ТҮСТҮҮ 3D-РЕНТГЕН СКАНЕРИ ИШКЕ КИРДИ

Жаңы Зеландиянын “Mars Bioimaging” компаниясы Mars Microlab 5X120 медициналык аппаратын – түстүү үч өлчөмдүү рентген сканерин даярдап чыкты. Сканерде жогорку тактык менен өлчөөчү Medipix3 чипи орнотулган, бул компаниянын ойлоп тапкан өзгөчөлүгү болгон. Ал чипте белгилүү маалыматтар камтылып, ошого жараша ар бир тканды түсүнө жараша автоматтык түрдө боёп берет. Мисалы, сөөктөр ак, майлар сары, булчуңдар кызгылт түстө, ал эми импланттар жашыл же көк түстө берилет. Ошондой эле майда кан тамырларды да көрсөтөт.

Аппарат 2021-жылдан тартып ондогон өлкөдө клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүп баштайт. Жабдык ооруларды так аныктап, туура дарылоо жүргүзүүгө чоң салымын кошору айтылууда.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 938, 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан