АЛИППЕ ТААНЫТКАН ЭҢ УЛУУ АДАМ

Кесип

Жаш бөбөктү жетелеп, алгач ирет тактага «А» тамгасын жазып тааныткан ыйык инсан, ардактуу кесиптин ээси бул – МУГАЛИМ. Чындыгында эле алар чоң тамга менен жазылууга татыктуу. Эчен залкар адамдар, өлкө башкарган президенттер да бир кезде мугалимдин окуучусу болгонун, алар берген билимдин үрөнү менен бийиктикке жеткенин тана албаспыз.

КЕСИПКЕ ЭҢ КЕРЕК САПАТТАР
Сурамжылоонун негизинде мугалимдер бул кесипти балдарды сүйгөндүктөн тандаганы белгилүү болду. Андыктан мугалим болууну кааласаңыз, жүрөгүңүздөгү сүйүү мелт-калт төгүлүп турушу зарыл. Андан тышкары кандай абал болсо да сабырдуу, тамашакөй, ошол эле учурда тапкычтык менен жол таап чыкканга аракет кылышы керек. 
Окуучуга жөн гана өзүнүн предметин таңуулай бербей, анын жөндөмүнө, табитине жараша иш жүргүзгөнгө аракет кылуусу оң.

КЕСИПТИН КӨЙГӨЙҮ
Билим берүү министринин билдирүүсүндө, кыргыз мектептеринде 3130 мугалим жетишпейт. Азыркы учурда республикабыздын мектептеринде эмгектенген мугалимдердин саны 72 миңден ашык. Ушуга карабай, жыл сайын 3 миңден ашык мугалим жетишсиз болот. Эмнеге? Жыл сайын бул кесипти тандаган жаштар азайгандан азаюуда. Албетте, бул көрүнүштүн себеби, мугалимдин маянасынын аздыгына барып такалат. Көп эмгек талап кылынып, аз маяна төлөнгөн иштен көрө, бул кесиптин ээлери башка нерсе менен алектенишүүдө. “Ушундай темп менен бара берсек, бул кесиптин келечеги кандай болот?” деген кооптонуу да жаралбай койбойт. Азыр мугалимдердин аздыгынан бир мугалим бир нече предметтен сабак берип жатса, дагы 20 жылдан кийинки келечекти элестеттиңизби?

КЫСКАСЫ...
Мугалимдик кесип – эң байыркы кесип. Байыркы доордо адамдар уруунун эң картаң адамынын алдына барып, андан тамак тапканды, кийим тиккенди, коркунуч туулганда бири-бирине белги берүүнү үйрөнүшкөн. Ошондон бери бул ардактуу кесип жашап келет.
Түйшүгүнө карабай мугалимдер кесиптин ырахатын эч нерсеге алмаштырбайт. Жыл сайын мугалим үчүн жашоосунун жаңы барагы ачылат. Мектепке кадамдап кирип келген бөбөктүн кадамы аларга айтып бүткүс кубаныч тартуулайт. Ар дайым балалыктын дүйнөсүндө жүрүүгө не жетсин?!


ЗИНА ОСМОНОВА:
“БАЛДАРДЫН ЧУРУ-ЧУУСУ МЕКТЕПКЕ КӨРК КОШУП ТУРАТ”

Түйшүктүү милдетти аткарып келсе да, кесибин сүйүп, ага бардык күчүн арнаган мугалимдер да аз эмес. Алардын бири окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, математика сабагынын мугалими – Осмонова Зина Кудайбергеновна.

– Эже, мугалимдик кесипти кандайча тандап калдыңыз?
– Кичине кезимден эле математика сабагын жакшы көрчүмүн. Эсимде, 5-классымда бир оор маселени чыгара албай, сүрөтүн тартып жатып араң чыгаргам. Ошондон баштап мага маселе чыгаруу кумарга айланган десем болот. Ал кумарым мени мугалимдик кесипке алып келди.
– Мугалимдикти тандаганы­ңызга өкүнбөйсүзбү?
– Жок, эч качан өкүнбөйм. Жыйырма жыл болобу, он жыл болобу, окуучум алдымдан чыгып салам айтса, мен өмүрүмдүн текке кетпегенин сезем. Алардын ийгилигине сүйүнөм. Мугалимдер балдарга ушунчалык көнүп калат экенбиз. Башка адамдар балдардын чуру-чуусунан башы ооруп кетсе, мага, тескерисинче, томсоруп турган мектеп жакпайт.
– Биринчи жолу мугалим катары класска киргенде кандай сезимге кабылгансыз?
– Ал кездерде мугалимдер атайын буйрук менен алыскы райондорго жиберилчү. Мен Баткенге бөлүндүм. Болгондо да унаа жоктугуна байланыштуу ал айылга араба менен жеткем. Алгач 4-класска кирдим. Бир саат өтө турган теманы он мүнөттүн ичинде түшүндүрүп салдым. Анан да үй тапшырма бергенге, таанышканга үлгүрдүм. Деги бир саат өтпөйт десең. Анан да мөлтүрөп тигилип турган бөбөктөрдү карап, сүрдөгөнүмдү сураба. Ушул жоругумду көп эстейм.
– Мисалы, хирург “адамга туура эмес операция жасап аламбы” деп кооптонот. Учкучтун моюнунда бир канча адамдын өмүрү турат. Сиздердин кесибиңиздердеги кооптуу нерсе эмне?
– Биздин кесип адамдын өмүрүнө кескин кооп туудурбаганы менен, өз кезегинде андан да чоңураак жоопкерчиликти, кылдаттыкты талап кылат. Мугалим баланы өз убагында түшүнбөй калса, экөөнүн ортосунда түшүнбөстүк, чыр келип чыкса, бул өтө кооптуу нерсе. Анткени экөөнүн ортосундагы чынжыр үзүлүп калат. Мугалим үчүн окуучунун “мен ал мугалимдин сабагына кирбейм, анткени жаман көрөм” деген сөзүнөн өткөн оор жаза жок болуш керек.
– Кийинки кезде жаштар арасында мугалимдик кесипке кызыккандар аз болуп бара жатат. Бул тууралуу оюңуз...
– Менин оюмча, азыркы жаштар жеңил, бардар жашоону каалашат. Ал эми мугалимдик кесип өмүр бою эмгектенүүнү, өзүңдөгү энергияны бирөөгө берүүнү талап кылат. Азыркы жаштар андай курмандыкка баргылары келбейт. Дагы бир себеби, мамлекет мугалимдик кесипке кызыктырып, тартуусу керек. Жаштардын арасында мугалим болуп, балдарды окутууну каалагандар жок эмес экенине ишенем. Бирок маянанын аздыгынан башка жумуш менен алек болгонго аргасыз.
– Кесибиңизге байланыштуу кызыктуу окуялар көп эле болсо керек...
– Бир жолу бир кызды бүтүндөй класс бөлүп салышкан экен. “Бүтүрүп жаткан жылы ушинтип бөлүнүп-жарылышабы?..” деп ойлоп, катуу таарындым. Ошентип, классым менен таптакыр сүйлөшпөй койдум. Сабагымды өтөм да, чыгып кетем. Кээде атайын эле саламын албайм. Мурункудай бажылдашып сүйлөшүү, сырдашуу болбой калды. Ошентип капа болуп жүрсөм, балдарым атайын сүрөтчү чакыртып, “кечирип коюңуз, кемчилик бизден кетти” деп кабинетиме кирип келишти. Мен “сүрөткө түшпөйм” деп бултуңдап качып, алар мени кууп алышкан. Акыры таарынычым жазылып, сүрөткө түшкөнбүз. Ошол сүрөт азыр кабинетимде илинүү.


Жылмайып коюңуз

Картайып калган мугалим мезгили жетип каза таап, жаңылыштык менен тозокко туш келип калат. Бир аз убакыт өткөндөн кийин, ага тозоктун дарбазасында отурган күзөтчү тизмесин карап:
– Кечирип коюңуз, сизди жаңылыштык менен алып келип калышыптыр. Сиз бейишке барышыңыз керек экен,- дейт.
Мугалим:
– Ой, жок, мага ушул жер эле ыңгайлуу,- дей бериптир. Буга таң калган күзөтчү андан эмне себептен бейиштен качып жатканын сурайт.
Анда мугалим:
– Мектептен кийин мага тозок бейиштей эле сезилип жатат, - деген экен.


ЖАШ АДИСТЕР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Жаш мугалим Гүлзат Мукамбетованы кесиби тууралуу сөзгө тарттык.

– Гүлзат, мугалимдиктин түйшүгү сени тажатпайбы?
– Жок, анткени мен кичине кезимден эле мугалим болгум келчү. Окуучулар менен иштеген жагат. Бир кезде университетке да иштөөгө сунуш түшкөн. Бирок мен кичине балдар менен иштегенди жактыргандыктан, андан баш тартып койгом.
– Жашыруун болбосо, маянаң канча?
– 5000 сом. Бул айлык, албетте, аз. Өзүбүз батирде жашайбыз, эки балам бар. Күйөөм болбосо, бул акчаны эмнеге жеткирмекмин билбейм.
– Эгер сага бир фирмадан 50 миң сомдук айлыгы бар сунуш түшсө, мугалимдикти таштайт белең?
– Жок, фирмада иштеп, бирөөгө көз каранды болгум келбейт. Анын үстүнө жеке ишканаларда келечек жок деп ойлойм. Кийин пенсия да албай калышым мүмкүн. Анын үстүнө улам бир башка кесипти которуп кете бергенден пайда жок. Менин ордум мектепте, окуучулар менен.

Ал эми адистиги боюнча мугалим, бирок учурда башка кесипте иштеп жаткан Майрам Радмирова төмөнкүчө ой бөлүштү.

– Майрам, эмнеге кесибиң боюнча иштеген эмессиң?
– Мен информатика жана математика боюнча адисмин. Мугалим болсом да, программисттик кесипти аркалап келе жатам. Негедир өзүмдү мугалим катары элестете алган жокмун. Өзүм математика сабагына кызыккандыктан, ушул факультетке тапшыргам. Экинчи себеби – мугалимдердин маянасы аз. Ошондуктан учурда башка кесипте иштеп жүрөм.
– Эгерде мамлекет тарабынан мугалимдердин эмгек акысы көбөйүп калса, өз кесибиңди аркалайт белең?
– Албетте, иштемекмин. Мен эле эмес, көп мугалимдер эмгек акы аз болгон үчүн мугалим болуп иштебей жүрүшөт.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aminali
2010-10-11 02:35:17
Men da mugalim bol4umun ailigim 2000som bol4u,eger mugalimderge konul jakwi bursa mintip 4et elde jurboit elek.
0
№ 414, 8-14-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан