АВСТРАЛИЯЛЫК ОКУМУШТУУЛАР ЧАГЫЛГАНДЫН БАГЫТЫН ӨЗГӨРТҮШӨТ

Австралиянын Улуттук университетинин эксперттер тобу лазердин жардамы менен алдын ала аныкталган жолдо чагылганды кармап, өзгөртүп жана багытын башка жакка буруучу жаңы технологияны иштеп чыгышты. Бул тууралуу илимпоздор "Nature Communications" журналында айтып беришкен. Чагылган 2019-2020-жылдары Австралияда токойду кыйраткан чоң өрттөрдү жаратты. Чагылгандын разрядын көзөмөлдөө жана багытын өзгөртүү өрт чыгуу коркунучун азайтууга, адамдардын, жаныбарлардын өмүрүн жана токойлорду сактап калууга жардам берет.

Алар эки металл плиталардын ортосундагы абадагы графендин микро-бөлүкчөлөрүн кармап, ысытыш үчүн лазер нурун колдонушту. Бул чагылгандын түшүшүнө алып келет да, электр разрядын коопсуз тарапка багыттай алат. Графен – бул калыңдыгы бир гана атом болгон заттын катмарынан пайда болгон көмүртектин өзгөчө модификациясы. Эксперименттин жүрүшүндө окумуштуулар чагылгандын түшүшүнө алып келген атмосфералык кырдаалды жасашты. Келечекте бул технология табигый чагылгандын электрдик разрядын коопсуз тарапка багыттоого жардам берет. Чагылган сыяктуу күчтүү электр разрядын иштетүү үчүн керектүү системаларды түзүүгө беш жылдай убакыт талап кылынат.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 937, 19-25-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан