ЧӨӨЛӨР АДАМДЫ ЖЕП САЛЫШТЫ

Африканын Мвума шаарында уктап жаткан кишиге чөөлөр кол салып, аны тирүүлөй жеп салышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кол салуу Чируманзу кыштагында болгон. Жаратылышты коргоо мекемесинин өкүлүнүн айтымында, 87 жаштагы Тендай Масеки чөөлөр ага кол салган маалда кепесинде жалгыз болгон. Чөөлөр аны жашаган жеринен 300 метрдей алыстыкка чейин сүйрөп барып жешкен. Маркум 19-ноябрда жерге берилди. Токойчулар кооптуу жырткычтарга аңчылык кылууну башташты. Алар жергиликтүү тургундарды этият болууга, күндүз гана эшикке чыгып, үйлөрдүн эшик-терезелерин жабык калтырууга чакырышты. Мекеменин өкүлү 2020-жылы Зимбабведе адамга чөөлөр кол салып, анын кесепетинен киши каза болгон окуя 60тай экендигин белгилеген. Анын айтымында, өлкөдө кургакчыл мезгил өкүм сүрүүдө.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 938, 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан