ТАМАНДАН ТАКЫР СЫЗ ӨТКӨРБӨҢҮЗ! БУТ ҮШҮП ЖҮРҮҮДӨН КАНДАЙ ООРУЛАР ЖАРАЛАТ?

Тамандан сыз өтүү, буттун такай үшүп жүрүшү - көп ооруларды козгойт. Ошондуктан сыртта тиричилик кылгандар, базарларда, унаа жуучу жайларда жана суук имараттарда иштегендердин ден соолугу үчүн кыш кооптуу мезгил. Бул макалада суукта көп жүрүп тамандан сыз өткөрүү кандай ооруларга алып келерин айтып беребиз.

«ТАМАН – ОРГАНИЗМ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН НЕРВДЕРДИН БҮТКӨН ЖЕРИ»

Фарида Иманалиева, Бишкектеги №1 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун врач-ревматологу:

– Буттан дамамат сыз өтүү, суукта буттун үшүп жүрүшү, жамгырда, карда бүт кийимден суу өтүп жүрүшү көп ооруларга жол ачат. Анткени бут, өзгөчө таман бүт организм менен байланышкан нервдердин бүткөн жери. Кытай медицинасы буттун акупунктурасына көп көңүл буруп, таманды жылуу кармап, ден соолукту чыңдоочу массаж жасап турууну бекеринен сунуштабайт. Буттан сыз өтсө, ным имаратта көп жүрсө бүт организм жапа чегет. Суук кан тамырларды ичкертип жиберет да, бутка кан жакшы барбай баштайт. Кан менен кошо бутка азык-заттар, кычкылтек да барат эмеспи. Демек, кан тамыр ичкергенде бутта, андагы муундарда кан жана зат алмашуу бузулат. Суук иммунитетти да төмөндөтүп жиберет. Иммунитет төмөндөсө организм ар түрдүү инфекцияларга туруштук бере албай калат да, оорулар жарала баштайт.

Күз жана кышкы сууктун түшүшү, температуранын төмөндөшү менен таяныч-кыймылдаткыч аппараттын (омуртка, кол, бут, жана башка муундар) өнөкөт оорулары күчөп баштайт. Айрымдарынын муундарында таптакыр кыймыл жоголушу мүмкүн. Муун ооруларынын аба ырайы менен байланышы мурун көбүнчө жашы 60тан ашкандарда кездешчү. Акыркы кездерде муун оорулары жашарып келе жатат, алсак, 30-40 жаштагыларда деле кездешип калууда.

«ЭҢ КӨП КЕЗДЕШКЕН СӨӨК, МУУН ООРУЛАР»

– Суукка өтө сезгич оору – остеоартроз. Мындай оорусу барлар суукка чыкканда, көбүнчө буту, тизеси, томугу, кол муундары уюп ооруп баштайт. Мунун себептери муундардагы кемирчектерде зат алмашуунун бузулушу, мурун алган жаракаттар болушу мүмкүн. Суукта булчуңдарда спазм (жыйрылып, түйүлүп калуу) башталат. Муундардагы уюп оорутууга спазм кошулат да оорутуу күчөйт. Температуранын төмөндөшү менен абадагы басым өзгөрөт. Муундарда жаралып жаткан оорусу бар, бирок билине элек адамдар аба ырайынын өзгөрүшүнө сезимтал келет. Алар ревматологго көрүнүп, оорусунун себебин тактатышы, дарылануусу зарыл. Оору өтүшүп кетсе дарылоо оор, ал тургай толук дарылоого мүмкүн болбой калат.

Аба ырайы бузуларда, мисалы, жамгыр, кар жаар алдында аба ырайынын басымы 1-2 күн мурун төмөндөйт. Муун оорулары барлардын оорусу ошондо эле башталат. Буту-колу ооруган улгайган адамдар «аба ырайы бузулат окшойт, муундарым ооруп жатат» деп калгандарын угуп эле жүрсөңөр керек.

БУТ КИЙИМ ТАНДОО

– Суукта, өзгөчө кышында кийилчү бут кийим ыңгайлуу жана бир аз кененирээк, таманы сыз өтпөгөндөй калың болушу шарт. Бутту кысып турчу бут кийим кан тамырларды кысып, буттагы кан тамырларда кандын эркин айланышына мүмкүнчүлүк бербейт. Бул болсо буттун үшүшүнө жеткирет. Акчаны аяп жакшы бут кийим албагандар бутунун үшүп жүрүшүнөн ооруларга чалдыгып, бут кийимге кетчү акчадан көп эсе акчаны дарыланууга коротушат. Ооруп, азап чегет. Мүмкүн, өнөкөт ооруларды да арттырып алат. Андыктан жылуу бут кийим кийип, буттун жылуу жүрүшүн камсыздоо шарт. Бутка синтетика эмес, табигый материалдан жасалган байпак кийүү сунушталат. Эгер тамандан сыз же суу өтсө, анда үйгө эртерээк жетип, бутка жылуу ванна жасоо керек. Сууга деңиз тузун, ал болбосо кадимки тузду эритип алса болот. Суудан чыгарган соң бутту аарчып, таманга массаж жасап, жылуу байпак кийип жатуу кажет.

«АЯЛДАРДА ТУКУМСУЗДУК КОРКУНУЧУ ЖАРАЛАТ»

Гүлзада Аденова, онколог-гинеколог:

– Тамандан дамамат сыз өтүү, суукка урунуу гинекологияда кичи жамбаштын ооруларына алып келет. Тактап айтканда, жатын түтүкчөлөрүнүн жана аялдын эн бездеринин сезгенүүсүнө жеткирет. Сууктан иммунитет түшөт да, зыяндуу микроорганизмдер организмге кирип, сезгенүүлөрдү жаратат. Дарыланбаса мунун айынан жатын түтүкчөлөрү сезгенип, бүтөлүп калат. Жыйынтыгында сперматозоиддер эн безинен чыккан жумуртка клеткасын уруктандыра албай тукумсуздук келип чыгат.

Эн бездери сууктан, тамандан сыз өтүүдөн, киндикти ачып жүрүүдөн сезгенгенде, киста (ыйлаакча, барсылдак) оорусу жаралат. Барсылдак өсүп отуруп 2 сантиметрге чейин жетиши мүмкүн. Бул олуттуу дарылоону талап кылган оору. Суукта көп жүрүп иштөөдө бойдон түшүп калышы да мүмкүн. Бутту жылуу алып жүрүү көп оорулардын алдын аларын унутпаңыз.

ТАМАНДАН СЫЗ ӨТКӨНДӨ ЭРКЕКТЕРДЕ ЖАРАЛУУЧУ ООРУЛАР

Жуман Мырзалиев, Бишкектеги Урологиялык борбордун заара таштар бөлүмүнүн жетекчиси, уролог:

– Буттун үшүп жүрүшү, тамандан сыз өтүү – бул айрым өнөкөт оорулардын козголушуна же жаңы оорулардын пайда болушуна жеткирчү себептердин бири. Алардын ичинде цистит, простатит да бар. Циститте ичтин ылдый жагы ооруткандан тышкары, заараны кармануу кыйын болуп, айрымдар дааратканага жетпей калат. Заара ушатууда оорутуу күчөйт. Циститти дарылатпаса инфекция заара акчу түтүкчө аркылуу өтүп, бөйрөктү да сезгентет. Мындайда көбүнчө өнөкөт пиелонефрит оорусу кармайт.

Курч кармаган простатитти (урук чыктагыч бездин оорусу) дарылабаса без ириңдеп (абсцесс) баштайт. Дене табы 39-40ка чейин көтөрүлүп, заара кылуу кыйындайт. Без шишип кетип, заара чыкпай калат. Андыктан оору белгилери билинер замат дарыгерге кайрылуу керек. Эгер дарыланбаса цистит, пиелонефрит оорулары кошулат. Простатит суук тийгенден тышкары хламидия, гонококк, трихомониаз бактерияларынан да келип чыгарын айта кетейин.

«КУЯҢДЫ КҮЧӨТӨТ»

Советбек Сатиев, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун нейрохирургу:

– Таманга сыз өтүүдөн, бут кийимге суу киргенден, муздакка баскандан ишиас, башкача айтканда, өнөкөт бел-куймулчак куяң оорусу кармайт. Аталган оору куяң нервинин кыпчылып калуусунун натыйжасы. Оорунун белгиси көбүнчө ток тарткандай оорутуу. Мында манжалар чымырап, уютуп оорутат. Сезгенүү күчөгөндө бел да катуу ооруп, адам кыймылдай албай калат. Андыктан аталган өнөкөт оорусу барлар тамандан сыз, муздак өткөрбөй, бутту жылуу кармоолору керек.


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aidan_Ek
2020-11-30 12:00:16
Таман муздагандан бойрок, от да жабыр тартат. Таза кожадан бут кийим кийууго аракет кылыш керек.
0
Nurikcn
2020-12-04 15:00:50
Бутту жылуу кармагыла туугандар!
0
№ 938, 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан