УЛАНБЕК СУЛТАНГАЗИЕВ АМЕРИКАДА “МЫКТЫ АКТЁР” НААМЫНА ТАТЫДЫ

Америкада “Бостон фильм” аталышындагы кинофестивалга катышкан “Жамгырдан кийин” тасмасынын башкы каарманы актёр Уланбек Султангазиев “Мыкты актёр” наамына татыды. Кубанычтуу кабары менен бөлүшкөн Улан мырза буларга токтолду:

– Мага бул жаңылыкты тасманын режиссёру Чыңгыз Нарынов кабарлады. Бул тасма фестивалга катышып жатканын деле билбептирмин. Эмне болгон фестиваль экенин киночулардан тактап сурасам аябай куттукташты. “Бул чоң фестиваль да, мыкты жетишкендик” дешти. Кинофестивалдын сайтына кирип фамилиямды көргөндөн кийин көпчүлүккө айтып сүйүнчүлөдүм. Бул кинофестиваль сентябрдын аягында өтүптүр. Пандемия болбогондо сыйлык тапшыруу аземине чакыруу келмек эле...

Бул сыйлык мага гана эмес, тасманын жалпы жаратуучуларына таандык. Тартылбай деле калмакмын. 2 жолу чакырганда баш тартып, 3-жолу чакырганда тартылып бергем. Түркияда жүргөнүмдө тартылууга чакырган кинематографист Чолпонай Бөрүбаевага ыраазычылык билдирем.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aizireshka1998
2020-11-29 01:07:45
Азаматсыз!
0
№ 937, 19-25-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан