47 жаштагы Майкл Кнапински АКШнын Маунт-Рейнир улуттук паркынын кар баскан тоолорунда адашып калган. Ал досу экөө Мьюир тоосунун этегинен бөлүнүп кетишкен. Ошол күнү кечинде Кнапински унаасына кайтып келген эмес. Андыктан досу улуттук парктын куткаруучуларына кайрылган. Эртеси куткаруучулар Кнапинскини таап, Сиетлдеги медициналык борборго жеткиришкенде ал жактан жүрөгү токтоп калган.
“Биз аны каза болуп калды деп ойлогонбуз”,- деди медициналык борбордун дарыгери Женел Бадулак. Анын айтымында, Кнапински мындай абалда 45 мүнөттөй жаткан. Медицина кызматкерлери ага жасалма дем алдыруу жасап, атайын медициналык аппаратка туташтырышкан. Медициналык аппарат Кнапинскинин жүрөгүн кайра иштетүүгө жардам берген.
Жумабай Акимов