ЖАГЫМДУУ БЕКЕРЧИЛИК

Дем алыш күндөрү эс алып жумушка сергек келгендин ордуна чарчап, шалдырап келген учурубуз көп болот. Дайыма эле чарчаңкы абалда жүрүү иштин натыйжалуулугун төмөндөтөт. Андыктан кээде жагымдуу бекерчиликке орун берүү ашыктык кылбайт. Жан дүйнөңүздөгү чарчоодон, денени баскан шалдыроодон арылгыңыз келеби, анда өзүңүзгө “жагымдуу бекерчилик” атмосферасын түзүңүз.

  • Дем алыш күнү ал иш, бул иш деп жүрүп эс алуу күндүн эмне болуп өтүп кеткенин билбей жумушка кайтабыз. Иштеп баштайлы десек моюндан шалдыроо басып турат. Мындай акыбалга түшпөө үчүн өзүбүздү эс алдырышыбыз шарт. Эс алуу күндөрдү базарга, дүкөнгө, конокко баруу, үйдөгү тиричилик менен өткөрүш керек деген эреже эч бир жерде жазылган эмес. Андыктан эмнеден эс алсаңыз ошол иш менен алектениңиз. Балким, жөн гана бардык ишти жыйыштырып, тынч жатуудан эс аласыз. Сиз бекерчи эмессиз, бош жатканыңызга тынчсызданбаңыз, сиз болгону эс алып жатасыз.
  • Бир нече күн же бир нече саат болобу, сырткы дүйнөдөн, айлана-чөйрөдө болуп жаткан окуялардан өзүңүздү оолак тутуп, жан дүйнөңүздү жай алдырыңыз. Жаңылык окуудан, сыналгы көрүүдөн качыңыз. Өзүңүз менен өзүңүз болуңуз.
  • Эс алуу күндөрү социалдык тармактарга үңүлүүнү токтотуп, башыңыздагы чыңалуудан арылыңыз. Эс алып жатам деп жылуу жуурканга оронуп телефон чукулап же кино көрүү – бул эс алуу эмес. Көзүңүз менен кошо мээңиз да чарчаары анык. Керели кечке компьютер, телефон менен отура бербестен, ден соолугуңуз үчүн жок дегенде 30 мүнөт аларсыз эс алууга үйрөнүңүз.


Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Alia82
2020-11-28 10:12:07
Эн туура!
0
№ 937, 19-25-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан