ИЗДЕЙМ СЕНИ

1-Июнь – Балдарды коргоо күнү. Бирок бул күн Уланбектин үй-бүлөсү үчүн майрам эмес эле, каргашалуу күн болуптур. Төрт айдан бери 4 жаштагы уулу Брюсланды издеген ата илгери үмүт менен редакциябызга телефон чалган экен...

Редакциябызга жакындарын, тууган-туушкандарын издеп кимдер гана кайрылбайт, кимдер гана кат жазбайт. Бул жолу да окурмандарыбыздан бир топ каттар келип түштү. Аларга көз жүгүртүп көрсөк...


"УУЛУМДУ КОЛУМА БЕРГИЛЕЧИ?!”
– Уулум Жээнбаев Брюслан төрөлгөндө эле Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жашаган чоң энеси багып алган эле. Апамдын айтымында, ошол күнү Брюслан адатынча үйгө кирип-чыгып, эшиктин алдында ойноп жүрүптүр. 1-июнь майрам эмеспи. Көпчүлүк кошуналардын балдары сейил бакка кетишип, короодо 2-3 эле бала калыптыр. Уулум ошолор менен жүргөн экен. Апам адегенде балдар менен ойноп жүрсө керек же кошунанын үйүнө кирип кеткендир деп анча этибар албаптыр. Анан эле тегерек-четтен издеп, таппай калыптыр.
Эртеси шаардын эч жерин калтырбай издеп чыгыптыр. Айласы кеткенде анан мага чалды. Угарым менен Кара-Көлгө жетип бардым. Чогуу ойногон балдарынан сураштырсак, “биз менен ойноп жаткан. Ары карай басып кетип, ошол боюнча келген жок” дешти. Сейил бакты бүт кыдырып, сураштырдык. Эч ким көрбөптүр. Акыры милицияга арыз жазып, телевидениелерден издөө салдык. Бирок эч кандай натыйжа болгон жок. Көзү ачык, төлгөчүлөргө чейин бардык. Кээ бирлери “балаң тирүү. Машинаны жакшы көрөт экен, бирөөлөр машинасына салып жүрүшөт” дешти.
Чынында, Брюслан кичинекей болсо да, техникага абдан жакын эле. Көчөдө токтоп турган машинанын эшиги ачык болсо, тартынбастан кирип алып чукулай баштачу. Баарыбыз анын көзүн карагандыктанбы, тентек, эрке эле. Өзүнөн чоң балдар менен да күрөшө кетчү. Бирөөдөн чочулап же корунчу эмес. Тааныбаган адамы менен деле учурашып, сүйлөшө берчү. Брюс, Брюслан дегенде эле жалт карачу.
Дагы бирлери “бирөө бала кылып багып алабыз деп кармап отурушат. Бирок балаң ыйлап, көнбөй жатыптыр” деп айтышты. Бирөөнүн баласы бирөөгө бала болуп бермек беле? Баламды ким алып кетсе, колума кайтарып берүүсүн суранар элем. Кимдир бирөө өчөшүп алып кеттиби дейин десем, касташкан душманым деле жок. Алып кетсе да, буга чейин акча сурамак да.
Уулумдан көптү үмүттөнчүмүн. Мен жетпеген бийиктиктерге уулум жетсе деп ниет кылып, ошого аракет кылчумун. Бирок...
Убакыт деген учкан куш сымал экен. Уулумсуз жашап жатканыма төрт айдын жүзү болду. Төрт ай деп айтуу оңой болгону менен, күн өткөрүү кыйын экен. Брюсланды эстеген сайын каңырыгым түтөп, жанымды коёрго жер таппай жатам.
Баарынан да апам жаман болуп жатат. Небересинин жоголгонуна өзүн күнөөлүү сезип, кан басымы көтөрүлүп, арыктап, ооруп калды. Брюсланды тырмактай кезинен багып, мээримин төгүп чоңойтту эле. Апам Брюслансыз, Брюслан апамсыз тура алчу эмес. Экөө кайда барышпасын, чогуу жетелешип жүрүшчү. Эми минтип апамдын жегени желим, ичкени ириң болуп, ыйлап, боздоп отурат. Буга апамды такыр күнөөлөбөйм. Аны аяйм. “Апа, өзүңүздү караңыз. Эми Кудайдын башка салганы экен, эмне кылабыз? Брюслан табылат. Баары жакшы болот”,- деп сооротуп жатам. Менде мындан башка арга жок.
“Супер-Инфонун” бардык окурмандарынан суранарым, сүрөт­төгү уулумду кимде ким көрүп, таа­нып-би­лип калса, мага чалып кою­шуңуздарды өтүнөм.

Уланбек Жээнбаев. Тел.: 0778 595125


“ШЕРИКБАЙ АБАМ 27 ЖЫЛДАН БЕРИ ДАЙЫНСЫЗ”

– Атамдын бир тууган иниси 1954-жылкы Тагайкулов Шерикбай Тагайкуловичти издейм. Атам өзү 4 бир тууган: 1 кыз, 3 эркек болчу. Атам улуусу эле, кайтыш болуп кетти.
Чоң атам каза болгондон кийин атамдардын үй-бүлөсү Кара-Көл шаарына көчүп келишиптир. 1983-жылы март айларында Шерикбай абам “Токтогулга барып документтеримди алып келем” деп кетип, кайра үйгө кайрылып келбептир. Ал кезде үйлөнө элек экен.
Атам тирүү кезинде Шерикбай абамды эстеп, “таап, катташып алсаңар жакшы болот эле” деп көп айтчу. Ойлосом, ал кезде жаш экенмин. Азыр чоңоюп, акты ак, караны кара деп ажыратып калган кезимде Шерикбай абамды издеп табууну чечтим. Буга чейин аны эч ким деле издебептир. Өзү да эч кандай кабар бербептир. Төлгө ачтырсак, тирүү экенин айтып жатышат.
Үйдө анын 1982-жылы түшкөн жалгыз сүрөтү бар. Сүрөттүн артында “Токтогулдуктар. Турсункулов Карагул, Жакыпов Акин, Калыков Арзы, Эрматов Майлуу, Жээнкулов Кочкор, Токоев Аскар, Чайгараев Өмүралы” деген жазуу бар. Менимче, булар жакын достордон болушса керек. Бул кишилер абам тууралуу билишсе, маалымат беришеби деген ойдо сүрөттү берип жатам.
Шерикбай аба же анын балдары, сиздерди мен гана эмес, жакын туугандарыңар да күтүп жатышат. Биздин издеп жатканыбызды билсеңиздер, анда сөзсүз кабарлашыңыздар.

Гипариза, Токтокан, Алимбек.
Тел.: 0770 668664, 0773 745792, 0773 805625.


“ЖАЛГЫЗ КЫЗЫН ЖОГОТУП...”

– Мен 1979-жылы туулган ала-букалык классташым Усенова Аида Шамбаевнаны издейм. Ал Ала-Бука районунун Көк-Серек айылында туулуп-өскөн. 2001-жылы Ош шаарынан ЖОЖду аяктап, сентябрь айында Бишкекке келген боюнча дайынсыз. 2003-жылы почта аркылуу ата-энесине белек салыптыр. Жөнөтүлгөн дарек "Сокулук району" деп жазылыптыр. Аида бир үйдүн жалгыз кызы болчу. Жалгыз кызын жоготкон ата-эненин күйүтүн айтпасам деле белгилүү да. Мен айылга барган сайын ата-энеси менен көрүп сай сөөгү сыздайт.
Аида, эгер өзүң окуп калсаң, сөзсүз кабарыңды билдир. Сени ойлой берип апаң оорукчан болуп калды.
Аиданы көргөн-билгендер болсо, жалгыз кызын издеген ата-эненин кайгысына кайдигер карабайт деген ойдомун.

Мирзалиева Махабат.
Тел.: 0771 700600, 0772 141635.


“НУРЛАН, ЧОҢ АПАҢ КҮТҮП ЖАТАТ”

– Биз бир тууганыбыз (1980 же 1981-жылкы) Төлөмүшев Нурланды тапкыбыз келет. 1977-жылы агабыз Курманбек менен жеңебиз Гүлжан ажырашып кетип, Нурлан апасынын колуна кеткен эле. Эгер жаңылбасак, жеңебиз Жумгалдын Чаек айылынан болот. Угушубузча, жеңебиз Миң-Куш жакка турмушка чыгыптыр. Жеңебиз бир бутунан сылтып басчу.
Нурлан, атаң кайтыш болуп кеткен. Чоң апаң Орол 88 жашка келип, бир буту төрдө, бир буту көрдө болуп отурат. Ал “Нурланды сураштырып, издеп тапсаңар боло?!” деп сени чыдамсыздык менен күтүп жүрөт. Жок дегенде чоң апаңдын көзү өткөнчө бир келип кет. Бул анын чоң суранычы.

Жакын туугандарың Асек, Раушан, Майраш, Шайкүл.
Тел.: 0777 051504, 0777 204885, 0777 177124.


“АЛТЫНАЙ, ЖОЛУГУП СЫРДАШАЛЫ”

– Саламатсыздарбы, “Супер-Инфо” гезити. Мен Новосибирск шаарынын “Каменская” базарында иштеп кеткен жалал-абаддык курбум Алтынайды издеп келем. Ал Алик деген кишиден бут кийим алып сатчу. Жанында апасы жана Чолпон деген сиңдиси бар эле. А мен анын жанында кийим-кечек сатчумун. Экөөбүздүн мамилебиз абдан жакшы эле.
Алтынай, менин издеп жатканымды билсең, сөзсүз мага чал. Мен сени абдан сагындым.

Курбуң Ширин. Тел.: 0779 399304


“ГРУППАЛАШЫМ, КАЙДАСЫҢ?”

– Мен ОшМУнун табият таануу факультетин 2005-жылы аяктаган ала-букалык группалашым Иманбекова Гүлнура Раимбековнаны издейм. Экөөбүз акыркы жолу 2005-жылдын ноябрь айында Оштон жолукканбыз. Ошол боюнча ортодогу байланышыбыз үзүлүп калды. Гүлнура учурда Ала-Букада мектепте иштейт экен (бирок бул маалымат так эмес).
Гүлнура, сени көп эстейм. Эгер менин издеп жатканымды билсең, мага байланышка чык. Жолугуп, өткөн күндөрдү эске салып, сыр чечишели.

Курбуң Чыныгүл. Тел.: 0772 874264


Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү: Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номуру так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: 32-33-26

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aminali
2010-11-08 16:06:51
Ki4inekei bala tabilsa kabar berip koigula4i kairadan ele superden kutom ,ayabai kaigirip jatam.
0
altysha.kg
2013-06-24 16:53:50
Аллахтан умут кылыныздар ИншАллах Брюслан созсуз табылат сиздерге сабыр тилейм!баланыздар быйыл биринчи июнда жоголдубу же откон жылыбы? торт ай болду депсиздер ушуга тушунбодум анан айтаарым коз ачыктарга баруу ал арга ишенуу Аллахка шек келтирген болот Аллахтан гана умут кылыныз
Аллахым мееримдуу зат!
0
№ 414, 8-14-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан