СУУКТА КУБАТ БЕРГЕН ЫСЫК ТАМАКТАР

Аба муздаган сайын адамдын организми даамдуу, витаминдүү, калориялуу ысык тамактарды эңсей баштайт. Бул сандагы даамдар адамды сууктан жана вирустардан коргой алат.

“ЧАРБАК” ТАМАГЫ

Керектелүүчү азыктар:

Кой эти – 500 грамм

Картошка – 3 даана

Сабиз – 1 даана

Пияз – 1 баш

Болгар калемпири – 2 даана

Сарымсак – 3 тишче

Помидор – 1 даана

Томат пастасы – 1 аш кашык

Өсүмдүк майы – 100 грамм

Ашкөк – 5-6 тал

Ун – 400 грамм

Жумуртка – 1 даана

Туз, мурч, зире, кориандр – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Кой этин чоң-чоң кесимдерге бөлөбүз.

2. Жашылчалардын баарын аарчып, жууйбуз. Пиязды жарым шакек, картошка, сабиз, болгар калемпирин, помидорду чоң-чоң туурайбыз.

3. Казанга майды куюп, ысыган кезде этти салып кызарта кууруйбуз.

4. Эттин үстүнө пиязды, сабизди, картошканы, болгар калемпирин, помидорду салып 5 мүнөттөй кууруйбуз.

5. Эми казанга томат пастасын салып дагы 5 мүнөттөй кууруйбуз. Татымына жараша туз, мурч, зире, кориандр сыяктуу татымалдардан салабыз да, 1 чоң чыны суу куюп, капкагын жаап, жай отто демдеп бышырабыз.

6. Жашылчалар бышканча унга жумуртка, туз, суу кошуп камыр жууруйбуз да, жука кылып жайып, каалаган формада кесебиз. Камырды туздуу сууга бышырып алабыз.

7. Бышкан камырды табакка тизип, үстүнө демделген жашылчаларды салып, дасторконго коёбуз.

КАРАПАДАГЫ ЭТ

Керектелүүчү азыктар:

Эт – 500-600 грамм

Картошка – 5-6 даана

Пияз – 2 баш

Сарымсак – 4 тишче

Ашкөк – 8 тал

Өсүмдүк майы – 100 миллилитр

Каттама камыр – 200 грамм

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Этти төрт бурчтук формада туурап, туз, мурч, бир аз өсүмдүк майын, майда тууралган сарымсак кошуп 30-40 мүнөткө маринаддап коёбуз.

2. Пияз жарым тегерек, картошка төрт бурчтук формада тууралат.

3. Ысып турган майга этти салып күчтүү отто кууруп чыгарабыз.

4. Эт кууруган майга пиязды соолуганча кууруп алабыз.

5. Эми карапага даярдалган азыктар ирети менен салынат: эт, картошка, куурулган пияз. Ар бир азык салынгандан кийин татымына жараша туз, мурч себелөөнү унутпаңыз. Аягында койдун шорпосунан 1 чөмүчтөн куюп, карапанын капкагын жаап, 180 градуста ысып турган электр мешине 1,5 саатка салабыз. Карапаны чыгарып, бетине каттама камырдан жайып, капкактын ордуна жабабыз. Эми карапаны электр мешине салып, камырдын бети кызарганча бышырып алабыз. Бул “капкакты” тамакка кошуп жегенге болот. Тамагыңыз даамдуу болсун!

КОЗУ КАРЫН ШОРПОСУ

Керектелүүчү азыктар:

Козу карын – 200 грамм

Төө буурчак же чечевица – 150 грамм

Картошка – 2-3 даана

Сабиз – 1 даана

Пияз – 1 баш

Сарымсак – 2-3 тишче

Томат пастасы – 1 аш кашык

Өсүмдүк майы – 50 грамм

Ашкөк – 7-8 тал

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Козу карынды тазалап, жууп, туздуу сууга 5 мүнөттөй кайнатып алабыз.

2. Жашылчалардын баарын аарчып, тазалайбыз да, сабиз менен картошканы төрт чарчы формада туурайбыз. Ал эми пияз менен сарымсак майда тууралат.

3. Казанга өсүмдүк майын куюп, алгач пиязды, андан соң сарымсакты салып кууруп алабыз. Булардан кийин козу карынды салып 5 мүнөттөй кууруйбуз. Куурулуп жаткан жашылчалардын үстүнө томат пастасын, татымына жараша туз, мурч салып дагы 5 мүнөттөй кууруйбуз да, 2-2,5 литрдей суу куябыз.

4. Шорпо кайнап чыккан соң сабиз, картошка жана жуулган чечевицаны же алдын ала өзүнчө бышырылган төө буурчакты салып кайнатабыз.

5. Шорпо бышкан соң отту өчүрүп, майда тууралган ашкөк менен сарымсакты салып казандын капкагын 5 мүнөт жаап коёбуз. Шорпо ичүүгө даяр!

Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 937, 19-25-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан