(Башы өткөн сандарда)
Телефонду дароо эле алды:
– Алло!- үнү бейкапар.
– Азат, Акимыч келе жатат, тез эч кимге байкатпай кетип кал, сенин менин формамды кийип жүргөнүңдү көрсө мага сөз тийет.
– Аа, макул, түшүндүм. Көрбөйт, коркпо, кийимдериңди баягы жерге коюп коём,- деп телефонун өчүрүп койду.
Дүрбү менен карап турсам кийинип-чечинчү кабинадан плавкичен чыгып, катерлердин жанында турган туристтерге аралашып кетти.
Эки милиция келген экен, мени аябай эле издешти, Азаттан да сурашты окшойт, бир нерселерди сүйлөшүп жатышты. Азат эртерээк кетип калганда жакшы болмок. Ал деле ойлонуп калса керек, мен Акимыч баратат десем, анан милиция келип мени сураса. Эмне деп жооп берди экен? Ээ, эмне болсо ошо болсун, эми пляжга барбайм, качыш керек бул жерден. Баары бир эми булар менен экинчи жолукпагандан кийин. Телефонум шыңгырап калды, карасам Гули, эми Гулиге эмне дейм?
– Да, Гули.
– Дастан, милиция келип баарыбызды залга камап отурат. Сага кетишти, Акимыч качып кетиптир, ошону издеп жүрүшүптүр.
– Ооба, көрдүм, машинасы келатат.
– Дастан, этият болчу, Рамис таз келип эле сени сурады, кармап, колу-бутун байлап болсо да алып келгиле деп жөнөттү адамдарын.
– Жаңы келгенде урушуп кеткен элем, ошого өчөшүп жатса керек. Гули, менин номеримди өчүрүп салчы телефонуңдан, сага да асылбасын.
– Эмнеге өчүрөм, мага эмне дейт эле?
– Өчүрүп сала берчи, сураса урушуп кеткенбиз деп кой. Мен көрүнбөй эле коёюн Рамис тазга. Мен өзүм сага чалам кийин.
– Түшүнбөдүм, сен эмне качып кеткени жатасыңбы?
– Ооба, тынчыраак кетип калайын бул жерден.
Гули көпкө чейин сүйлөбөй калды, дем алганы угулуп турду да, милиция келип калды окшойт, шашып:
– Макул, өчүрүп салам номериңди, урушуп кеткенбиз деп коём, ушул номерде болом, чала бер,- деп коюп койду.
Пляждагы эки милициянын бирөөсү бир жакка чалып сүйлөшүп, шашып кайра кетишти.
Телефонумду өчүрүп салдым, мени издеп чалышат да эми.
Ээх, атаны, жетишпей калдым, милиция келгиче пляжда болуп калганымда аябай жакшы болмок. Канча проблема жок болот эле. Рюкзакты көлгө эле бекитип турсам болмок экен, мүмкүн оорум кармабай турат беле, кийин деле алып кете берет элем. Макул эми, болушунча болду, эми биягын ойлонуш керек.
Азыр бир аздан кийин дагы ичим түйүлөт, дагы ооруйт чыдатпай. Акчаны аябай убагында дарыланып койбоптурмун. Текшерилген да эмесмин, эмне оору экенин да билбейм. Арак же коньяк ичсем же набат кант кошулган ысык чай ичсем басылып калчу.
Турсам ичим дароо кармайт, дагы кармай электе деп жөрмөлөп тоого чыгып, рюкзак жаткан карагандардын арасына кирип жатып калдым.
Саат деле бир болуп калыптыр, күн өтө эле ысык, ичимди күнгө кактап жаттым жардам болобу деп. Болбоду, дагы кармады, дагы чыдатпай ооруп түйүлүп, тээ бир топтон кийин коё берди. Минтип жата берсем өлүп калыш деле кеп эмес, арак же коньяк табыш керек. Ойлонуп, акыры Азатка чалмак болдум, акчам бар түзүк эле, акча берем десем алып келип берсе керек. Бир нерсени шылтоо кылам да, оорум басылып калса бул жерден алыс кетсем таба алышпас дароо эле. Андан ары шартка карап көрө жатарбыз. Орусияга кетип калсам ким табат эле?
Кайра телефон тарткан жерге түшүп телефонду жактым. Ондон ашык белгисиз номерден, эки жолу Гулиден, бир жолу Розадан чалуу болуптур. Эки СМС келиптир. Ачып окусам экөө тең Розадан экен. "Дастан, телефонуңду өчүрүп койгонуң жакшы болуптур, сени аябай издеп жатышат, кайра-кайра ар телефондон чалып, этият бол. Райым таз баарыбызды “кууруп”, тапкыла деп жатат", "Дастан, сенин бөлмөңдөн бир журнал табышыптыр, бот журнал дейби, түшүнбөдүм, самолёттун журналы экен. Райым таз сени кармагыла деп Боомдогу постко чалды. Милициялар пансионатты тытып жатышат, дагы бир жактардан милицияларды, солдаттарды чакырды. Көлдөн чыгарбай кармайлы деп жатышат, этият болчу". Розанын телефонунан Гули эле жазган окшойт.
Борт журнал такыр эсимден чыгып кетиптир. Потолок пластиктен эле, бирөөсүн чыгарып, үстүнө коюп жаап койгон элем. Райым таз окуп эле түшүндү да, ким болсо деле түшүнмөк да, баары эле уккан да алтын бар экенин.
Кайтып барбаганым жакшы болгон экен, Рамис таз мени жеп коймок.
Азатка чалсам дароо алды:
– Да?
– Азат, каердесиң?
– Үйдө.
– Жаныңда эч ким жокпу?
– Жок, сүйлөй бер.
– Беш миң берет элем, мага жардамың керек болуп жатат.
– Эмне болуп жатат, Дастан? Жана “Акимыч баратат” дедиң эле, милиция келип сени издеп, аябай сөгүнүп кетишти...
– Келгениңде айтып берем, жардам бере аласыңбы?
– Эмне кылыш керек?
– Мага бир бөтөлкө коньяк керек болуп жатат.
– Коньяк?!
– Ооба, Кыргызстандын коньягынан алып келип берсең жакшы болот эле. Беш миң төлөп берет элем.
Азат унчукпай калды, таң калып жатат да. Милиция издеп жүрсө коньяк алып келип бер деп жатсам.
– Качан алып барыш керек?
– Канчалык тез болсо ошончолук жакшы.
– Макул, алып барып берем, каердесиң?
– Пляждын үстүндөгү тоонун башындамын. Азыр эч нерсе сураба, келгениңде түшүндүрөм. Анан эч ким көрбөсүн келгениңди.
– Ээ, макул, ойлонбо, мен да бир убакта үч күн "побег кармап" ар досумдун үйүндө бекинип жүргөм. Макул, түшүндүм кыскасы, бир саатта, ашып кетсе бир жарым саатта ошол тоонун чокусунда болом, чоң жалгыз таш бар ортодо, ошол жерден жолугушабыз,- деп коюп койду.
Ал таш мага көрүнүп эле турат, тегиз жерде, ортодо.
Телефонду дароо өчүрдүм, телефон аркылуу да каерде жүргөнүңдү билип алса болот дейт, тынчыраак турайын.
Эми күтүш керек. Тоонун башына чыгып ордума барып жаттым. Бул жер коюу караган, беш метр арыдан өткөн адам байкабайт эле. Эми оорум кармабай турсун да. Эгер Азат келгенде кармап калса, ага белги бере албай жатсам, күтүп-күтүп кетип калса. Же милицияга чалып айтып койсо, айтор, ар нерсени ойлоно берип башым ооруп чыкты.
Кой, өзүмдү алаксытайын деп рюкзакты ачып алтын тыйындарды суктанып карап отурдум. Колумду рюкзактын түбүнө чейин салып, алтындарды кармалап, шилеп алып чыгып, кайра колумду салып. Гули экөөбүздүн ысык жактардагы аралдарда яхтада жүргөндөрүбүздү, пальманын түбүндө жаткандарымды, акваланг кийип алып суунун түбүндөгү ар түркүн балыктарды карап жүргөнүбүздү элестетип жибердим.
Ээх, атаңдын кулагы...
Азат келгенче ичим эки жолу кармап коё берди.
Алтындарды көтөрүп алып баскан сайын шагырап даана эле угулуп жаткан. Баарын төгүп, өтө эле көп экен, ар бирин жалбыракка ороп, рюкзактын түбүнө тизип чыктым. Эми анчалык катуу шагырабаса керек.
Бир сааттан кийин рюкзакты бекитип, үстүн чөптөр менен жаап, Азат келе турган жак көрүнө турган жерге барып карап жаттым.
Алар арт жактан келишкен окшойт, ойго батып ылдыйды карап отуруп укпай калыптырмын. Бирөө ышкырганда гана карасам, Азат эки бала менен мени карап турушат. Спортчу жигиттер экени көрүнүп турат, бирөөсүнүн колунда рация.
А-атаны...
Булар бандиттер эле окшойт, көрүнүшүнө караганда. Экөөнүн тең белинде тапанча, бекитпей-этпей эле турушат. Кармалыптырмын да.
Булардан көрө милиция кармаса жакшы беле? Эмне болсо да мыйзам менен иш кылышат да. Азатка эмнеге ишендим эле, бир көргөн адам болсо өзү, тапкан экенмин мен да ишенер адамды…
(Уландысы кийинки санда)