АЗЫР АТА БОЛ, ЭРТЕҢ КЕЧ БОЛУП КАЛАТ!

Негизи бул теманы жазбай эле койгубуз келген менен, реалдуулукта ажырашуулар көп болууда. Ажырашкандан кийин балдар көбүнесе энеси менен калууда. Мындайда атанын функциясы өзүнөн-өзү жоюлуп кетүүдө. Кызыгы, баланын атасы менен болгон мамилесин сактап калууда эненин салымы чоң экен. Психолог Айзада Танаева бул маселе тууралуу кеңеш берет.

АЖЫРАШУУНУН ЭҢ ЧОҢ ЗЫЯНЫ БАЛАГА ТИЕТ

Дин боюнча алып караганда, уруксат берилген, бирок эң жаман адат катары ажырашуу саналат. Колдон келсе ата-эне кыйынчылыктарды чечип, үй-бүлөнү бузбаганга аракет кылуусу кажет. Бирок жашоодо түрдүү жагдайлар болот. Мисалы, атасы ичет, апасына кол көтөрөт, энеси уруша берип күйөөсүн такыр эле жер каратып салган. Мындай абалда жубайлар бирин-бири коё берүүсү шарт.

Жубайлар ажырашты. Экөө тең өз таарынычтары менен болуп, алгачкы убактарда балага такыр көңүл бурулбай калат. Ажырашууда эң азап чеккен – бала болот. Эс тартып калган болсо эки эсе жаман. Күйөө-аял бири-бирин таба электе чоочун адамдар болушкан эмеспи, ажырашкандан кийин да чоочун боло алышат, бирок бала үчүн алар эч качан чоочун боло алышпайт. Анткени экөөнө тең каны менен байланат. Кан баамы бул дүйнөдөгү эң чоң кудурет.

Балага көңүл бургула! Ата-эне, силерге да оор, бирок силер чоң болгон үчүн түрдүү ыкма менен абалдан чыга аласыңар. Бала чыга албайт. Түнт, коркок, өзүнө ишене албаган адам болуп калышы мүмкүн. Уулуңарды же кызыңарды экөөңөр тең жакшы көрөрүңөрдү, ажырашууга эч ким күнөөлүү эмес экенин айтып түшүндүрүү керек.

Бири-биринен өч алуу үчүн, же ортодогу мүлк үчүн жубайлар баланы колдонуп койгон учурлар да кездешет. Антип эч кимди эч ким жеңе албайт, ортодо бала зыян тартып калат. Негизи эле чоңдордун маселесине баланы аралаштырбай чечкен оң.

Бала ата-энеси ажырашып кеткенден кийин өзү жооп издей баштайт. Атасын же энесин күнөөлөйт. Көп учурда өзү жаман болгон үчүн ата-энеси ажырашып кеткендей сезет. Күнөөлүү сезишине жол бербегиле. Ажырашуу чоңдордун жоопкерчилиги деп түшүндүрүү керек.

АТА, БАЛАДАН АЛЫСТАБА!

Эркектин психикасы аялдыкынан айырмаланат. Аял эмоциясын чыгара алат, ыйлай алат, арманын курбуларына айта алат. Эркек андай сапатка ээ эмес. Үй-бүлөсүндөгү чырды айта алышпайт. Стресс болот. Эң жаманы – алар баласынын алдында өзүн күнөөлүү сезет. Эркектерге балага кимдир бирөө өзүн жамандап жаткандай сезиле берет. “Балам мени жаман көрүп калды окшойт” деген ой менен эле алдын ала өзүн алыс кармай баштайт. Анан “апасы сонун багып жатыптыр, менин керегим деле жок окшойт” деп баштайт.

Ата, эгерде сизде бул сезимдер болуп жатса, четке түртүңүз. Балага сиз керексиз! Сизди 10 адам жамандап жатса да жүрөгү сизге байланган. Аны эч бир күч ажырата албайт. Андан көрө бул абалда балага үлгү болуу керек. Аны менен көбүрөөк убакыт өткөрүп, күлкүлүү окуялардан айтып берип, кээде өзүңүз менен калуусуна апасынан уруксат сураңыз.

Бала кичине болсо бага албайм деп ойлошуңуз мүмкүн. Коркпош керек. Эч ким ата болуп төрөлгөн эмес, тамак ичиргенди, уктатканды, бакканды үйрөнөсүз. Бала жасоо оңой, бирок ата болуу жеңил эмес. Ата – эмгек, сүйүү, убакыт менен ченелген нерсе. Эмгек кылсаңыз ал сөзсүз жемишин берет.

Мурунку жубайыңызды күнөөлөйсүз. Ар бир эркекте боло турган нерсе. Бирок балага апасын жамандап, анын дарегине жаман сөз айттыңыз дегиче анын ишенимин жоготуп аласыз. Баланын көзүнчө апасына кол көтөрсөңүз анын №1 душманына айланасыз. Эмнеликтен? Анткени бала менен апанын ортосунда байланыш сиздикине караганда терең жана бекем.

Кыргызда мындай сөз бар: “Кайда бармак эле, бала сеники, чоңойсо сени издеп келет”,- дешет. Эң жаңылыш пикир! Ооба, издеп келет. Каны тартат, жакшы көрөт, куса болот. Бирок сиз анын жанында бирге болбогон жылдарды эч качан толуктай албайсыз. Сизди издеп келгени менен, “мени издебей кайда жүрдүң, ата?” деген суроо көзүндө да, сөзүндө да болот. Бул жүк менен сиз жашооңузду бактылуу жашай албайсыз. Бул күнөөлөө балаңыздын жашоосунда ар дайым болот. Экөөңөрдүн тең жашооңордо жолтоо боло турган нерсе. Баланын чоңоюп, издеп келишин күтпөй, азыр ата болуңуз. Сиздин бир нече жубайыңыз болушу мүмкүн, бирок балдар үчүн сиз бирөө элесиз. Сизди алмаштырганга болбойт. Демек, ата болуңуз. Бүгүн, азыр... Эртең кеч болуп калат.

ЭНЕЛЕР, БАЛАҢЫЗ АТАСЫЗ БАКТЫЛУУ БОЛО АЛБАЙТ!

Ажырашуудан кийин эле аялдарга эркек бактылуу жашап жаткандай сезилет. Үй-бүлөсүнөн ажырап эле тыптынч уктап, эртеңинин камын көргөн эркек практикамда болгон эмес. Эркек сиз сыяктуу болбосо да, өз алдынча стресс болот. Балким, сизден ашып кыйналып жаткандыр, анткени бала көп учурда энелер менен калат. Бул атага эки эсе оор.

Бала эмнеге эне менен калганы жакшыраак? Анткени 9 ай бою эненин курсагында, кийин эмчек эмизип жанында болот. Ушул үчүн бала менен эненин ортосундагы байланыш атага караганда тереңирээк. Бала ооруп калса, жинденип жатса, анын ички абалын көбүрөөк эне сезет. Табияттан эне ошол күчкө ээ. Ал эми ата балага оюн аркылуу, камкордук аркылуу өзүнүн мээримин тартуулай алат. Бала энеде калганы – бала үчүн жакшыраак, бирок кээ бир энелер муну жүк катары көрүп, атага кыжырланышы мүмкүн. Бала кимде болсо жоопкерчилик ошол адамда болот эмеспи.

Кыжырланыштын кереги жок. Өзүңүздүн жоопкерчиликти ажырашкандан кийин да бөлүңүз. Атанын баланын жашоосунда активдүү болуусу же жок болуп кетүүсү түздөн-түз энеден көз каранды. “Өзү аракет кылбай жатат” деген сөз болушу мүмкүн. Бул абалдан да аялдык амалкөйлүк менен чыксаңыз болот. Мисалы, “ишим чыгып калды, сен бала бакчадан алып ойнотуп турчу”, “дем алыш күндөрү сени менен болгусу келип жатат” деген жумшак сөздөр менен экөөнүн ортосундагы байланышты улаш керек.

Ызадан улам аялдардын көбү “өзүм эле ата ордуна ата болом” деши мүмкүн. Бул жаңылыштык. Сиз Айды алып берип жаткан учурда да атанын ордун толуктай албайсыз. Андан көрө ата-баланы жакындаштыруу керек. Экөөнүн тең жиби сизде. Атасы кандай жаман болсо да, балага жамандаштын кереги жок. Эгерде атасында жаман кулк-мүнөз болсо, аны бала өз көзү менен көрүп, өзү тыянак чыгарыш керек. Балага жүрөгү менен өзүнүн суроолоруна өзү жооп табышына жардам берген оң. Эркек, сизден кетсе да бала үчүн ата катары сакталып калышына ролуңуз чоң экенин унутпаңыз.

Ажырашуу оор. Бирок ажырашуудан кийин да жашоо бар. Ортодо баласы бар адамдар кол үзүшүп кетпегени оң. Жок дегенде алыскы туугандардай мамиледе болсо, бала үчүн ыңгайлуу. Баланы атага таштап кеткен учурлар да жок эмес, ал тууралуу эмки сандарда уланталы.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
KENEWBEK88
2020-11-16 09:36:54
Мисал мен ата энем ажрашып кетишбегенинен абдан запкы жечүм. Атам келип апамды жамандап арманын айтат, апам келип атамды жамандап арманын айтат, мындайча айтканда мага армандарын айтып жеңилдеп алышчуда анан жүрө беришчү. Ата энелерге айтарым баласына эч бирин бири жамандашбаса, андай нерсе балага өтө оор. Ата энемди көрүп баланы кандай тарбия кылуу керек билдим деп ойлойм
+3
mirana9395
2020-11-16 09:59:16
KENEWBEK88,эмнеге ушундай экен а?менде да азыркы абалым ушундай.озумдун жашоом уй-булом бар шугур жакшы баары.Бирок кээде ата энене бир нерселерди айтайын десен.Алар сенден мурун оздорунун армандарын айтышат.Акыркы убакта стресс болуп баратам.
0
Zarinkakanykei1493
2020-11-16 23:02:01
mirana9395,Менин да абалым ушундай Апам менен сырдаша албайм торкунумо барсам оздорунун проблемаларын айтып отурушкан болот бара бара унутчак болуп баратам жакындарымдын туулган кундорун унутуп тарынтып алтам
+1
Mubarak
2020-11-16 13:19:53
Менда ажырашып кетемго жургом бирок балдарды ойлосом корком кудайым мага Жана куйоомо сабыр бер
+3
Aliali
2020-11-16 21:53:13
Баарынан да балага кыйын болот, атага тартышын билбейт же энеге... эки ортодо калат
+4
Nadirabeby
2020-11-22 11:50:02
Кыйынчылык артынан кыйынчылык,мээрим жок,коргоочун жок,чечкинсиз жашоодонтажап ажырашып кеткин келет бирок балдар учун чыдайбызда(((
0
№ 936, 12-18-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан