Ар улуттан куралган G-I-DLE

K-pop музыкасы дүйнөгө кеңири кулач жайып баратканын эч ким тана албаса керек. Талапка жараша атактуу ырчы болууну каалаган жаштар да миңдеп саналат. Алардын арасынан азына гана тараза ташы ооп сахнага кадам таштаса, калгандарына чыгармачылык эшик жабылат. Бүгүнкү сулуулар дал ошол миңдеген кыздардын арасынан ийгиликти сууруп чыгып, бийиктикке жете алгандар. Ким десеңиз, (G)I-DLE тобу. Алдыда таланттуу 6 ырчы кыздан куралган топ менен жакындан таанышалы.

Чыккан өлкөсү – Түштүк Корея

Түзүлгөн жылы – 2018-жыл

Лейбл – Cube Entertainment

Мүчөлөрү – Миён, Минни, Сужин, Соён, Юци, Шухуа

Белгилүү ырлары – «Latata», «Hann (Alone)», «Senorita», «Uh-Oh», «Oh My God», «Lion», «Dumdi Dumdi» жана башка

КӨПЧҮЛҮКТӨН СУУРУЛУП ЧЫККАН ТОП

Негизи бир эле Түштүк Кореяда эмес, дүйнө жүзүнө таанымал k-рор топтордун дээрлик 90 пайызы «Big Hit», «YG», «SM» аталган үч лейблга таандык. Ийгиликтин, дүйнөлүк атактуулуктун артынан куугандар бул үчилтиктин ырчысы болууга болгон аракетин жумшашат. Биз жакшы тааныган «ЕХО», «BTS», «Black Pink» да аталган 3 компаниянын артисттери. Ал эми биз сөз кылып жаткан топ 10 пайыздыкка кирген «Cube» агенттиги менен дүйнөлүк атактуулукка жетишти.

«Cube» 2015-жылы кыздардан турган жаңы топ түзүлөрү тууралуу маалымат тараткан. Бирок топто кимдер болору белгисиз эле. Ошол учурда «Даярдык 101» музыкалык реалити-шоусунда Чон Соён аттуу ырчы кыз көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган. Агенттиктин өкүлдөрү мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашы керек эле, андыктан Соёнду топтун биринчи мүчөсү катары чакырышкан. Сунушту кабыл алган ал удаа эле «Мыкты рэпер кыздар» сынагына катышып, 2-орунга татыйт. Таланттуу кызды карап туруп, келечекте көптү үмүттөндүргөн топ жаралары белгилүү болуп калган.

«ЖЫЛДЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫЗДАРЫ»

2018-жыл, 2-май. Бул күнү k-pop сахнасына (G)I-DLE аталыштагы жаңы топ чыкты. «I Am» кичи альбому жана андагы башкы «Latata» ыры менен дебют жасаган топко чү дегенде эле ийгилик жылмайды. «Latata» эки күнгө жетпеген убакта 2 миллиондон ашык кароого ээ болду. Жергиликтүү музыкалык чарттарда суроо-талапка ээ болуп, бир ай ичинде дүйнөлүк чарттарга илине алды. Майда сахнага чыккан топ июнь айында тажрыйбалуу башка k-pop ырчылары менен «Жылдын ыры», «Жылдын жаңы жылдыздары» номинацияларында ат салышып калышты. «Жылдын жаңы жылдыздары» – кыска аралыкта топ ушундай жогорку баага арзый алган.

ДҮЙНӨНҮН 32 ШААРЫНА ТУРНЕГЕ ЧЫКМАК...

Дебюттан бери аз гана убакыт өтсө да, топтун куржунунда бир нече абройлуу музыкалык наамдар бар. Башында айткандай, каалоочулар көп, атаандаштык күч болгон шоу-бизнесте кармалып туруу оңой эмес. Ар кайсы мамлекеттин өкүлдөрүнөн куралган (G)I-DLE өз популярдуулугун сактап туруу үчүн эмне кылат? Кореядан сырткары Таиландда, Японияда өз өнөрүн көрсөтүп жүргөн ырчылардын концерттик программасын карасаңыз, жандуу үн, мыкты вокал, өзгөчө хореография, эсте каларлык образдар, жогорку деңгээлдеги шоуну көрөсүз. 2020-жылдын башында топ дүйнөнүн 32 шаарына турнеге чыгарын жарыялаган. Бирок пандемияга байланыштуу турне токтоду.

«Cube» агенттиги өзүнүн артисттерине чектөө койбосун айтып келет. Андыктан топтун мүчөлөрү ээн-эркин жеке ырчы катары да өздөрүн сынай алышат. Ар бири жаңы ырларды чыгарып, музыкант катары да изденип келишет. Топтун акыркы жаңылыктарынын бири – 25-ноябрда өтө турган Asia Artist Award сыйлык тапшыруу аземинде өз өнөрүн тартуулашат. Топтон адаттагыдай эле өзгөчө номер күтөбүз.

СОЁН

Аты-жөнү – Чон Соён

Туулган жылы – 1998-жыл, 26-август

Туулган жери –Түштүк Корея

Бою – 157 сантиметр

Топто – лидер, башкы рэпер, ырчы

Топтун лидери болуу, негизи эле кайда болбосун лидерлик кызмат оңой эмес, чоң жоопкерчиликти талап кылат. Соён бул кызматты татыктуу аркалап келе жатат. Өзүн жеке ырчы катары да көрсөтө алган Чон Соёндун соло ырларын угам десеңиз, аталышы «Jelly» жана «Idle Song».

МИЁН

Аты-жөнү – Чо Ми Ён

Туулган жылы – 1997-жыл, 31-январь

Туулган жери – Түштүк Корея

Бою – 161 сантиметр

Топто – башкы ырчы, бийчи

Топтогу негизги вокалисттердин бири Чо Ми Ён. Балалык кыялын ишке ашырууну көздөгөн ал 2010-жылы «YG» агенттигинин эшигин каккан. 5 жыл тажрыйба топтоп, музыкалык билим алган Миёнду агенттик эмнеге кайсы бир топтун курамына албаганы белгисиз. «Cube’дан» сунуш түшкөндө ал макулдугун берип, агенттигин алмаштырып кеткен.

ШУХУА

Аты-жөнү – Е Шу Хуа

Туулган жылы – 2000-жыл, 6-январь

Туулган жери – Тайвань

Бою – 161 сантиметр

Топто – топтун жүзү, ырчы, бийчи

Өзгөчө адам. Топко да өзгөчөлүк тартуулаган ырчынын аты Е Шу Хуа. Мыкты вокалдын ээси, рэпти да катыра айтат. Өзү баарынан кичүү болсо да, дем бергич, маанай жараткыч, күчтүү адам дешет кесиптештери.

СУЖИН

Аты-жөнү – Со Су Жин

Туулган жылы – 1998-жыл, 9-март

Туулган жери – Түштүк Корея

Бою – 161 сантиметр

Топто – бийчи, рэпер, ырчы

Миёнго окшоп Со Су Жин дагы башка агенттикте тажрыйба топтоп, жаңы куралган топ менен дебют жасаарда баса берген. Учурда (G)I-DLE тобунда так секире бийлеп, ырдап, керекпи рэп да айтып жүрөт. Кесиптеши Соёндун клиптерине тартылган.

МИННИ

Аты-жөнү – Минни Ниша Ёнтарарак

Туулган жылы – 1997-жыл, 23-октябрь

Туулган жери – Таиланд

Бою – 161 сантиметр

Топто – башкы ырчы, бийчи

Анын толук ысымын бир уккан адам кайра кайталай албай калышы мүмкүн. Узун жана өзгөчө ысымга ээ – Минни Ниша Ёнтарарак. Бийик ноталарды кыйналбай ырдаган Минни дүйнөлүк хит ырларды кавер аткарганы менен да таанымал.

ЮЦИ

Аты-жөнү – Сон Юй Ци

Туулган жылы – 1999-жыл, 23-сентябрь

Туулган жери – Кытай

Бою – 162 сантиметр

Топто – башкы бийчи, ырчы

Сон Юй Ци болсо ар бир ырга бий ойлоп табуу милдетин алган. Кичинесинен бийге болгон кызыгуусун таптап отуруп, учурда өзү каалаган кесиби менен алектенип келет. Албетте, бий менен гана чектелип калбайт. Топтун негизги максаты угарманга мыкты вокалдык чеберчиликти көрсөтүү болгондуктан, Юцинин ырчылык таланты да кем калышпайт.


Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 937, 19-25-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан