Түндүк Кореянын “Dreamtech” компаниясы “Электрондук мурун” аппаратын тестирлөөдөн өткөздү. Бул электрондук аппаратты ПЦР-тесттин ордуна колдонуу иштин натыйжалуулугун арттырат. Анткени аны менен адамдын дем алуусун текшерген учурда вирустук бөлүкчөлөр учуп жүргөнү көрүнүп, 30 секунддун ичинде коронавирус инфекциясынын бар-жогу аныкталат. Орусиянын башкы пульмонологгу Сергей Андреев ПЦР-тесттин кымбаттыгын, жыйынтык чыгаруу көп убакытты аларын, ошондой эле кээ бир вирус алып жүрүүчүлөрдө вирус жок деп көрсөтүп жатканын белгиледи. Ал эми бул аппарат коронавирусту симптомсуз алып жүрүүчүлөрдө да COVID`дин бар экенин аныктайт.
Компания аппаратты массалык түрдө чыгарып, жайылтууга даярданып жатат.
Асел Ишенбай кызы