ПОДИУМ ЖАНА ТЕЛЕ ЖЫЛДЫЗЫ НАМ ЖУ ХЁК

Бир күнү карасаң Парижде, кийинки күнү Миланда, көп өтпөй Нью-Йоркто өткөн мода жумалыгында подиум жылдызына айланат. Кайрадан аэропорт, учак. Түштүк Кореяга келери менен тасма талаасына жөнөйт. Режиссёрлор үчүн актёр-актрисалардын убакытка тактыгы мактоого арзырлык иш. Тартуу иштерине белгиленген убакыттан 1 саат мурун келип алмай адаты бар Нам Жу Хёк жоопкерчиликтүүлүгү гана эмес, жөнөкөйлүгү менен да тартуучу топко жагат. Акыркы 5 жыл аралыгында дүйнө жүзүнө тааныла алган түштүк кореялык актёр, модель Нам Жу Хёк менен жакындан таанышалы.

Аты-жөнү: Нам Жу Хёк

Туулган жери: Түштүк Корея, Пусан шаары

Туулган жылы: 1994-жыл, 22-февраль

Бою: 188 сантиметр

Кесиби: актёр, модель

Тартылган белгилүү сериалдары: «Сен кимсиң: Мектеп-2015», «Алоолонгон жүрөктөр: Корё», «Оор атлетиканын феясы Ким Бок Чу», «Деңиз кудайынын колуктусу», «Улуу беттеш» (тасма), «Стартап» жана башка

ПРОФЕССИОНАЛ БАСКЕТБОЛЧУ БОЛМОК...

Үй-бүлөдө жалгыз бала болгону менен, эркелик кылып ата-энесин кыйнаган жок. Мектепте да үлгүлүү окуучу болчу. Бирок ойлогон оюнан кайтпаган өжөр мүнөзү апасына жакчу эмес. Апасына жакпаганы менен, дал ушул мүнөзүнүн аркасында ийгиликке жетишип, ата-энесине үй алып берсем деген кыялын орундатты. Өжөрлүк менен кантип ийгиликке жетти дейсизби? Анда чыгармачылык чыйырга көз салалы.

Азыр 188 сантиметр бойлуу жигит мектепте окуп жүргөндө бою кичинекей бала болчу. Дене тарбия сабагында классташтарынын артында тизилип калганына чычалап кетер эле. Бойду кантип өстүрөм деп жүрүп, баскетбол ойнош керек дегенге токтолот. 6-классынан баскетбол ойногон Жу Хёктун бою 3 жыл аралыгында 30 сантиметрдей өскөн. Баскетболго берилген жигитти мектептин курама командасына кабыл алып, келечекте профессионал баскетболчу болот деген мугалимдердин изги тилеги ишке ашпай калган. Оюн учурунда жаракат алган Жу Хёкко дарыгерлер спорттук карьерасын улантууга мүмкүн эместигин айтышкан.

КИЙИНКИ МАКСАТ – МОДЕЛДИК

Спорттон жолу болбогондон кийин окууга да көңүлү чаппай калган. Жаңы хобби табыш керек эле. Анан моделдик бизнеске кызыга баштаган. Бирок баласынын жаңы кызыгуусуна ата-энеси каршы болуп, окуусун улантуусун суранышкан. Бирок жигит өжөр экенин билебиз да. 2013-жылы Түштүк Кореядагы белгилүү «K Plus» моделдик агенттиги уюштурган сынакка катышат. 50дөн ашык конкурсанттын ичинен 1-орунга татыган Нам Жу Хёк стипендия жана моделдик академияда билим алып, тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүн алган. 3 айдан кийин Сеулда өткөн мода жумалыгында модель катары тушоосун кесип, подиумга чыккан жигитти жактыргандар көп болуп, 10дон ашык башка көргөзмөгө сунуш түшкөн. Биринчи жолу подиумга чыккан модель үчүн бул ийгилик болчу. Дебюттан бери азыркы күнгө чейин Жу Хёк суроо-талап күч болгон модель. Мен-мен деген белгилүү дизайнерлердин мода көргөзмөлөрүндө Жу Хёкту подиумдан көрө аласыз. Дүйнөлүк бренддердин жүзү. Айтор, ал подиум жылдызы.

ТАСМА ТАЛААСЫНДАГЫ ИЙГИЛИК

2014-жылы «AKMU» тобунун «200%» клибине тартылган Нам Жу Хёк менен иштешкен жакшы жыйынтык алып келгенин көргөн топтун продюсери моделди «Give Love» ырынын клибине тартылууга да чакырган. Ошол эле жылы актёрдук карьерасын баштаган ал «Русалочка» деген фантастикалык сериалга тартылат. Бирок дорама ийгиликсиз болуп, көпчүлүккө тарабай калган.

Анын 2-ролу актёр катары дүйнөлүк атактуулукту алып келди. 2015-жылы «Сен кимсиң: мектеп-2015» сериалында башкы ролдордун бирин ойногон. Анда сууда мыкты сүзгөн окуучу болушу керек эле. Өжөрлүгүнүн аркасында кыска аралыкта сууда сүзүүнү мыкты өздөштүрүп алган. Тасманын популярдуулугун мындан байкаңыз, суроо-талаптын негизинде телеканал дораманы кайталап көрсөткөн. Ал эми Жу Хёк эң популярдуу актёрлордун тизмесине кошулган.

ТАСМАДАН РЕАЛДУУЛУККА АЙЛАНГАН СҮЙҮҮ

Нам Жу Хёктун актёр катары таанылышында чоң роль ойногон дорамалардын бири «Оор атлетиканын феясы Ким Бок Чу». 2016-жылы чыккан бул дораманы сиз да көрсөңүз керек. Дорамада анын өнөктөшүн актриса, модель Ли Сон Гён ойногон. Экөө буга чейин тасма талаасында кездешпесе да, подиумдан тааныш эле. Сериалда сүйүшкөндөрдүн ролун ойногон жаштардын сүйүүсү реалдуулукка айланып, экөө кыз-жигит экенин көпчүлүккө тастыкташкан. Бирок сүйүү мамилеси көпкө узаган жок.

«СЦЕНАРИЙГЕ БАЙЛАНБАЙТ»

Нам Жу Хёкту жогорку рейтингге жетип, ондогон мамлекетте популярдуу болгон көптөгөн дорамалардан көрө аласыз. Сериалдан сырткары толук метраждуу көркөм тасмага тартылдыбы десеңиз, тартылган. 2018-жылы чыккан «Улуу беттеш» тарыхый тасмасында аскердин ролун аткарган. Көптөгөн белгилүү актёрлор катышкан тасма дүйнөлүк прокатта да жакшы ийгиликтерди багынтты. «Тажрыйбалуу, мен кумир тутуп келген агаларым менен бир тасмага тартылуу мен үчүн сыймык болду. Толкунданып да, суктанып да жаттым. Бардыгы мага кеп-кеңешин айтып, колдоо көрсөтүшкөндө өзүмдү абдан бактылуу сезгем»,- дейт тартуу учурундагы көз ирмемдер менен бөлүшкөн Жу Хёк.

Учурда ал кайрадан сериал сүйүүчүлөрүн экран алдына чогултуп отурат. «Стартап» дорамасында баш каармандардын образын белгилүү ырчы, актриса Сюзи менен Жу Хёк аткарууда. «Жу Хёк ойноп жаткан каарманын терең түшүнгөндүгүнө таң калдым. Жазылган сценарийге байланбай, өзүнүн ички туюмуна жараша иштейт экен. Анын сценарийден сырткары кыймыл-аракетин, кээ бир сөздөрүн режиссёр, сценаристтер да өзгөртпөй кошуп жатышты. Жу Хёк менен иштешүү жеңил, көңүлдүү болду»,- дейт Сюзи.

КАЙРЫМДУУ ЖУ ХЁК

Актёрдун өзү окуган мектепке дайыма кайрымдуулук кыларын бир окуучу интернет баракчасына жазып чыкпаса эч ким билбей калмак. «Окуучу кезде кыял-максаттар бат-бат алмашып турат. Эгер колдоо жок болсо, максатты таштап коюу оңой. Мен муну жон терим менен сезгем, андыктан каржылык жактан кыйналып турган окуучуларга стипендия бергим келет»,- дейт Нам Жу Хёк.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 938, 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан