Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө акыркы 110 жылдагы эң ири алмаз табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Алмаз канадалык “Lucara Diamond” компаниясынын “Карове” шахтасынан табылган. Маалыматка ылайык, табылган алмаздын салмагы 1111 карат.
Асыл таш ушунчалык чоң болгондуктан, ал компаниянын лазердик анализдөөчү жабдуусуна батпай калган. Ошого карабастан, компания өкүлдөрү табылган алмазды II категорияга кошкон. Бул алмаздын тазалыгы, өңү жана тунуктугу боюнча сапатынын жогорку категориясы деп айтышты. Дүйнөдө алмаздын болжол менен 2 пайызы гана II категорияга ээ.
Белгилей кетсек, 1905-жылы Түштүк Африкада табылган салмагы 3106 карат болгон “Куллинан” алмазы дүйнөдөгү эң чон алмаз болуп саналат. Дүйнөдөгү экинчи чоң алмаз салмагы 1109 карат болгон “Lesedi la Rona” ташы.
Жумабай Акимов