АЭРОУНАА АСМАНГА КАРАЙ БАГЫТ ЖАСАДЫ

Илим-техниканын өнүгүшү менен тыгында калбай, асманда учуучу күндөрүбүз алыс эместей. Алсак, Аэроунаалардын дизайнери, “Klein Vision” компаниясынын негиздөөчүсү жана директору Стефан Кляйн өзү жасап чыккан AirCar аэроунаасынын биринчи учуусун видеого тартып жарыялады.

Эки орундуу, төрт дөңгөлөктүү бул унаа учарда арткы бөлүгү 60 сантиметрдей узарып, канаттары ичинен көтөрүлүп чыгып эки жакка жайылат да, айдоочу рулду өзүнө карай тартканда өйдөнү көздөй көтөрүлөт. Ал арт жагында жайгашкан кыймылдаткычы жана көтөрүүчү эки винттин жардамы менен учат.

Аэроунаа канчалык бийиктикке чейин көтөрүлүп, кандай ылдамдыкта уча алары жөнүндө азырынча маалымдала элек.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 936, 12-18-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан