, ар биринин көкүрөгү ойгонсун. Мен Манастын тукуму, Кошойдун, Бакайдын тукумумун деген ой келсин” деп белсенип турам. “Сен хандын тукумусуң” деп жаштардын аң-сезимин ойготуш керек. Эми бетин чүмкөп алып сүйлөй бергендер сүйлөй берсин. Булар Манас атанын убагында деле болгон, эми деле боло берет. Биз мамлекеттин бүтүндүгү үчүн, элдин руху үчүн жасай турган иш болуп жатат.

– Кайра иш-чарага келсек, ошондо 14 саат бою тамак ичпей, ордуңуздан турбай айтасыз, туурабы?

– 14 саат чек эмес, андан ашсак деп турам. Кар жаап калса деген жагы да каралган. Айнек боз үйдүн ичинде жылуулук болот. Микрофон, үн күчөткүч орнотулат. Суу ичпей, нан жебей, май жебей, табарсык бошотуп албай, бир отурган боюнча айтылышы керек.

– Ата-бабалардын касиети колдосун, сизден ийгилик күтөбүз.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nurzada_0111
2020-11-16 10:10:38
Азаматсыз!
+1
№ 936, 12-18-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан