ӨЗГӨЧӨ ТҮСТӨГҮ ӨСҮМДҮКТӨР

Биз базардан же дүкөндөн көргөн мөмө-жемиштердин белгилүү бир түсү бар. Мисалы, кулпунай кызыл, лайм жашыл жана банандын түсү сары. Бирок жер бетинде биз көрүп жүргөн өсүмдүктөрдүн өзгөчө түстөгүлөрү да кездешет.

КЫЗЫЛ БАНАН

Адатта сары же болбосо жашыл банандарды көрүп жүрөбүз. Бирок кабыгы күрөң-кызгылт, ал эми мөмөсү күлгүн түстөгү банан да бар экенин билесизби? Кызыл банандын кадимки сары банандан айырмасы – анын кабыгынын түсү. Бул түстүн негизги себеби – кызыл бананда бета-каротин пигментинин көп болушу. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, кызыл бананда калийдин көлөмү сары банандан 10 эсе көп. Дагы бир олуттуу айырмачылык – канттын өлчөмү. Кызыл бананды кант диабети менен ооругандар пайдаланууга болбойт, анткени бул жемишти жегенден кийин кандагы канттын көрсөткүчү кескин жогорулап кетет. Кызыл банандарды да сары түстөгү банандардай эле колдонушат, аларды чийкилей жешет, жемиш салаттарына кошушат. Бананды кесип кургатып, кууруп, гарнир катары да колдонушат.

АК КУЛПУНАЙ

Ак кулпунайды Япониядан кезиктирүүгө болот. Ал “white jewels” деп аталат. Анын бир даанасы 10 доллар турат. Ак кулпунайлар ичи-сырты менен аппак. Булар быша электей көрүнгөнү менен, кадимки кулпунайдан таттуу. Ар бир мөмөсү өзүнчө таңгакталат. Ак түс Японияда аруулуктун, тазалыктын символу болуп саналат. Ак кулпунай кант диабетин, бөйрөк патологиясын жана Альцгеймер оорусунун алдын алат. Мөмө минералдык заттарга бай. Анда магний, кальций, жез, натрий, селен, темир, фосфор, марганец жана цинк бар.

СЫЯ-КӨК (ФИОЛЕТОВЫЙ) КАРТОШКА

Бул картошка канчалык таң калычтуу жана көзгө чоочун көрүнбөсүн, ал эч кандай зыяндуу эмес. Болгону өзгөчө сорт деп кабыл алышыбыз керек. Ал Түштүк Америкада пайда болгону болжолдонуп жүрөт. Бүгүнкү күнгө чейин пайдаланылат. Бул сорт алгачкылардан болуп 1812-жылы француз жазуучусу Александр Дюманын эмгегинде эскерилет. Ал картошканын эң мыкты сорту – сыя-көк деп белгилеген. Өзгөчө түсүнөн сырткары бул витаминдерге бай өсүмдүк болуп саналат. Анын курамында көптөгөн кальций, калий, крахмал, ошондой эле А, В1, В2, В5, В6, С, Е жана К витаминдери кездешет. Пайдасын билгендер картошканын ширесин чийки ичишет. Ал ашканада кеңири колдонулуп келет.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mubarak
2020-11-30 20:11:21
Бул дуйнодо емнелер Гана жок.Кудайымдын жараткан момосуда
+2
№ 938, 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан