“СҮЙҮҮҢДҮ МЕНДЕН КАТПАЧЫ”

“Бири-бирин сүйөрүн түшүнүп турушса да эки адамдын бир пикирге келиши ушунчалык кыйынбы? Керек болсо сүйүп туруп бир болууга мүмкүн эмеспи, кудуретибиз жетпейби буга? Чынында өтө кыйын. Мен бир жерден сени, сен башка жерден мени ойлоп канча таңдарды уйкусуз атырабыз?.. “Мен сага жалдырап барбайм, мен сени оңой эле кечире койбойм”. Ушинтип өзүбүз тарткан азапты гана ойлойбуз. Бул тиреш четинен сезимибизди талкалап кете берет. Тирешебиз, биринчи кадам таштагандан коркобуз. Мейли, жалдырайын, чөгөлөйүн сени өзүмө кайтарышым керек...” Кафеде ойлонуп отуруп капыстан коңшу залдан сени көрдүм. Сен да мени көрдүң, бирок көрмөксөнгө салдың. Мен сага жеткенче күрмөңдү алып шашып сыртка жөнөдүң.

– Суранам, качпачы менден! Эмне эле өзүңдү алып кача бересиң? Мейли кач, бирок канча качпа баары бир жолдор кезигип жатпайбы. Сен менсиз, мен сенсиз жылдарды өткөрүп жатканыбыз менен, ойлорубузду бири-бирибизден бошото алдыкпы? Албетте, жок. Сен мени ойлогон учурда мен сени ойлойм. Ортобуздагы тартылууну сен деле сезип турасың. Оюбузда дайыма биргебиз, ойлор бири-бирибизден бошобойт. Суранам, байкамаксан болбочу, көрмөксөн болуп, мени көмүскөдө калтырганга аракет кылбачы. Мен сенден баары үчүн кечирим сурайм. Баарын түшүндүрүп берем. Баары сен ойлогондой эмес. Мен сени эч кимге алмаштырган жокмун. Жүрөгүмдө дале сен жашайсың, дагы да жашай бересиң.

– Уккум келбейт, коё бер колумду, кайдан келсең ошол жакка кет! Мени жайыма кой!

– Сен качасың, бирок капыстан жолугушабыз. Бул бекеринен эместир. Балким, экөөбүз бирге болгондо гана баары башкача болор? Экөөбүз бир арада болгондо гана сезимдер, жүрөктөр жай алаттыр?

– Эмне дегиң бар? Ортобузда эч нерсе болбогондой баарын уланталы дегиң барбы?

– Мен өткөн күндөрдү унуттуруш үчүн колумдан келгендин баарын жасайм. Мен сени таштап кеткен жокмун, мажбур болдум. Сага зыян келбеши үчүн, эч ким сен жөнүндө билбеши керек эле. Мен сенин зыян тартышыңдан корктум. Сен менден бөлөк адам менен келечегиңди, же жөн эле жетелешип ээрчишип баратканыңды элестеттиң беле?

– ...

– Эмне болду, сен эмне ыйлап жатасыңбы? Ыйлабачы, мындан ары сенин тамчы жашың акпасынчы,- көзүңдүн алдын сүртүп жашыңды аарчыдым. Бетиңе колумдун тийгенине, сага колумдун жеткенине кубандым. Аңгыча сен мени кучактап:

– Чын эле, биз эмне үчүн сезимдерибизди жазалагыбыз келет? Эмнеге жакындоонун аракетин эмес, алыстоонун аракетин көрөбүз? Ооба, билип эле турам. Жүрөгүмдүн абалын түшүнүп эле турам. Сени коё бергим келбейт. Сени башкага ыраа көрө албайм. Ошол эле мезгилде бирге болууга дагы күчүм жетпей жатат.

– Сен мага үмүт бердиң. Мен бул сүйүүнү жашатуу үчүн баарына даярмын. Суранам, сен болгону сүйүүңдү менден катпачы...

Арзы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 938, 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан