Актан Арым Кубат, режиссёр: «КОМПЛЕКСТЕРИМДИ ЖОЮШ ҮЧҮН КИНО ТАРТЫП КЕЛЕ ЖАТАМ»

Каарманым 2016-жылы Пусан кинофестивалында «Азиядагы эң мыкты режиссёрлордун бири» деген сыйлыкты алган. Ал эми «Бешкемпир» тасмасы Азия боюнча мыкты 100 тасманын бири болгон. Ал тууралуу киночулар «бүтүндөй кыргыз киносу алган сыйлыктар Актан Арым Кубаттын сыйлыгына жетпейт» дешет. 17-ноябрь – Кыргыз киносунун күнүнө карата агабыздан атактуулуктун жолу кандай болгону тууралуу сурап маек курдук.

«ЖОЛБУН ИТТЕН» БААРЫ БАШТАЛГАН»

– Мен сүрөтчүмүн. Кичине кезимде сүрөтчү да, киночу да болом деген ой жок эле. Режиссёр болуу үч уктасам түшүмө кирген эмес. Сүрөт окуу жайында окуп жүрүп, сүрөтчү Гапар Айтиевдин устаканасына кароолчу болуп ишке орношуп калдым. Улуу инсан менен жакындашып, сүрөтчүлүктү жакшы үйрөнсөмбү деген ой эле. Бир жолу командировкага Ош шаарына барып калдым. Мейманканадан ал кезде орун алуу азап эле. Латип деген тааныш жигит мени өзүнө чакырып калды. Барсам кино тартып жатышыптыр, бирөөнүн туулган күнү экен. Андай ичимдик ичкен адамдарды өмүрүмдө көргөн эмесмин, «ушинтип да кино тартса болобу?» деп аябай таң калганым эсимде (күлүп).

Гапар Айтиев өтө сылык киши болчу, ага менин тарткан сүрөттөрүм жакпай калдыбы, же башка себеп болдубу, «кет» дегендей кылды. Жумуш издеп жүрүп баягы киночулар эсиме түшүп, аларды издеп барсам, Кудай жалгап, киностудияга сүрөтчү катары алышты. Сүрөтчү, коюучу, иши кылып көп иштерди аткарып 10 жылдай иштедим. Эмнегедир ошол учурда киного ыйык мамиле жоголуп бараткандай, режиссёрлор кинону туура эмес тартып жаткандай сезиле берчү. Тартуу ыкмасын өзүм деле түшүнбөйм. Бирок мен сүрөтчүмүн да, кайсы бир кадрлар туура келбей жатканын, сценарий начар экенин ички туюм менен сезчүмүн. Эркин Рысбаев деген досум бар эле, экөөбүз сырдашып жүрүп кино тартмай болдук. Эң биринчи «Жолбун ит» деген документалдуу тасма тарттык. Мен иттерди азыркыга чейин жакшы көрөм, үйдө да иттерим бар. Менимче, тасма мурунку кыргыз кинолоруна караганда жаңычылдык алып келди. Режиссёр Мелис Убукеев көрүп «бул кино кыргыздар тууралуу экен» деди. Кийин француз продюсерим «бул еврейлер тууралуу тартылган тура» деди. Мен улут эмес, иттер аркылуу адамдардын жашоосун бергим келген. 90-жылдар келип, заман олку-солку эле. Ит күчүктөрүн жоготуп алып, аны ит базардан, цирктен, башка жерлерден издегени тууралуу баяндалат. «Иттер менен кантип иштедиңер эле?» деп элдин баары таң калып жүрүштү. Башкы ролдо тайган ит болчу.

Режиссёр болуп калганыма Төлөмүш Океев салым кошту. «Жолбун иттен» кийин мага ошол адам чоң ишеним берди. Өзүнүн студиясынан тартыла турган биринчи тасманы мага тарттырган. «Үйүң кайда, үлүл?» деген тасманы ошондо тарттым. Анан режиссёр катары атым чыгып, сунуштар түшө баштады.

«АК-КАРА ЖАНА ТҮСТҮҮ...»

– Мен кинону бизнес катары караган жокмун. Бул чыгармачылык. Каражат жактан кыйналсам да өзүмдүн жазган сценарийимди ишке ашыруу үчүн көп жыл эмгектендим. «Маймыл» менен «Свет акенин» ортосу 10 жыл. Бул убакта толтура тасма тартып жибермекмин, бирок бышырганды жакшы көрөм. Союз кулагандан кийин кино жаатында иштеп, бала-чаканы багуу, тиричилик кылуу мүмкүн эмес эле. Темир Бирназаров менен Эрнест Абдыжапаров таксист болуп иштешчү. Мен болсо айылда мал бакчумун. Элестет, режиссёр анан малчы (күлүп). Мурункулар жалаң май талкандын үстүндө жүрсө, накта кыйналган кыргыз режиссёрлору биз болдук. Ошондо да жеңил-желпи нерселерге өтүп кеткен жокпуз. Кино тартуу биздин убакта өтө татаал эле, акча, идея бар болсо да технология азыркыдай эмес. Эки күн даярданып туруп, анан актёрлорду камера алдына алып келчүбүз. Плёнка рубль эмес, доллар менен сатылып алынчу, ага үнөмдөп тартчубуз. Бирок киноң чыккандан кийинки ырахат башкача эле.

Кичинемде ойноп жаткан тобум тактанын алдына кирип кетип, аны алып чыгам деп моюнумду оорутуп алганым бар. Кызыгы, элесимде ошол окуянын бардыгы ак-кара түстө, болгону тобум кызыл болчу. Балалыкта апамдын мага берген акчасынын өңү, төшөктүн курагы, кыскасы, мага катуу таасир берген нерселерди түстүү элестетем. Бул нерсени мен кинолорумда колдонгом. «Бешкемпирде» тумардын өңүн, кайсы бир учурларды түстүү бергеним ошол себептен. Балалыктагы ак-кара же түстүү элестер ушуга чейин өзгөрүлбөй элестейт. «Бешкемпирди» тартканыма 22 жыл болуптур.

Бир күлкүлүү окуя болду. Өткөндө электриктер үйгө келип «бул «Бешкемпирди» тарткан режиссёрдун үйүбү?» деп байбичемден сураптыр. «Ооба» десе, «ал киши тирүүбү?» дептир. «Ой, тирүү, тигине алма терип жүрөт» десе, чочуп кетиптир. Көрсө, ал бала 8 жашында «Бешкемпирди» көрүптүр, анан мени эбак өлүп калса керек деп ойлосо керек.

«КОЛДООЧУМ БАРБЫ ДЕП КАЛАМ»

– Эң биринчи «Жолбун ит» тасмам Бакуда өткөн кинофестивалдан баш байгени утуп алган. Киночулардын бири тамашалап «Кыргыз киносунун баарын чогултканда да Актандын сыйлыктарына жетпей калат» деп жүрөт. Сыйлыктарды чынында көп алдым. Ар бири кубандырат, шык берет. Бир жолкусун айтып берейин. Алтынай Койчуманова биздин продюсерибиз эле, иштешип жатканыбызга 2-3 жыл болуп калган. Ал экөөбүз фестивалга бармай болдук. Эми кетебиз деп жатсак уулум Мирлан келип калды (ред.: режиссёр Мирлан Абдыкалыков). «Ата, үйлөнгөнү жатам» дейт. «Кимге?» десем «Алтынайга» деди. Аябай сүйүнүп кеттик. Анткени байбичем экөөбүз тең аны жакшы көрчү элек. «Болгону бул тууралуу Алтынайга эч нерсе деп айтпаңыз» деди уулум. Байбичем болсо «сен эмне жаш бала белең, баары чечилип калыптыр, сүйлөш» деп тапшырма берген (күлүп). Ошентип Алтынай менен кетип баратам. Чын эле сүйлөшө албай калдым. Сүрдөппү, уялыппы, билбейм. Дудуктай болуп кетип баратабыз. Учак менен барып, Цюрихтен Локарного чейин поезд менен кетип баратабыз. Бир купеде жылгыз болуп калдык. «Алтынай, Швейцария бейтарап мамлекет, бардык маанилүү иштер ушул жактан сүйлөшүлөт» десем күлүп жиберди. Ошентип сөз баштап сүйлөшүп барганбыз. Барып сыйлыкты алдык. Астында «Сиз бар үчүн!» деп жазылыптыр. Бир кино үчүн эмес, жалпы кинолорум үчүн сыйлык экен. Негедир ошол сыйлык мага баалуу болду. Алтынай келин болуп келди, учурда биздин продюсерибиз.

Продюсер демекчи, менин жашоомдо эң чоң роль ойногон француз продюсерим Чедомир Колар болду. Менин колдоочум бар сыяктуу. Куду бирөө мени жетелеп ийгиликке алып баргандай болот. Мурун айткандан коркчу элем, азыр айтып калдым. Эми карасаң, кино жаатында таптакыр билими жок, айылда өскөн бирөөнү эле француз продюсери Парижден Кыргыз жерине издеп келген окуянын өзү башкача эмеспи. Ал мени 1994-жылы издеп келди. Үч жыл кат жазышып жүрдүм. Жөн эле сүйүктүүмө кат жазгандай жазчу элем (күлүп). Анткени чын дилимден кино тарткым келчү, анын колдоосуна муктаж элем. Тил билбесем, маркетинг, бизнес дегенден такыр түшүнүк жок, жөнөкөй эле айылдык адам болчумун. Ал мага агент, менеджер, продюсер, бир тууганым болуп берди. Бул киши кинону ушунчалык жакшы көрүп, кинонун ичинде мени жакшы көрдү. Мен бирок эч качан кошомат кылган жокмун, чыгармамды ага тууралап тарткан жокмун. Болгону ага жакшы тасмаларды тартып бердим. Азыр бул иштерди Алтынай кылат. Мирлан экөөбүз даяр болгондо барып эле сыйлыкты алып келе беребиз.

«ӨЗҮМ МЕНЕН ЭЛЕ АЛЕК БОЛУП КЕЛЕ ЖАТАМ»

– «Селкинчек», «Бешкемпир», «Маймыл» өзүм тууралуу үчилтик. Өзүм бакма баламын, бакмалардын трагедиясын «Бешкемпирде» бердим. Өзүмдүн ырайымды жакшы эмес деп ойлочумун, жеткинчектин ошол корунуусун «Маймылда» бердим. «Селкинчек» да менин бала чагым. Өмүр бою өзүм менен өзүм алек болуп келе жатам. Үчилтиктен кийин Актандын окуясын жабам деп ойлочумун. Бирок болбой эле «Свет аке», «Кентавр», дагы эмки жылы тартыла турган «Эсимде» өзүм тууралуу дагы үчилтик болгону турат. Бардык тасмаларда өзүмдүн дүйнө таанымым, айланага болгон көз карашым, Актан жашайт. Бул үчүн да тил угуп келдим. «Актан айылды, чаңды эле тарта берет, шаарды тартса болбойбу?» дешет кээ бирөөлөр. Мен айылдыкмын, көкүрөгүмө сиңип калган нерсени тартам. Мисалы, Свет аке элге жарык алып келейин деп эле өзүн ойлобогон апенди чалыш адам. Мен андай деле жаркыраган таптаза киши эмесмин го, бирок болгум келет.

РЕЖИССЁРЛУКТАН АКТЁРЛУККА...

– Өмүрү актёр болом деп ойлогон эмесмин. Кебетемди көргөндөр деле «ушул кантип актёр болсун?» дешсе керек (күлүп). Свет акени тартарда мен көп актёр издедим. Казакстанга чейин бардым. Ал жактан бир казак сүрөтчү жакты эле, бирок башталарда «тартылбайм» деп баш тартып койду. Операторум Хасан Кыдыралиев, дагы бир-экөө «өзүң эле ойноп салбайсыңбы?» деп калышты. Башында көз айнек тагып, электриктин баш кийимин кийгизип аябай күлүшкөн. Мен өзүмдү актёр элестете алчу эмесмин, бирок Хасан «сендеги гениалдуу актёр өлүп баратат» дечү. Тасмаларымда көп учурда кадимки эле адамдарды тандачу элем. Анткени кесипкөй актёрлор ойнойт, жөнөкөй адам ошол тасмада жашайт. Мен үчүн актёр тасмамда жашаганы маанилүү. Актёр эместердин басканы, турганы, сүйлөгөнү эле сен чыгара албай жаткан образ. Карап туруп ынанасың. Хасан аларга үйрөтүп жатканда актёрлугумду байкап калса керек. Эч кимди таппай калып, аргасыздыктан актёр болдум. Азыр Свет акенин образына менден башкасын эч ким элестете алышпайт. Тартылгандан баштап эле ыйлагым келет десең. Уялып жатам, бирок токтото албайм. Бир эпизод бар. Свет акеге милиция кызматкерлер «сен эмне, светти өчүргөндөй Кудай белең?» дешет. Свет аке «мен Кудай менен кесиптешмин, ал да жарык берет, мен да жарык берем» деген жери бар. Ошону айтып жатып ыйлап жиберсем болобу (күлүп)?! Актёр ынандырыш керек, же жашаш керек экен. Мен муну түшүндүм. Азыр чачымды өстүрүп жаңы ролума даярданып жүрөм. Муну мамлекеттин акчасына тартканы жатабыз. Пандемия болуп кармалып калды. Өкүрүп-бакырып «көзгө басар жалгыз режиссёруңарга эмнеге акча бербейсиңер?» деп күпүлдөп деле барсам болмок, бирок абалды көрүп туруп оозум барбады. Эми, буюрса, жазында баштайбыз деп турабыз.

«УУЛУМДУН БУТУНУН ЧЫККАНЫН БАЙКАБАЙ КАЛЫПТЫРМЫН»

– Мирланды алгач «Селкинчекке» тарттым. Аны деле тартуу учурунда бирөө «Мирланды эле тарталы» деп калды. Менде «ушул балам экен же укмуш таланты бар экен» деген деле ой болбоптур. Ал кезде тыйын жок. Бирөөнүн баласын алып барсам, анын ата-энесин кошо тартуучу аянтка алып барыш керек болуп калды. Айтор, көп маселе чыкчудай, ошондон улам Мирланды тарта турган болдук. Мирланда актёрлук талант бар экенин кинону тарта баштаганда байкадым. Бала да, «ыйла» десек ыйлайт, «чурка» десек чуркайт. Кинобузда чоң энесинин жоолугун алып аны парашют кылып сарайдан секире турган жери бар эле. Бир-эки жерден жапызыраак секиртип тартып көрдүк, бирок мага жакпады. Чатырдын үстүнөн секир дедим. Эрнест Абдыжапаров жардамчы режиссёр эле, ал байкуш «буту бир нерсе болсочу?» деп кооптонду. Мен болбойм. Чатырдан секирди. Бутун кармап эле ыйлап жатат, мен образ экен деп ойлоптурмун. «Дагы бир дубль» десем чолчоңдоп ыйлап алып, аткарып жүрөт. Көрсө, буту чыгып кетиптир. Мен аны билбейм. Байкабаптырмын, Эрнест байкап калып жонуна мингизип алып сыныкчыга барып таңдырып келди. Тез эле жакшы болуп кетти. Кийинки тасмаларымды Мирлан аткара турганы дайын болуп калды. Өзүм тууралуу болгондон кийин өзүмдүн уулумдан башка ким окшоштурмак?

«ӨЗҮМДҮ БИЛГЕНДЕН ТАРТЫП МЕН БИРӨӨГӨ ЖАККЫМ КЕЛЧҮ»

– Тасмаларым аркылуу адам биринчи өзүн табыш керек дегенди айткым келет. Комплекстеримди жоюш үчүн кино тартып келе жатам. Адамдын ичинде эмне комплекс болсо, ошону жеңүү керек деп ойлойм. Мени кичинемде «маймыл» дешчү эле. Өзүмдү билгенден тартып мен бирөөгө жаккым келчү. Сулуу эмесмин деп ойлочумун, эми деле сулуу эмесмин дечи (күлүп). Сенин тажрыйбаңда деле «сулуу эмесмин» деп элге жарыя кылган адам жок болуш керек. Бир жолу Лос-Анжелесте өткөн кинофестивалга катышып, «Эң мыкты эркектин ролу» сыйлыгын алдым. Трибунага чыгып «өмүр бою сулуу болгум келчү. Силер мени кыргыздын секс символу кылып койдуңар, рахмат!» дедим. Зал дуу күлдү.

Мен өтө эле ачылып кеттим окшойт, анын да максаты бар. Мен тууралуу окуган, көргөндөр өздөрүн издешсин деп айттым. Мен деле акылдуу сөздөрдү терип, философияны айтып отуруп алсам болмок. Тасмаларымда да жашоо кандай болсо ошондой жөнөкөй, түшүнүктүү кылып баяндап бергим келет.

Эрнест Абдыжапаров, режиссёр:
«ТУШООМДУ КЕСКЕН АКТАН АРЫМ КУБАТ БОЛГОН»

– Мен мугалим болуп иштеп жүрүп, анан киностудияга администратор болуп кирип калдым. Биздин чыгармачылык Союз кыйрап калган маалга туш келди. 1992-жылы Актан Арым Кубат менен тааныштым. Ал кезде анын аты чыгып, кинолору фестивалдарга катышып калган кези болчу. Киностудиянын башкы редактору бизди тааныштырган. Ага продюсерлер «сен бизге жакшы сценарий алып кел, биз каржылайбыз» деген экен. Ал мага «идея бар, жакшы сценарий жазалы» деп сценарийин жазып, бекиттирдик, чогуу тартып баштадык. Ошентип «Селкинчек» жаралган. Мен анда экинчи режиссёр катары иштегем. Менин жардамыма ыраазы болуп, «Кыргызфильм» киностудиясынан документалдык тасма тартканга укук алып берди. «Сен кино тартам деп жүрүптүрсүң, кана эми өзүңдү көрсөт» деген эле. Тарткан кинолорум фестивалдарга катыша баштады. «Аялдама» деген тасманы тартканбыз, ал дагы көп фестивалга барды. Ушул күнгө чейин Актан экөөбүз кызматташып келе жатабыз.

Актанга ар ким ар кандай мамиле жасашы мүмкүн, анын киносу бирөөгө жагып, экинчисине жакпашы ыктымал. Бир чындык бар, бүгүнкү күндө дүйнөлүк деңгээлде Актандай кыргыз элине аброй алып келген режиссёр жок. Кыргыз киносунун тарыхында ал алган сыйлыктарды эч ким ала элек. «Азиянын 100 мыкты режиссёру» деген наамга бизден Төлөмүш Океев менен Актан Арым Кубат кирген. Кыргызды дүйнө жүзүнө тааныткандардын бири – Актан. Анын батасын алып, чыгармачылык тушоосун кестиргендердин сап башында менмин.

Ал дайым өзү тууралуу тартат. «Мен жагамбы же жакпаймынбы?» эмес, «менин ичимде эмне бар?» деген маселени чагылдырат. Ички дүйнөсүн тасмада кантип, кайсы стиль, кандай ыкма менен айтып берип жатканы таң каларлык нерсе. Актандын ар бир кадры чындык болуусун талап кылат.

Баласы Мирланды «Селкинчекке» тартып жатканбыз. Чатырдан секире турган жери бар эле. Жапыз жерден секирип жатса улам жакпай өйдөлөтө берди. Секирип жатып буту чыгып кетиптир. Актан аны тартып коюп, башка жакка тартууну улантып кетип калды. Мен экинчи режиссёр катары актёрлорго жооп берем да. Сыныкчыны таап, Мирландын бутун кайра салганыбыз эсимде. Азыркыга чейин Мирлан ошол окуяны эстеп калат.

Хасан Кыдыралиев, оператор:
«ЭГИЗ БАЛДАРДЫ ТАНДОО ҮЧҮН 80 БАЛАНЫ ЧОГУЛТКАН»

– Актан Арым Кубат учурдун гениалдуу режиссёру. Мен анын ролго актёр тандаган ыкмасына таң калам. «Бешкемпир» тасмасына тартылгандардын эч бири актёр эмес эле. Аларды кандай чеберчилик менен тартты, бул кино дүйнөсүндөгүлөр гана биле турган нерсе. «Сорос» фондусунун жарнамасында тартылган эгиз балдарды көрсөңүз керек. Ошондо 40 түгөй эгиз бала кастингге келген. 80 баланын арасынан Актан байке 7 түгөйдү тандаган. Бул эмне деген сабырдуулук? Анын арасынан силер көргөн балдарды тандап алган. «Свет акени» тартканда ал өзү башкы каарманды аткарды. Башкы ролго чакырылган адам келбей калып, тартуучу топтун ичинен «өзүң тартылып көрбөйсүңбү?» деген пикирлер болду. Көп ойлор айтылды, Актан байке мага келип «Хасан, мен кантип ойнойм, мен кантип режиссёрлук кылып жатып тартылам?» деди. Биз аны плейбек аркылуу жасамай болдук. Бул алгач тартып алып, анан режиссёр эмнени тартканын көрүү мүмкүнчүлүгү бар технология. Тартабыз, ал мага «кана, кандай болду?» деп чуркап келет. Бир эпизод бар, Свет аке мас болуп досу менен келе жатып «менин 5 кызым бар, эркек балам жок» деп ыйлашы керек эле. Анда досу «кел, сени токко тарттырып көрөлү, балким, эркек балалуу болосуң» дейт. Бул эпизодду биз 5 күн бою тарттык. Түндү күтөбүз, тартабыз, жакпай калат, кайра тартабыз. Чындап ичкен адамдай көрүнүп, ролго кириш үчүн Актан байке аягында 100 грамм арак ичип алып аткарганы эсимде. «Ай, Хасан, болбой калды, эртең тарталы» деди кайра. Ошентип 5 күн дегенде көңүлүнө жаккандай аткарган.

Алтынай Койчуманова, продюсер:
«АТАМ АЗЫРКЫНЫН ГЕНИЙИ»

– Атам (ред.: кайнатасы режиссёр Актан Арым Кубат) менен 2004-жылы таанышкам. Кесибим боюнча экономистмин. Атам «Ой-Арт» студиясын ачып, мени жумушка алышкан. «Кыргыз кино тармагын дүйнөлүк деңгээлге чыгарууга мүмкүнбү?» деген ой менен жумушка орношком. Кино тармагы өзү кызыктуу болгондуктан, бул тармакта иш жасоого аябай кызыгып калгам. Ошондон баштап кино тармагында эмгектенип келе жатам. Мен жумушка орношкончо "Бешкемпир" жана "Маймыл" тасмаларын көргөм. Мага аябай жаккан эле. Атам мыкты режиссёр, азыркынын генийи. Мени андагы даанышмандык, тереңдик, гениалдуулук, креативдүүлүк таң калтырып келет.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Tima7
2020-11-26 10:43:59
Актан Арым Кубат, режиссёр
чачы кантет
-1
№ 937, 19-25-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан