Индонезиялык жаран короосуна баасы 1,4 миллион фунттук метеорит түшкөндөн кийин миллионер болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
33 жаштагы Жошуа Хутагалунг үйүнүн чатырына көлөмү футбол тобундай болгон метеорит түшкөн учурда короосунда иш менен алектенип жүргөн. Эксперттердин айтымында, 2,2 килограмм салмактагы космостук ташка 4,5 миллиард жыл болгон. Үч балалуу жаран баалуу ташты коллекционерге сатты. “Мен короодо жүргөм. Катуу үндү укканда коркуп кеттим. Биздин үйгө бак кулагандай эле болду. Асмандан түшкөн таш колго кармап турууга мүмкүн болбогондой ысык эле”,- дейт ал.
Бул баалуу таш үчүн жаран алдыдагы 30 жылдык айлыгын алды. Ал буга чейин табыт жасоо менен оокат кылган. Ал бул сумманын жарымын чиркөөлөргө жумшоону пландап жатат. “Мен кыздуу болууну кыялданып жүрөм, бул жакшылыктын жышааны болсо керек”,- деп белгиледи ал.
Жолдубек Качкынбаев