ЖОННИ ДЕПП- ГОЛЛИВУДДУН «КАРАКЧЫСЫ»

Каракчынын образы бул актёр үчүн жаралгандай. “Кариб деңизинин каракчылары” тасмасындагы капитан Жек Таранчынын ролу бул мырзага баш айланткан атактуулук алып келген. Мындан тышкары Жонни Депп түрдүү басылмалардын изилдөөсүндө жылдын эң бай, эң сексуалдуу, эң стилдүү мырзасы наамдарына татып келет.

ЖОН КРИСТОФЕР ДЕПП II
Туулган жылы – 1963-жыл, 9-июнь.
Туулган жери – Овенсборо шаары, Кентукки штаты, АКШ.
Бою – 180 сантиметр. Салмагы – 82 килограмм.
Фобиясы – Кан, таракандар жана маскарапоздор.
Сыйлыктары – 3 жолу “Оскар” жана 8 жолу “Алтын глобус” сыйлыктарына көрсөтүлгөн. 2008-жылы “Суини Тодд. Флит-стриттен чыккан чачтарач-азирейил” тасмасында жараткан образы үчүн, “Мыкты актёр” наамын алган.
Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Учурда Францияда жашайт.

БАЛАЛЫКТЫН АСМАНЫН КАПТАГАН БУЛУТ
Жоннинин атасы инженер болсо, апасы официант эле. Үй-бүлөдө төрт бир тууган. Жоннинин бала кезиндеги урунттуу учурларына токтолсок, кичине кезинен жакын өскөн чоң атасынын кайтыш болушу психикасына терс таасирин тийгизген. Ошондой эле үй-бүлөсүнүн Флоридага көчүшү да ага оор тиет. Натыйжада 12 жашында тамеки тартып, ичимдик иче баштайт. Ал эми 15 жашында ата-энесинин ажырашышы аны баңгизаттарын колдонууга түрткөн.

АДАМ БОЛУУГА ГИТАРА ТААСИР ЭТКЕН
Мына ушундай татаал кезде жаш өспүрүм өзүн музыка дүйнөсүнөн табат. Апасы уулуна гитара белек кылып, болочок актёрдун жашоосун дал ушунусу менен өзгөрттү көрүнөт. Бөлмөсүнөн чыкпай кылдыратып отуруп, гитара чертүүнү өз алдынча үйрөнүп алат. Жонни рок-музыкант болууну каалап, мектепти да таштап койгонун айта кетпесек болбос. Жашоодон эмне керек экендигин сезе баштаган жаш музыкант топко кирип, клубдарда ырдай баштайт. Жоннинин музыкадан кийинки эле кызыкканы сүрөт тартуу болчу. Ал эми сүйүктүү жазуучусу Жек Керуактын чыгармалары өткөөл курагында дүйнө таанымына зор таасир тийгизгенин айтып келет. Айта кетчү нерсе, Жонни өзү кыялдангандай келечекте атактуу рок-музыкант боло албаса да, гитара чертүүнү таштаган жок. Ал азыркыга чейин гитара чертүүгө убакыт таап, музыканттар менен түрдүү концерттерге катышып турат. Албетте, акча үчүн эмес, ырахат алуу үчүн.

БИРИНЧИ НИКЕСИ АКТЁРЛУККА ЖОЛ АЧКАН
Гитарасы колунан түшпөгөн 20 жаштагы Жонни өзүнөн беш жаш улуу, гримдөөчү болуп иштеген Лори Энн Эллисон аттуу айым менен таанышып калат. Экөөнүн ортосунда сезимдер тутанып, тез аранын ичинде баш кошушкан. Лори менен узак жашабаса да, актёрлук карьерасына дал ушул айым көпүрө болуп берген. Ал Жоннини Николас Кейж менен тааныштырган. Кейждин сунушу менен ал өзүн тасмада сынап көргөн. Жонни алгачкы жолу тартылган тасма “Кара жыгач көчөсүндөгү коркунуч” деп аталат. Ошентип, ийгиликтүү дебюттан кийин киного тартылуу сунуштары биринин артынан экинчиси түшө баштайт. Экинчи болуп “Жамп-Стрит, 21” аттуу сериалга тартылып, жаш жеткинчектердин кумирине айланып, көптөгөн күйөрмандарды топтоого жетишет. Анан, албетте, айымдардын жүрөгүн багынтууга өтөт. Тимоти Бёртондун тасмасына тартылып жүрүп, Вайнона Райдер менен таанышат. Экөөнүн сүйүүсү ошол чакта түбөлүктүү туюлса да, көпкө узаган эмес. Кызыгы, бул арада Жонни денесине “Вайнона түбөлүккө” (“Winona forever”) деген татуировка тарттырууга да жетишкен.

ӨЗ ХАНБИЙКЕСИН ЖОЛУКТУРГАН ДОН ЖУАН
Жеке жашоосуна келсек, учурда Жонни үлгүлүү үй-бүлө кожоюну. Анын француз киносу менен поп-музыкасынын жылдызы Ванесса Паради менен кол кармашып келатканына 10 жылдан ашты. Кызыгы, Ванесса Парадиге чейин айымдар Жоннини экинчи Дон Жуан деп билишчү. Жонни Ванесса менен ресторанда кечки тамактануу учурунда таанышып калган. Босогону аттап, маралдай кериле баскан сулуу айымды бир көргөндө эле актёрдун көзү түшкөн. Ал тууралуу Жонни Депп: “Жүрөгүм бир болк этти, бирок мен бир көрүп сүйүп калганымды кийин билгем”,- деп эскерет.

"БЕЙИШТИ" СҮЙГӨН "КЕЛЕСОО"
Экөө кол кармашып өмүр сүргөнүнө 12 жылдын жүзү болсо да, мамилелерин мыйзамдаштырышкан эмес. Муну Депп тамашалуу түрдө төмөнкүчө түшүндүрөт: "Жубайымдын фамилиясы "бейиш" дегенди түшүндүрсө, менин фамилиям немис тилинен которгондо "келесоо, акмак" дегенди билдирет. Андыктан Ванесса "бейиш" атагын таштап, "келесоо" аталып эмне кылат?".
Жубайлар “чынында, биздин Кудай алдында никебиз бар. Кагаз биз үчүн эч кандай роль ойнобойт. Мүмкүн, кийинчерээк балдарыбызга керек болсо, мыйзамдаштырып коёрбуз” дешет.
Учурда экөөнүн 11 жаштагы Лили-Роуз Мелоди деген кызы жана Жек аттуу 8 жашар уулу бар. Ал дайыма үй-бүлөсүн биринчи орунга коюп келет. Бул тууралуу актёр: “Мен үчүн үй-бүлөм баарынан ыйык. Анткени мен бала кезимде ата-энем ажырашып кеткендиктен, үй-бүлө эмне экенин билбей өскөнмүн”,- дейт.

БЕЙИШТИ ЭМНЕ ҮЧҮН КААЛАБАЙТ?
Депп "жашоомдо көп күнөөгө баттым. Ошондуктан бейишке чыгарыма көзүм жетпейт. Жакшысы, бул жашоодо бейиштин төрүндөгүдөй жерде жашап, өмүр сүргүм келет" деп келет. Андыктан Кариб деңизиндеги аралдан 18 гектар жер сатып алып, үй салган. Ал расмий түрдө “Little Hall's Pond Cay” деп аталганы менен, Жонни аны “алыскы арал” деп коёт. Ал жерге гидросамолёт же вертолёт менен гана барууга болот.

ИЙГИЛИГИНИН СЫРЫ ТОБОКЕЛДЕН КОРКПОГОНУНДАБЫ?
Жонни Депп башка актёрлордон түрдүү образдарды жарата алышы менен айырмаланат. Ал экранда интеллектуалдуу жана келесоо, эр жүрөк жана бечара, токтоо жана акылдан азган, сексуалдуу жана муздак, шайыр жана байкуш боло алат. Айтор, тобокелге баруудан коркпойт. Мына ушул үчүн да ал көптөгөн кинолорго тартылып, популярдуу болуп келет.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Жонниде индей, ирланд, немис жана цыган улуттарынын каны бар.
  • Денесинде 15 түрдүү татуировка бар.
  • Мылтыктарды коллекциялайт. Курт-кумурска, чымын-чиркейлерди багат.
  • CNN телеканалы 2004-жылы Деппти “автокырсыктан каза болду” деп жарыялап жиберген. Бирок бул кийинчерээк хакерлердин иши экени айтылган.
  • 1994-жылы Нью-Йоркто мушташканы жана 1999-жылы Лондондо журналист кызды сабаганы үчүн, тартип кызматкерлерине сурак берген.
  • “Forbes” журналы Деппти үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы боюнча, “Голливуддун эң көп акча тапкан актёру” (75 миллион доллар) деп тапса, “People” журналы “Жылдын сексуалдуу мырзасы” (сурамжылоодо Роберт Паттинсонду артта калтырган) деп атады.
  • 2001-жылы “Кокаин” тасмасына тартылып, анда баңгизат сатуучунун образын жараткан. Жонни образды мыкты аткаруу үчүн, жадакалса түрмөгө барып көргөн.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
zarya
2010-10-10 02:03:52
moi samiy lubomiy akter!
0
Elboto
2010-10-12 15:29:26
"Karib Denizinin Pirattari" degen kinossun suyuup gana korom ... )))) Sonuun atkargan !!!
0
ayokokim
2011-01-02 16:16:15
в моем списке любимых актеров, он №1
0
№ 414, 8-14-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан