16 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫН ДЕНЕСИ СУУ САКТАГЫЧТАН ТАБЫЛДЫ

Үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында Кара-Суу районундагы суу сактагычтан 16 жаштагы кыздын денеси табылган. Ага чейин кыз "үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз" деп изделип жаткан. Маркумга тийиштүү экспертиза дайындалып, жыйынтыгында анын эки айлык кош бойлуу экендиги аныкталды. Апасы кызынын өлүмүнө 18 жаштагы жигитти жана анын жакындарын күнөөлөөдө. Биз окуянын чоо-жайын иликтеп көрдүк.

“БАЛАНЫ БОЙДОН АЛДЫРЫП САЛ ДЕШКЕН”

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Каза болгон А.А. аттуу кыз 16 жашта болгон. Ал Ош шаарында окуп, жашачу. Ата-энеси ажырашып кеткен экен. Апасы Орусияда иштейт. Кыз жайкы эс алуу учурунда Кара-Кулжа районуна таятасыныкына барган. Ошол жерден 18 жаштагы жигит менен таанышып, экөөнүн ортосунда мамиле жаралат. Июль айларында кыз кош бойлуу экенин билген. Кыз бул тууралуу жигитке айтса, жигит “баланы бойдон алдырып сал” дептир. Укук коргоо органдары жүргүзгөн иликтөөлөргө таянсак, баланын атасынын эже-карындаштары кыздын телефон номерин алып, аны урушуп, “боюңдан алдыр” деп коркутушуптур. 25-августта кыз Ош шаарындагы үйүнөн чыгып, дайынсыз болуп кеткен. Анын жансыз денеси 16-сентябрда Кара-Суу районундагы суу сактагычтан табылды. Кыз өз жанын кыйганга чейин УЗИге барып, кош бойлуу экендигин билген. Кыздын сөөгү табылган соң да соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы өспүрүмдүн эки айлык кош бойлуу экендигин тастыктаган. Бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин 164-беренеси (жашы жете элек өспүрүм менен жыныстык катнашка баруу) менен кылмыш иши козголуп, 4-ноябрда кылмышка шектелип 2002-жылы туулган А.Т. аттуу бала кармалды. 6-ноябрда Кара-Кулжа райондук соту баланы эки айлык мөөнөткө тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарды. Азыркы учурда кыздын апасы 136-берененин (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) негизинде кошумча арыз жазып жатат. Айыпталуучу тарап да баланын абакта отурушуна нааразы болуп, Ош облустук сотуна арыз менен кайрылды.

“ЖИГИТ БОЮҢДАН АЛДЫР ДЕП 2000 СОМ БЕРИПТИР”

Маркумдун бир тууган таежеси Майрамкүл Жоробаева кыздын кош бойлуу экендигин алгачкылардан болуп билгендердин бири. Ал окуя тууралуу буларга токтолду:

– Кыз "ооруп жатам" дегенинен бир тууган сиңдим аны ооруканага көргөзүптүр. Ошол жерден кыздын кош бойлуу экени белгилүү болгон. Сиңдим мага телефон чалып, “Кара-Кулжага келиңиз” деди. Мен барып болгон окуя тууралуу билип, ага “төрөй бер, баланы бойдон алдырууга болбойт. Кийин төрөй албай калышың мүмкүн” деп каршы болдум. Ал “А.Т. (жигити) боюңдан алдыр деп 2000 сом берди. Баланы бойдон алдырмайынча кетпейм” деп көгөрүп туруп алды. Биз ал сиңдибизге катуу да айтчу эмеспиз. Макул болуп Кара-Кулжанын ооруканасына бардык. Ал жерде гинеколог жок экен. Бир жумадан кийин келет экен. Кетели десек, кыз “Өзгөндөгү ооруканага алып баргыла” деп болбой койду. Өзгөнгө алып барсак, алгач УЗИге кирип, мөөнөтүн билип чыккыла дешти. Ал жерден кош бойлуулуктун мөөнөтү 4 жумалык деп чыкты. Дарыгер “баланы бойдон алдырууга болбойт, бул кылмыш болуп саналат. Андан көрө баланын ата-энесине барып чындыкты айткыла” деди. Сиңдим экөөбүз жээнибизди алып, Кара-Кулжага жөнөдүк. Кызды таенесинин үйүнө таксиге салып жибердик да, Чалма деген айылда жашаган баланын атасынын бир тууган эжесине бардык. Ага окуяны айтып, иштин жайын түшүндүрдүк.

“БОЙДОН АЛДЫРБАЙМ ДЕП ЖАТКАНЫН УККАН ЭКЕН”

– Маркум кызыбыз жоголордун алдында кыздын апасы Орусиядан бизге телефон чалып, “кышкыга кыям кайнатып койгула” деди. Сиңдим экөөбүз кызды Кара-Кулжадан алып Ошко келдик. Ошентип Ошто иштерди бүтүрүп үч күн жүрдүк. Кызды алып кайра Кара-Кулжага жөнөйлү деп жатсак Орусиядан сиңдим чалып, “кызымды үйгө эле калтырып койгула, агасы барат экен. Экөө мурдагыдай жашай беришет” деди. Биз айтканы боюнча кызды таштап келе бердик. Ошонун эртеси эле кыздын агасы “карындашым үйдөн чыгып кетип жок” деп телефон чалды. Сиңдим ага чейин кызынын телефон аркылуу сүйлөшүп жатканын уккан экен. Ким менен сүйлөшүп жатканын деле так билбейт, бирок кыздын “бойдон алдырбайм” деп жатканын угуптур.

“ҮЙЛӨНТӨЛҮ ДЕП ЖАТКАНБЫЗ”

Кылмышка шектүүнүн атасынын эжеси болом деген С.Ж. аттуу жаран "кызга эч кандай коркутуулар болгон эмес" деп төмөнкүлөргө токтолду:

– Маркум кыз менен баланын качантан бери сүйлөшүп жүрүшкөнүн билбейм. Балабыз Бишкекте цехтердин биринде иштечү. Экөө тең карантинде айылга барышып, ошол жерден таанышкан окшойт. Мен башка айылда турам. Мага кыздын таежелери келип, “кыз кош бойлуу болуп калыптыр, кандай кыласыңар?” дешти. Бул кабарды укканда нес болдум. Бирок кыздын таежелерине “уулубуз жаш, башы бош, кыз дагы жаш экен” дегем. Мен үч күндөн кийин айылга инимдин үйүнө бардым. Көрсө, баланын ата-энеси да уккан экен. Мен барган күнү кыз өзү барып, баланын атасына “мени келин кылып аласызбы? Менин уулуңуздан боюмда бар” деп айтыптыр. Атасы “болуптур, уулумдан сурайын” деп коюптур. Мен барып кыз менен да, бала менен да сүйлөштүм. Экөөнүн тең бири-бирине көңүлдөрү бар экен. Анан кыздын таежесин чакырттым. Кыздын өзүнөн боюңдан алдыртасыңбы деп сурадым. Ал “жок” деп жооп берди. “Төрөй бер, бага албасаңар биз деле багып беребиз” деп акыл-насаатымды айттым. Андан соң баарыбыз кыздын таятасыныкына бардык. Ал жерден “бир айча күтөлү, аяк-башыбызды жыйып алып, анан экөөнү үйлөнтүп коёлу” деп макулдаштык. Кыздын энесин чакыргыла дедим. Ошентип бир айдан соң экөөнү Ошко же Бишкекке жөнөтмөй болдук. Мен кызга да, балага да өмүр деген өтө кымбат экенин айтып, шайтандын оюнуна кирип кетпегиле деп эскерткем.


“КӨПҮРӨДӨН СЕКИРЕМ ДЕП ЖАТКАНДА БИЗДИН БАЛА КУТКАРЫП КАЛЫПТЫР”

– Август айынын ортолорунда кыздын таежеси менен сүйлөшсөм, ал "кызды Ошко алып кетем" деди. Мен ага “Ошко алып барбай эле койгулачы, биздин баланын жанында жүрө берсин” деп аябай сурандым. Сүйүшкөн адамдар бири-бирине жакын болуп турушса тынч жүрүшөт беле. Ошондо кыздын таежеси мага “кызыбыз айылдагы көпүрөдөн дарыяга секирем деп жатканда жигит куткарыпкалыптыр” деди. “Эмне үчүн?” десем, “А. ага боюңдан алдырсаң болмок, биз 18ге чыккандан кийин деле баш кошмокпуз” деген имиш. Мен дароо эле баланын ата-энеси менен байланышып, окуя боюнча тактап сурадым. Көрсө, чындап эле ошондой болуптур. Ошондо биздин бала кызды бир өлүмдөн алып калган.

26-августта мага таенеси телефон чалып, кыздын дайынсыз болуп жатканын айтты. Ошо жерден “кызды эмне себептен Ошко алып барып таштап коёсуңар?” деп жиним келди. Таенеси “бул кыз биздин тилибизди укпайт” деп ыйлады. Эгер кыз баланын жанында калса мындай болмок эмес.

Негизинен кыздын кош бойлуу болуп калганына, албетте, биздин бала күнөөлүү. Бирок кызды жалгыз калтырып койбой көзөмөлдөш керек болчу. Азыр “кызга баланын эжелери телефон чалып, боюңдан алдыр деп коркуткан” деген маалыматтар айтылып жатат. Мен өзүм наристеге зар болуп жүргөн энемин. Кантип анан кызга “боюңдан алдыр” деп айтам? Мен тескерисинче, төрөп ал дегем. Менден башка бир дагы эжеси бул окуя тууралуу билбейт. Кызды көзөмөлдөп, бир аз сабыр кыла туруу керек болчу.

Ушундай окуялар башкаларга, айрыкча өткөөл курактагы өспүрүмдөргө сабак болууга тийиш. Ойлонулбаган бир эле туура эмес кадамдын кесепети артынан тоодой кесепет ээрчитип келиши, кейиштүү окуялар менен аякташы ыктымал.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nuri1988Elim2010
2020-11-23 18:51:05
Эх, жаш гана өмүр,
Мындай иштерден кудайым өзү сактасын, бизде да уул кыз бар, жайы жаннаттан болсун. Жаштарга ыйман ынсап берсин. Эми өтүп кеткен адамды каралабай эле, баланы каматып эмне пайда, бешенесине ушул нерсе жазылгандар балким
0
Azima79
2020-11-24 09:31:42
Жаман иш болуптур,аттин десен...
0
№ 937, 19-25-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан