Нидерландынын Эйндховен шаарындагы Технологиялык университеттин студенттери таштандылардан спорттук автоунаа жасап чыгышты. Лука деп аталган бул унааны иштелип чыккан пластиктерден жасашкан. Алсак, кузову балдардын оюнчуктарын, ашкана буюмдарын жасоодо колдонулуучу материалдардан болсо, отургучтарынын ичи кокос күкүмү жана кылчык нерселер менен толтурулган.
Эки электр кыймылдаткыч жана арткы привод коюлган унаа саатына 90 чакырым ылдамдыкта жүрө алат, ал эми кубат албаса 220 чакырымга чейин жүрөт. Салмагы болсо 400 килограмм.
Асел Ишенбай кызы