2020-ЖЫЛДЫН III ЧЕЙРЕГИНДЕГИ ӨНДҮРҮШТҮК ЖЫЙЫНТЫКТАР

Centerra Gold Inc. («Центерра») компаниясы жана «Кумтөр Голд Компани» (“Кумтөр”) компаниясы 2020-жылдын үчүнчү чейрегиндеги иштин жыйынтыктарын чыгарышты. 2020-жылдын тогуз айында “Кумтөрдө” 465 734 унция(1) же 14 485,95 килограмм алтын өндүрүлгөн. Жылдын башынан бери компания 10,21 миллиард сомдон ашык салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которду.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине быйылкы жылдын октябрь айынын башында өткөрүлгөн шайлоолордон кийинки болгон социалдык-саясий туруксуздукка карабастан, “Кумтөр” кенинде иш кадимки режимде уланууда. Тоо-кен иштери жана алтын өндүрүү мурда белгиленген ыргакта жүрүп, продукцияларды пландуу өндүрүү иштери туруктуу аткарылууда. Кенге товардык-материалдык ресурстарды жеткирүүнүн бардык байланышында эч кандай үзгүлтүк катталган жок, буга ылайык чек аралар товарларды жүгүртүү үчүн ачык болуп, бажы кызматтары өзүнүн кадимки режиминде иштөөдө.

COVID-19ГА БАЙЛАНЫШТУУ КЫРДААЛ

“Кумтөр” кенинин аймагында COVID-19 вирусунун жайылышына жол бербөө максатында чектөөчү жана профилактикалык иш-чараларды өткөрүүнү улантууда. Мурда кабарлангандай, компания Кыргыз Республикасындагы коронавирустук инфекция жана башка оорулардан улам эмгек жамааттын айрым кызматкерлери жумушка келе албай жатканын белгилеген. Булардын кесепетинен июль айындагы тоо иштеринин ачылышы толук көлөмдө жүргүзүлгөн эмес, бирок сентябрь айында компания толук түрдө ишин уланта баштады. Өткөн чейректин ичинде фабрика штаттык режимде иштеди жана кендин кампа запастарын кайра иштетүүнүн эсебинен алтын өндүрүү боюнча пландуу көрсөткүчтөрүн аткара алат деп күтүлүүдө.

2020-жылдын 1-сентябрында «Кумтөр Голд Компани» («Кумтөр») компаниясы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине 78,468,300 сом (КРУБнын 01.09.20-ж. расмий курсу боюнча 1 миллион АКШ долларынын эквиваленти) которду. Бул республиканын дарылоо мекемелерин оңдоо жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн каражат бөлдү.

ПРОДУКЦИЯЛАРДЫ ӨНДҮРҮҮ ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮ

2020-жылдын үчүнчү чейрегинде “Кумтөрдөгү” алтын өндүрүүнүн көлөмү 140 182 алтын унциясын түздү, ал эми 2019-жылдын ошол эле чейрегинде ал 150 305 унцияны түзгөн. Өндүрүлгөн көлөмдүн төмөндөшү, ириде фабрикага жеткирилүүчү рудада алтындын курамы азыраак, ошондой эле рудадан алтынды ылгап алуунун коэффициентинин төмөндөшүнө байланышкан. 2020-жылдын үчүнчү чейрегинде фабрикага 80,3% ылгоо көлөмүндөгү 3,48 г/т орточо курамы менен руда берилген, мурунку жылдын ушул эле чейрегинде бул көрсөткүчтөр 3,78 г/т жана 84,8%ды түзгөн.

2020-жылдын үчүнчү чейрегинде 142 132 унция, же 4 829,34 килограмм алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2020-жылдын үчүнчү чейрегинде 268,2 миллион долларды(2) түздү.

2020-жылдын башынан бери алтын өндүрүүнүн көлөмү мурда даярдалган руданын кампа запастарын кайра иштетүүнүн эсебинен 465 734 унция, 2019-жылдын ушул эле мезгилинде ал 451 679 унцияны түзгөн. Белгиленген өсүш ириде фабриканын өндүрүмдүүлүгүнүн, рудадан алтынды ылгап алуунун жогорку көлөмүнө, ошондой эле курамында алтын бар көмүртек бөлүктөрүн кайра иштетүүнүн натыйжасында алтын өндүрүүнүн жогорулашына байланышкан. Көрсөтүлгөн өсүш бир жагынан алтын курамы аз кендерден алтын ылгап алуу менен теңделген. 2020-жылдын тогуз айында кен фабрикасына жеткирилүүчү алтындын курамы орточо 82,8% алтын ылгоо көлөмүндөгү 3,65 г/т түзгөн, 2019-жылдын ушул эле чейрегинде бул көрсөткүчтөр 3,66 г/т жана 83,0% түзгөн.

2020-жылдын тогуз айында 472 572 унция же 14 698,63 килограмм алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2020-жылдын тогуз айында 803,5 миллион долларды(2) түздү.

“Кумтөр Голд Компани”, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууга ылайык, “Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” ААКсы тарабынан сатылып алынат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз гана “Кыргызалтын” ААКсы ээ.

ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО ИШТЕРИНИН ЖҮРҮШҮ

2020-жылдагы бургулоо иштеринин программасы 55 миң метр чалгындоо иштерин жүргүзүү тапшырмасын кароодо, алар приоритеттүү жана перспективалуу жерлерге топтоштурулган. Иш зоналар биринчи кезекте 2018-2019-жылдарда алынган геологиялык моделдөө жана бургулоонун оң натыйжаларын пайдалануу менен өзүнө борбордук, түштүк-батыш жана Сары-Төр карьерлеринде жайгашкан аймактарды камтыйт. 2020-жылдын үчүнчү чейрегинде чалгындоо-бургулоо иштеринин программасын аткаруунун алкагында жалпы узундугу 11 412 метр алмаз менен бургуланган 45 скважина жана кайра жууп-тазалоо менен 11 скважина иштелген. Бургулоо иштеринин башкы милдети болуп сульфиддик (карьердин борбордук участогу – түндүк борт) жана борбордук жана түштүк-батыш карьердин (“Үмүт”, Үч бурчтук” иш зонасы жана түштүк-батыш оксиддин зона) ортосундагы Сары-Төр карьеринин чет жактарындагы жолду, түндүк-чыгыш аймактарын жана Муздуу-Суу жакты (кендин борбордук участогунда) текшерүү эсептелет. Геологиялык чалгындоо иштеринин мүмкүн болгон көлөмү жөнүндө маалыматтар 2020-жылдын күзүндө даярдала турган “Кумтөр” кени боюнча акыркы техникалык отчётко киргизилет.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БЮДЖЕТИНЕ ТӨЛӨМДӨР ЖАНА БАШКА МИЛДЕТТҮҮ ТӨГҮМДӨР

2020-жылдын тогуз айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 10,21 миллиард сомдон ашты.

Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, «Центерра Голд Инк» жана КГК ортосунда 2017-жылдын 11-сентябрда түзүлгөн Стратегиялык келишимге ылайык жана 2019-жылдын 7-августунда каралган Кошумча төлөмдөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт.

СКОТТ ПЕРРИ: «КУМТӨРДҮН ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ ИШТӨӨСҮНӨ АРАКЕТ КЫЛАБЫЗ»

“Центерранын” президенти жана башкы кызмат адамы Скотт Перри 2020-жылдын үчүнчү чейрегине:

– Биз өзүбүздүн бардык ишканаларда COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүнүн алкагында анын жайылышынын алдын алуу, кызматкерлерибиздин, келишим менен иштеген адамдардын, ошондой эле жергиликтүү калктын ден соолугун жана коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык чараларды көрүүнү улантуудабыз. Андан тышкары биз Кыргыз Республикасындагы саясий окуялардын өнүгүшүнө кылдат көз салып, "Кумтөрдүн" үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоого аракет кылуудабыз.

Биз “Кумтөр” кени боюнча техникалык отчётту иштеп чыгууну улантуудабыз: бул кендин пайдалануу мөөнөтүн узартуу планына тоо-кен иштеринин өндүрүшүнө карата чыгымдарга тиешелүү кошумча бөлүмдөр, кенден алтынды ылгап алуу коэффициенттери жана бош тек үймөктөрүнүн туруктуулугу боюнча маалыматтар киргизилет,- деп комментарий берди.

«Центерра Голд» жөнүндө кошумча маалымат жана толук 2020-жылдын үчүнчү чейрегинин жыйынтыктары боюнча пресс-релиз www.sedar.com SEDAR системасында, www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда жеткиликтүү.

(1) – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.

(2) – Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 937, 19-25-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан