12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков Дүйнөлүк “Гиннесстин рекорддор китебине” кирүү үчүн тынбай 14 саат 27 мүнөт бою 1 тамчы суу ууртабай узакка манас айтты. Эл сыймыктанып бүтө албай турган учуру. Макалабызда иш-чара кандай өткөнүн, илимий изилдөөлөр, комиссиянын курамында болгон манас таануучулардын баасы, “Гиннесстин рекорддор китебине” кирүү шарттары тууралуу сөз козгодук.
Жылдыз Орозобекова, манас таануучу: “ДӨӨЛӨТТҮН АЙТКАНЫ 21-КЫЛЫМДЫН ТАРЫХЫЙ ОКУЯСЫ БОЛДУ”
“Гиннесстин рекорддор китебине” катталуу иш-чарасынын илимий тыянак чыгаруу боюнча комиссиясынын төрайымы, филология илимдеринин доктору Жылдыз Орозобекова буларга токтолду.
– Иш-чара баштала турган күнү аянтка 08:30да барганбыз. 09:37де манас айтуу башталды. Бүткүчө жанында болдук. Илимий комиссиянын милдети – манасчы айтып жаткан сюжеттин өзөгүн талдоо, классикалык үлгүдө айтып жатабы же өзүнүн вариантын айтып жатабы, сюжетти буздубу, бузган жокпу, поэтикалык тили кандай, канча мелодия менен айтып жатат, муундук ыргагы кандай, канондук сюжетти бузбадыбы? Мына ушуларды талдоо болчу. Бул параметрлерди байкап изилдеп жаттык. Гиннесстин талабы боюнча 10 саат деп белгиленген экен, манасчыбыз андан 4 жарым саат ашык айтты. Эгерде биз аны токтотуп калбасак 24 саат деле айта бериши мүмкүн эле. Биз кеңешип туруп символикалык тема аяктап келе жатканда токтоттук. Алтайдан кыргыздар Ала-Тоого көчүп, Ысык-Көлдүн көрүнүшүн көрүп суктанып турган жеринен токтоду. Манасчыны токтотуунун ыгы болот, ошентип акырын токтотуп алдык. Ордунан жылбай, наар албай, ушунча саат манас айтуу тарыхта биринчи окуя. Бул манасчылардын тарыхында биринчи жолу болду. Илгертен манасчыларыбыз айлап, жумалап айтчу эле. Бирок алар чай үстүндө отуруп, даарат ушатып, башка сөзгө өтүп, кайра манас айткандар болгон. Мурда Дөөлөттүн 12 саат тынбай манас айтканы бар. Мында 14 саттан ашык айтып өзүнүн рекордун жаңылады. Дүйнө элине эпосту жандуу айтуунун өзү жаңылык болсо, 14 саат тынбай айтуу 21-кылымдын тарыхый, феноменалдуу окуясы болду. Эми дагы көп иштер бар, текстти изилдейбиз, иштейбиз.
Эл арасында “үнү так угулбай жатты” деген сөздөр болду. Сырттагы чурулдак, тарсылдактан улам болуш керек, бизге так, даана угулуп жатты. Тили таптак, окуялары жандуу болду. Эгерде кимдир бирөөнүн күмөнү болсо, жаздырууну угуп чыгышы керек.
Сагынбай манасчыны убагында жазып калган биздин агабыз болгон. Ал кишинин айтымында, Сагынбай тынып-тынып айтчу экен. “Наар албай, тынбай, бир отуруп баланча саат айткан” деген бир да маалымат жок. Саякбай манасчынын айтканын Курман Кыдырбаева деген эжекебиз жаздырган. Анын айтымында, Саякбай атабыз кымыз ууртап, кээде май ууртап коюп айткан киши болгон. Шабай Азизов деген манасчыбыздан өзүм 6 айда жаздырдым. Ал 2-3 саат тынбай айтып эс алып, кайра айтчу эле. Улан Исмаилов деген манасчыбыз бар, ал тынып 7 күн айткан. Кийин “7 күндүк Манас” деген иш-чаранын алкагында 6, 7, 10 саат айткандар болгон. Ошондо да рекордду Дөөлөт койгон, ал тынбай 12 саат айткан. Дөөлөт илимий жактан чоң салым кошту. Кыргыз эли чөгүп турган кезде духун көтөрдү, ким экенибизди эстетти. Кыргыздын тарыхын, биримдигин, уникалдуулугун көрсөттү.
Элнура Кулуева, иш-чаранын жетекчиси: “ГИННЕССКЕ” КИРҮҮ ҮЧҮН ДАГЫ 3 АЙ УБАКЫТ КЕРЕК БОЛОТ”
– Дүйнөлүк “Гиннесстин рекорддор китебине” каттатуунун эки версиясы бар: видео версиясы же өкүлүн чакыруу. Каржы маселесине такалып, биз видео жөнөтүү версиясын тандап алганбыз. Иш-чара өткөрүлдү, эми видеону жөнөтөбүз. Долбоорубуздун чакырыгы "Гиннесске кирүү аракети" деп аталды. “Гиннесстин рекорддор китебинин” сайттары менен, өкүлдөрү менен иш алып барып жатабыз. Бул убакытты талап кыла турган нерсе. Себеби беш бармакты киргизебиз деп аракет кылып, 3-4 айда жыйынтыкка жеткенбиз. Арызды кабыл алууга бир ай, даярданууга бир ай болуп, көп этаптарды басып өткөнбүз. Эгерде биз экинчи версияны тандап, өкүлчүлүгүн чакырганыбызда ошол жерден баа берип, каттатып кетмек. Аны чакыра албаганыбыздын себеби – ал адамдын гонорары, учуп келиши, мейманканасы болуп 20 миң доллардан ашып кетмек. Андай сумма бизде жок. Негизги максатыбыз – кыргыз элинде гана манас айтуу бар. Ал касиет экенин, анын уникалдуулугун бүткүл дүйнөгө далилдеп берүү болчу. Беш бармакты каттатуу оңоюраак болгон. Анткени мурун казактар рекорд коюшкан. Беш бармак деген бөлүм ачылган. Казактар 767 килограмм менен рекорд койсо, биз 1 тонна 464 килограмм менен рекорд койгонбуз. Ал эми манасчы деген мурун катталган эмес, алар үчүн жаңылык. Муну кайсы искусство бөлүмүнө киргизишет деген нерселер бар. Мунун баарын манас таануучулар иштеп чыгып, ал кайра англис тилине которулуп, алар карап чыгышы керек. Бул убакытты талап кылат. Рекордду Дөөлөт коюп берди. Эми биз иштеп чыгып далилдеп, жан далбастап аракет кылышыбыз керек. Кээ бири түшүнбөй, азыр кирип кетчүдөй сезип жатышат. Иш-чаранын алкагында топ-топ болуп иш алып бардык. Уюштуруу тобун, жайылтуу үчүн өзүнчө топ, ишке ашыруу үчүн өзүнчө топ, Гиннесс менен иштеген топ, илимий изилдөөлөр тууралуу иштеген тобу, техникалык жактан өзүнүн тобу болду. Баары өзүнө жүктөлгөн милдетти жакшы аткарып беришти, дагы да аткарып жатышат, ыраазычылык билдирем.
Жылдыз Акматова, КММАнын биохимиялык жана биорганикалык кафедрасынын жетекчиси, доцент: “МАНАСЧЫНЫ ИЛИМИЙ ЖАКТАН ИЗИЛДӨӨГӨ КЫЗЫКТЫК”
– “Манас” эпосун угуу учурунда айтуучунун организминде жүргөн биохимиялык процесстердин өзгөрүүлөрү илимий айлампанын кызыктуу объектиси боло алат. Ошондуктан манас айтуу учурунда манасчынын канында биохимиялык көрсөткүчтөргө анализ жүргүзүлдү. “Манасчынын организминде кандай биохимиялык өзгөрүүлөр болот?” деген ой болду. Бул биздин кафедранын идеясы болгон. Өткөн жылы Манас күнүндө ушул ой келип, манасчыларды чакырып аз убакытка манас айттырып, анализ алган элек. Биз бул жаңылыкты уккандан кийин ошол изилдөөбүздү улантууну чечтик. Эртең менен манас айтканга чейин анализдер алынды, кан басымы ченелди, жүрөктүн кагышын текшердик. 14 саат чоң убакыт, организм эмоционалдык жактан стресске кабылат. Мындай болгондо организмдеги кандын курамында өзгөрүүлөр болот. Биз, балким, эч кандай өзгөрүү болбойт деп да ойлодук. Эмнеге? Анткени манас айтып жатканда ар түрдүү эмоционалдуу абалдар болот да. Кубанат, өрөпкүйт, ыйлайт, айтор, көп абалды башынан өткөрүшү мүмкүн. Ошолорго өзүнүн комбинатордук реакциялары иштеши мүмкүн. Бизге ошол кызыктуу болду. Гормон, кан курамы, башка анализдерди алдык, жыйынтыгы бүгүн, эртең даяр болуп калат. Анализдерге карап жыйынтык чыгарабыз. Манасчынын өзүнөн, үй-бүлөсүнөн “бул илимий изилдөө үчүн керек” деп айтып макулдугун алганбыз. Буга чейин мындай илимий изилдөөлөр жүргүзүлбөгөндүктөн, балким, биз жаңы бир нерсени ачып калабызбы деген ой бар.
Нуржамал Жийдебаева