Төрт астронавты бар америкалык космостук Crew Dragon кемеси Флоридадагы Канаверал тумшугунан Эл аралык космос станциясына учурулду. Бул SpaceX компаниясынын астронавттарды Эл аралык космос станциясына экинчи жолку жеткириши. Crew Dragon космос кемесин учуруу 15-ноябрдан 16сына караган түнү ишке ашырылып, учурда бул аппарат Эл аралык космос станциясына бириктирилди. Crew Dragon билдиргичтер (датчик) жана камералар топтомунун жардамы менен автоматтык түрдө экипаждын Эл аралык космос станциясына биригүүсүн жана жайгашуусун шарттайт. Зарылдыгына жараша экипаж кол менен башкарууга өтө алат, бирок азырынча бардыгы өз ордунда.
Бул SpaceX`тин Эл аралык космос станциясына экинчи жолку коммерциялык учуусу, биринчи учуруу 2020-жылдын май айында болгон. Жаңы космонавттар менен Crew -2нин кийинки миссиясы 2021-жылдын жаз айларына пландаштырылган. Бул кеме 4 кишини – НАСАнын үч астронавты Майкл Хопкинс, Виктор Гловер, Шеннон Уолкер жана Япониянын Аэрокосмостук чалгындоо агенттигинин астронавты Соичи Ногучини жеткирди.
Эске салсак, Crew Dragon`ду иштеп чыгуу 2000-жылдардын ортосунан бери жүрүп келет. 2014-жылдан бери программа НАСАнын колдоосу менен ишке ашырылууда.
Гулийпа Маметосмон кызы