ХИТЧ

Режиссёр – Энди Теннат
Сценарийин жазган – Кевин Биш
Продюсерлери – Жеймс Ласситер,
Винк Мордаунт, Уилл Смит
Ролдордо: Уилл Смит, Ева Мендес, Кевин Жеймс, Жули Энн Эмери ж.б.

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Алекс Хитченс же жөн эле Хитч (Уилл Смит) – Нью-Йорк шаарынын катардагы эле тургуну. Ал студент кезинде биринчи махабатына кезиккен. Бирок, жоопсуз сүйүү Алекс үчүн сабак болуп, анын жашоого болгон көз карашын өз­гөртөт. Көп кайгырбастан, Хитч аялзатынын психологиясын өз алдынча изилдеп чыгууну чечет. Бир нече жылдын ичинде ал аялдардын кыял-жоругун беш колундай билүүгө жетишет. Ошентип, билимин башка эркектер менен бөлүшүү максатында жаңы кызмат түрүн ачып иштей баштайт. Бирок, биринчи сүйүүсүнүн айынан бүт аялзатынан өч алуу үчүн эмес. Ал кызмат – байкуш, уялчаак мырзаларга сүйүүсүнө жетишүүгө жардам берүү. Хитч өзүнөн кеңеш сурап келгендерге: “Менин айткандарымды аткарсаң 3-кези­гүүдөн кийин Мендельсон маршынын кош­тоо­сун­да экөө­ңөр чогуу басасыңар”,- деп ишенимдүү кайрылат. Чындыгында, Хитчтин бир нече жыл бою иштеп чыккан “илмекке илүү эрежелери” боюнча көптөгөн мырзалар чыныгы сүйүүсүн таап, адиске алкыштарын айтып бүтө алышпайт. А бирок, доктур Хитч бардык эле эркектерге кызмат кыла бербейт. Анын баалуу кеңештерин угуп, ыкмаларын үйрөнүү үчүн бир маанилүү шарт болушу керек, ал – чын сүйүү. Ал эми жөн гана көңүл ачууну самаган эркектерди Хитч эч качан тейлебейт. Атүгүл андайлардын колун кайрып коюуга даяр.
Хитчтин жаңы кардары – жөнөкөй жумушчу Альберт. Ал толук, эпсиз, анан абдан тартынчаак болгондуктан, жакшы көргөн бийкечине, бай жана атактуу Аллеграга жетүү үч уктаса да түшүнө кирбес эле. Хитч – анын акыркы мүмкүнчүлүгү.
Ошол эле убакта Хитч өзү да сүйүүгө туш болот. Анын көңүлү жергиликтүү гезитте кабарчы болуп иштеген татынакай журналист Сара Меласка бурулат. Биринчи таанышканда эле Сара да Хитчти абдан жактырып калат. Бирок, эки жаштын мамилелери оңой эле өөр­чүп кетпейт. Себеби, Сара журналисттик илик­төө жүргүзүп жаткан эле. Анын иликтегени – эркектерге жардам кылган психолог. Ал психологдун Хитч экенин билген соң Сара “мени сүйүү эрежелерин текшерүү үчүн колдонуп жатат” деген ой менен андан баш тартат.
118 мүнөткө созулган комедия-мелодрама аралаш фильмдин мазмуну адегенде өтө эле жөнөкөй сезилип, жадакалса анын эмне болуп бүтөөрүн билесиң. Бирок, күтүлбөгөн окуялар, курч фразаларга толгон сценарий, күлкүлүү эпизоддор жана албетте, башкы ролдорду ойногон 4 мыкты актёрдун тасмасынын көр­күн ачаары талашсыз.

«СҮЙҮҮ САТАМ, АЛАСЫҢБЫ?»
Мындан 2,5 жыл мурун сатыкка чыккан бардык комедия жанрындагы фильмдердин ичинен эң чоң көрсөткүчтөргө ээ болгон “Хитч”фильмин 1978-жылы тартылган “Ханума” тасмасына салыштырышат. Айырмасы, “Хануманын” башкы каарманы аял болчу жана ал “Сүйүү сатам, аласыңбы?” фразасы менен таанымал болгон. Режиссёр Энди Теннат: “Каарман Алекс Хитч сүйүү сатпайт. Ал башынан оор сүйүү окуясын өткөргөн, ошондуктан, өзү кетирген катаны башкалардын кетиришин каалабайт. Ал чыныгы жигиттик сапаттарга ээ. Мындай адам эркектерге үлгү, аялдарга кыялындагыдай мырза болууга татыктуу”,- деп айткан.

КЫЗЫКТУУСУ...
Продюсер Уилл Смит актёр Кевин Жеймстин “Ханышалар ханы” аттуу фильмде көр­сөт­көн талантын жогору баалаган. Ошондуктан, Альберттин ролун аткарууну Жеймске өзү сунуштаган.
Сара Меластын ролуна адегенде атактуу актриса, ырчы Женнифер Лопез талапкер болгон. Андан соң режиссёр бул ролду Индиянын эң атактуу сулуусу Айшвария Райга сунуштаган. Бирок, акыркы чечим таланттуу Ева Мендестин пайдасына кабыл алынган.
Актриса Ева Мендес менен актёр, ырчы Уилл Смит мындан туура 10 жыл мурун Смиттин “Майами” деген ырына клип тарттырып жатканда таанышышкан. Ал кезде Ева таанылбаган актрисалардын санына кирчү.
Бюджети 70 миллион долларды түзгөн фильмдин бет ачары 14-февраль Сүйүшкөндөр күнүнө туш келип калганы бардык киносү­йүү­чүлөр үчүн чоң белек болгон. Ал эми күйөр­мандардын фильмдин жаратуучуларына кылган белеги – 190 миллион доллар көлө­мүндөгү кассага түшкөн киреше.
Фильм бекеринен “Хитч” деп аталбаса керек. “Hitch” сөзүнүн мааниси англисчеден которгондо “илмекке илүү, кармап алуу” дегенди түшүндүрөт.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 238, 25-31-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан