ДАНИЯРГА – ДАҢК, УРМАТ МЕНЕН ШАДЫБЕККЕ – АВТОУНАА...

30-сентябрда КРнын Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленди. Жыл ичинде ийгиликке жетишкен спортчулар сыйланышты. Аларды куттуктоо үчүн өлкө президенти Роза Отунбаева өзү келди.

ЭМГЕК БААЛАНГАН КҮН
Спортчу менен машыктыруучу үчүн эмгеги бааланып, сыйлык алуудан башка бактылуу күн барбы! Бул күнү жайы-кышы тынбастан машыгып, өлкөнүн туусун көтөрүү деген улуу милдетти аркалап жүргөндөр сиңирген эмгегине жараша татыктуу сыйланышты.
Спорт кийиминин ордуна классикалык стилде кийинип келген чемпиондорубуз куттуктоолорду кабыл алып жатып, салмак кууп кыйналып же машыгуулардан чарчап жүргөн кездерин эстеп, аракеттери текке кетпегенине кубанып отурушкан болсо, ажеп эмес.

ЧЕМПИОНДОР АЙМАКТАРДАН ЧЫГЫШАТ
Чогулгандарды биринчи болуп куттуктаган Роза Отунбаева спортчуларга өлкөбүздө кайгылуу окуялар болуп турган чакта эл аралык мелдештерде туубузду бийик желбиретип, духубузду көтөрүп, жакшы маанай тартуулагандары үчүн ыраазычылыгын билдирди. Анан дагы президент айым: “Биз Орусия же Казакстандай колдоо көрсөтө албасак да, колдон келишинче кам көрөбүз”,- деп убада берди. Ал эми мамлекеттик чиновниктерди спорт менен машыгууга чакырып: “Азыр бүт дүйнөдө спорт менен алектенүү престиждүү болуп саналат”,- деди Отунбаева.
Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Алмаз Касенов өз сөзүндө маанилүү бир жагдайга токтолду. Анын пикиринде, мамлекет айыл жергесинде спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушу керек. Анткени Кыргызстанды таанытып жаткан азаматтарыбыздын көбү айылдан чыккандар.
Ал эми КРнын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти Мурат Саралинов Гуанчжоудагы Азия оюндарынан үмүт чоң экенин айтты. Мурат мырзанын айтымында, Данияр Көбөнов, Урматбек Аматов, Шадыбек Сулайманов жана Болотбек Токтогоновдун ийгиликтери Азия оюндарынын алдында зор ишеним жана үмүт берет.
Жалпысынан өлкөбүздө спорт өнүгүү жолуна түшкөндүгү, Кыргызстан чакан, бирок намыстуу өлкө экендиги баса белгиленип жатты.


СЫЙЛЫК ЭЭЛЕРИ ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Жакында сизди Даңк медалына сунушташкан эле. Бирок Дене тарбия жана спорттун эмгек сиңирген кызматкери болдуңуз. Ыза болгон жоксузбу?

Бахадыр Кочкаров, ФИФАнын калысы:
– Биринчиден, эмгегимди баалап, сыйлап жаткандыгы үчүн рахмат. Президенттин колунан сыйлык алганыма кубанып турам. Айтып коюш керек, мен мындан көптү күттүм эле. Бирок мен өзүмө өзүм баа бере албайм. Ушинтип сыйлоону туура көрүшсө, демек, ошондой болушу керек. Мен үчүн элдин баасы, алкышы баарынан жогору. Азыр кайсы жерге барбайын, эл сыйлап, батасын берип жатат. Мага мындан артык сыйлык жок.

Маалымат үчүн:
Жакында орусиялык бир басылма Кочкаровдун “ЮАР-2010го” катышуусун Гагариндин космоско учканына теңеген. Салыштыруу үчүн айтсак, Дүйнө чемпиондугунда Кочкаров менен бир бригада болуп иштеген өзбекстандык калыстар чоң сыйлыкка татышты. Ирматов “Өзбекстандын сыймыгы” наамын алса, Ильясов Достук орденин тагынды.

Акчалай сыйлыгыңды кандай максатка коротоюн деп жатасың? Машина айдаганды билесиңби?

Шадыбек Сулайманов, грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү:
– Сыйлыкты аларым менен ата-энемдин колуна карматтым. Алар кандай максатка жумшашат, өзүлөрү билишет. Ал эми автоунаа боюнча айтсам, мурда анда-санда рулга отуруп калчумун. Эми жакшылап үйрөнөм. Бишкек-Жалал-Абад жолунда айдап келдим. Эмгегибизди баалап, бизди ушинтип сыйлап жаткандардын баарына рахмат. Бул биз үчүн чоң стимул болот. Ошондой эле айылда көптөгөн балдар бизди көрүп спортко кызыгып, машыга баштагандарына сүйүнүп жатам.

Даңк медалын алам деп күттүңүз беле? Же бул сиз үчүн сюрприз болдубу?

Ратбек Мамбетов, грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр улуттук курама командасынын ага машыктыруучусу:
– Жок, сюрприз болгон жок. Буга чейин эле уккам. Спортчу болсун, машыктыруучу болсун, ийгилик жаратса, медаль менен сыйлоо деген салт бар эмеспи. Мен жаш спортчуларга айткым келет, спорт менен машыккыла, ден соолугуңарды чыңдагыла. Ал эми машыктыруучуларга таланттуу балдарды издеп таап, таптап, спорттук бийик чокуларды багындыра бериңиздер деп айтмакчымын.

Маалымат үчүн:
Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү спорт коомчулугу тарабынан жыл сайын сентябрдын акыркы ишемби күнү белгиленет.


КИМ ЭМНЕ СЫЙЛЫК АЛДЫ?

Данияр Көбөнов, балбан Даңк медалы
Ратбек Мамбетов, машыктыруучу – Даңк медалы
Бахадыр Кочкаров, калыс Дене тарбия жана спорттун эмгек сиңирген кызматкери
Абакир Рысов, КМКТАУда кафедра башчысы – Дене тарбия жана спорттун эмгек сиңирген кызматкери
Урматбек Аматов, балбан 10 миң доллар, Дэу Нексия автоунаасы
Шадыбек Сулайманов, балбан 5 миң доллар, Дэу Нексия автоунаасы
Болотбек Токтогонов, дзюдочу – 5 миң доллар

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Аделина
2010-10-09 16:36:53
ЖАКШЫ МАКАЛА БОЛУПТУР..
КЫРГЫЗ АЗАМАТТАРЫ ИЙГИЛИКТЕР...
0
Suluushka
2010-10-12 11:38:31
Эн кызыктуу макала болуптур. Мага жакты. Спортчулар - АЗАМАТСЫНАР! Алга!
0
№ 414, 8-14-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан