8 КАМЕРАЛУУ СМАРТФОН ЖАРЫККА ЧЫКТЫ

Кытайлык “Lens Technology (Changsha) Co. Ltd” компаниясы чыгарган 8 камералуу смартфондун дисплейи рамкасыз технология менен жасалган. Бул түзмөктүн эң башкы өзгөчөлүгү – арт жагындагы 8 камерада. Төрт бурчтагы түгөй-түгөйү менен жайгашкан негизги камералардын ортолорунда светодиоддук жарык бергичтер (вспышка) да бар.

Смартфонду көргөн интернет колдонуучулар “бир да камерасы жабылып калбашы үчүн кантип кармаш керек, бул телефондон тартылган сүрөттөрдүн жарымы эле колуңдун изи болот го” деген ойлорун айтышууда.

Ойлоп табуучулар бул түзмөккө октябрда патент алышты. Алар мындай смартфондор качан сатыкка чыгары, иштөө функциясы, майда-чүйдөсү тууралуу маалымат берише элек.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 936, 12-18-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан