КОҢУР КҮЗДӨГҮ КУСАЛЫК

Поэзия

Бут алдыңда шуудураган жалбырактарды тебелеп, сейил бакта жалгыз басып жүрүү өзүнчө ырахат эмеспи. Айлана алтын түскө боёлуп, жалбырактар “акыркы ырын ырдап” жаткан учур акындардын да көз жаздымында калбаптыр. Анда акындардын ыр сабында күз...

ҮМҮТ

Бурул Сарыгулова

Күңүрттөнгөн күз айынын бир күнү,
Басып жүрөм бариктерди тебелеп.
Жоготуунун эстелиги өңдөнүп,
Бул жер мага айыбы жок керемет.

Шуудурашат жалбырактар жазыксыз,
Добушундай көңүлдөгү ызанын.
Күн түнөрөт экинчи бир күлбөстөй,
Шарабынан ичип алып кусанын.

Өзүң жоксуң катарымда буурул күз,
Жүрөк онтойт, тынчы кетет, бөлүнөт.
Күтпө, күтпө, күтпө, кеткин, үмүт үз!
Жалбырактар туш-тушумдан күбүрөп.

Канча жолу шерт бердим мен өзүмө,
Экинчи ирет бул тарапка келбейм деп.
Жөнөйм болбой жолукчудай өзүңө,
Үмүтүмдү ээрчип алып сербеңдеп.


КҮТКӨН КҮЗ

Токтобүбү Султангазиева

Күткөн күзүм турат эшик каккылап,
Чыйрыктырган муздак колдон тарткылап.
Дале талбай издесем да сүйүү жок,
Ойноп коюп мени менен жашынмак.

Кеткен куштун үнү узап алыстап,
Кереметтеп алтын түстөн кымкап жаап.
Канат сынып учпай калган сыяктуу,
Сезимимди жалгыз жүрөм кучактап.

Тереземдин түбүндөгү теректер,
Көз көрүнөө жалбырагы саргайып,
Күз келгенин билдиришип ыргалат,
Алтын болуп күн нуруна чагылып.

Жердин бети сары алтынга боёлуп,
Бүт айлана муздактыкка оронуп.
Жаңылыпмын күздү сулуу эмес деп,
Суктанып мен турам азыр ойлонуп...


АРЗУУ ЫРЛАРЫ

Омор Султанов

Жалбырактар куурап бара жатышат,
Жазмышына моюн суна тургансып.
Аны көрүп жүрөк аста ачышат,
Айласыздан ылым санап тургансып.

Азда келчү алыскы ызгаар илеби,
Айдарымдын ичке каткан өчү бар.
Жалбырактар аны өздөрү билеби?
Жабалактап учуп жаткан көчү бар.

Аста-секин ызага өтүп күлкүсү,
Ууртунда жылмаюунун изи бар.
Катуу сабыр күтүп турат жер жүзү,
Кантсе да анын кайра келчү күзү бар.

Биз сүйүүнү күзгө окшотпой сүйөлү,
Жай саратан дайым турсун жүрөктө.
Денең балкып турса ошол күнөөбү,
Жылга алмашкыс түбөлүктүү мүнөттө?

ХХХ

Жай күтүп, жай келбесең күзгө калып.
Күз күтүп, күз келбесең күзгө калып,
Ошентип он эки айым өтүп кетмек,
Ошентип ар бир күнүм кайталанып.

Койсо эгер тагдыр сага жолуктурбай,
Таарынбай кыйгач түшкөн жолго ушундай.
Күтмөкмүн келбесең да өмүр бою,
Майдандан жарын күткөн колуктудай.

Өзүңдү жерден издейм, көктөн издейм,
Өкүнүчтө өмүр бою үмүт үзбөй.
Саргарып жалбырагым үзүлмөкпү,
Томсоруп суук күткөн кечки күздөй?

Мен учуп жылдыз жандай, булут жандай,
Алдымда тоскоолдукка эч карабай.
Түшсөм да жол ортого канат кагып,
Кеч күздө калган жалгыз каркырадай.


А.Н.М.га

Кыргыз шаа (Медер Кадыров)

Көңүлдө ыза,
Жаш болуп тамып келет.
Көөдөндө арман,
Дайра болуп ташып келет.
Көкүрөктө муң,
Сел болуп агып келет.

Качан... Качан
Каптаганда кара сел.
Качан гана,
Силкингенде кара жер.
Билип койгун,
Ал менмин!

Таарынып тагдырыма,
Ызаланып жазмышыма.
Баса албай чалынсам да,
Таба албай жаңылсам да,
Жыгылбадым!

Бир күн...
Шооласы үмүттүн,
Күндөрү күтүүнүн,
Жарыгы сүйүүнүн,
Акырын өчүп жатты...

Бир күн...
Көз жашы каректин,
Жаз гүлү жүрөктүн,
Байкалбай соолуп жатты...

Бир күн... Бул күн да өтөр...
Унутпа... Унутсаң да,
Башка бир күн...
Эстетермин өткөн күндү,
Өткөн түндү кайрадан.
Капилеттен чыга калып маңдайдан.

Урушпа... Урушсаң да,
Ызадан буулуксаң да,
Айтарым чын.
Качанкы катаң үчүн,
Адашып калганыңды,
Азапка батканыңды,
Бармак тиштеп өкүнүп,
“Аттиң!” деп жатканыңды.

Ыйлаба... Ыйласаң да,
Жалынып сыздасаң да,
Ал учур кайра келбес,
Тагдыр ал!
Өткөндү кайрып бербес...

Жаңылдың...
Жалындаган жаштыгыңдыр,
А балким, мастыгыңдыр...
Жашоо жалган,
Билем аны.
Сен да жалган,
А бирок бир
Чындык билем,
Жүрөгүңдө түбөлүк жашайт арман!


КАНДАЙ ПАЙДА?

Зейне

Алганың барктап-баалап түшүнбөсө,
Турмуштун жүгүн кошо көтөрбөсө.
Күздөгү жалбырактай дирилдетип,
Энчиңе жалаң гана таяк бөлсө.

Артыңа жөлөк болуп тура албаса,
Жаркылдап бирге өмүр сүрө албаса.
Жан багып жалгыз гана өзү үчүн,
Жарына, балдарына карабаса.
Аталык ак сүйүүсүн арнабаса,
Айткылачы, анда кимге андан пайда?

Балдарга насаат сөзүн айта албаса,
Балпайып төрдөн орун ала албаса.
Ырысын көтөрө албай кумдай чачып,
Турмуштун арабасын тарта албаса,
Айткылачы, ал адамдан кандай пайда?


Жан дүйнө жаңырыгы

КҮЗДӨЙ МЭЭРИМДҮҮ, КҮНДӨЙ ЖЫЛУУ...
...Бир жерден “адамдардын мүнөзү жыл мезгилине окшош болот” деп окуганым бар. Эгерде ошол чын болсо, мен сени күзгө окшотом. Берекелүү, мээримдүү күз. Билем, күлкүлүү салыштыруу. Бирок чындык!
Канаты сынган куштай турмуштун бороонуна урунуп жүргөн учурумда кезиктиң. Боюңа тартып жылыттың, баарынан үмүтүм үзүлүп баратканда жашоого кайрыдың. Жакшы сөзүңдү аябай “жакшысың, акылдуусуң, сулуусуң” дегенден тажабадың. Кайдагы акыл?.. Эгерде мен акылдуу болсом, сендей адамды колумдан чыгарбас элем. Эгерде менин көкүрөгүмдө эмне ой жатканын билген болсоң, сен менден алты чакырым алыс качат белең? Сени жөн гана пайдаланып жүрөт окшойм деген ойдон өзүмдүн дилим ооруп кетет. Туура эмес кылып жатам. Бирок сени аябай жакшы көрөм. Бул сүйүү эмес, тек көнүп калуу. Дилимди ооруткан да ушул нерсе. Кантсе да сезимиме, жүрөгүмө от коё албадың. Сезимим шолоктоп, көңүлүм коңултуктайт.
Кучактасаң кучагың, сүйлөсөң сөзүң, жылмайсаң күлкүң меники эмес... Меники эмес. Ошол меники эместен жаным жаман жанчылды. Өзүмдөн өзүм бук болгондо жаныңа барып сай сөөгүңдү сыздаткан сөздөрдү айтып салам. Аны да көтөрүп коёсуң. Эмнеге мындайсың? Жердей көтөрүмдүү, жамгырдай бир сырдуу адамсың. Бир күнү сенин да чыдамың түгөнөттүр... Андан кийин эмне болот?
Ашкере мээримдүүсүң. Ошонуңду жаман көргөнүм менен, байланып калдым. Жипсиз... Бошмун, бирок байлоодомун... Эркекке андай болгон туура эмес деп ойлоп алып, кайра өзүмдү урушам. Анткени сендей бейпил, сендей мээримдүү адамдар бар үчүн жер огунда айланып жатпайбы... Кыйкырып алып, күнөөлүүдөй көзүмдү көтөрө албай отуруп калам. Азыр туруп алып кетип калсаң, артыңдан чуркаарым да бышык. Бирок сен кетпейсиң. “Качан көзүн көтөрөт?” деп отура бересиң. Чыдамдуум менин! Чыдабачы, мендей жиндиге! Мен сага татыктуу эмесмин! Алдыда кандай күндөр болот билбейм, бирок бир кезде жаралуу жандын жан азыгы болгонуңду эстей жүр.
Сенин жарыгың...

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 414, 8-14-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан